Али Эмиринин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-20

1995119
Али Эмиринин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бул чыгарылышында белгилүү түрк интелегенти Али Эмиринин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Акын, жазуучу, тарыхчы, библиограф жана китепканачы Али Эмири 1857-жылы Осмон Дөөлөтүнүн карамагындагы Диярбакыр шаарында жарык дүйнөгө келген. Али Эмири 1880-1908-жылдары Осмон Дөөлөтүндө ар кыл мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал 1924-жылы 23-январда Стамбулда каза болгон. Анын сөөгү Стамбулдагы Фатих мечитинин жанындагы мазарга көмүлгөн. Али Эмири араб, фарс тилдерин жакшы билген. Ал ар кыл темада жазылган ондогон эмгектердин автору болгон.

Эмири китептерди, кол жазмаларды чогултканды жакшы көргөн. Стамбул шаарында Улут (Миллет) китепканасын түптөп, аты аталган китепканага 16 миңден ашуун китебин белек кылган. Анын эс тутуму күчтүү болгондугу, жүз миң бейтти (эки саптан турган ыр түрмөгүн) жатка билгендиги айтылат.

Али Эмиринин кыргыз таанууга кошкон салымы, Барскоондук Махмуд жазып калтырган “Дивану лугати т-түрк” эмгегин кайрадан илим дүйнөсүнө таанытып, китепке экинчи жашоосун тартуулаганы десек жаңылышпайбыз. Эмири 1912-жылы Стамбулдагы эски китеп базардан (Сахафлар чаршысынан) “Дивану лугати т-түрк”түн кол жазма копиясын көрүп калып, карыздап кол жазманы 30 лирага сатып алган. Эскерте кетсек, Осмон Дөөлөтүнүн Билим берүү министрлиги “Дивану лугати т-түрк”түн кол жазмасын сатып алуу үчүн анын ээсине 10 лира гана сунуштаган. Ошол жылдары 30 лирага Стамбулда бакчалуу турак жай келмек.

Али Эмири “Дивану лугати т-түрк”түн кол жазмасынын баркын билгендиктен, кол жазма колуна тийгенден кийин ага “отуз лира эмес, отуз миң лира наркы бар” деген баасын берген.

Бурхан Бей аттуу китеп сатуучусуна аты аталган кол жазманы Осмон Дөөлөтүндө үч ирет Каржы министри болуп иштеген Назиф пашанын жакындарынын бири алып келген болот. Кол жазманын Назиф пашанын колуна кантип тийип калганы боюнча маалыматтарга ээ эмеспиз.

“Дивану лугати т-түрк”түн кол жазмасынын барактары иретсиз болгондуктан Али Эмири аны Ахмет Рифат Килислиге иреттеткен. Кийинчерээк Эмири китептин басмага даярдалышын да Килислиге ишенип тапшырган. Ошол учурда Осмон Дөөлөтүнүн өкмөт башчысы болгон Талаат Паша кол жазманын басмага берилишин суранып Али Эмириге кайрылган жана ага өкмөттүн атынан үч жүз лира сыйлык тартуулаган. Бирок Эмири сыйлыкты алуудан баш тартып, ал акчанын жардамга муктаж кишилерге берилишин өтүнгөн. Ошентип бабабыз Барскоондук Махмуддун “Дивану лугати т-түрк” эмгеги 1915-1917-жылдары Стамбулда 3 том болуп эски жазуу менен жарыкка чыккан.

 “Дивану лугати т-түрк”түн кол жазмасы азыркы учурда Стамбул шаарындагы Улут китепканасында N 4189 номери менен сакталып турат. 1941-43-жылдары Бесим Аталай китепти түрк тилине которуп жарыялаган. Түркиянын Маданият министрлиги китептин түпкү нускасын сыртына булгаары каптатып атайын басып чыгарган. Ошентип Барскоондук Махмуттун баа жеткис эмгеги Али Эмиринин баамчылдыгы жана китепке болгон сүйүүсүнүн натыйжасында илим дүйнөсүндөгү ордун алган.

Программаны даярдагандар: Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Aksakal, Ali, “Ölümünün 60. Yılında Kitap Dostu Ali Emîrî Efendi”, Türk Kültürü, 22(250), 1984, s. 25-28.

Atalay, Besim (çev.), Dîvânu Lûgat-it Türk Dizini. “Endeks”, Alaeddin Kiral Basimevi, Ankara 1943. XL+886 s. (3. bs., TTK Yay., Ankara 1991).

Atalay, Besim (çev.), Dîvânu Lûgat-it Türk Tercümesi, C. 1-3. Alaeddin Kiral Basimevi, Ankara 1939-1941. (C. 1. 1939. XXXVI+530 s.; C. 2. 1940. 366 s.; C. 3. 1941. 452 s.). (3. bs., TTK Yay., Ankara 1992).

Atalay, Besim (çev.), Dîvânu Lûgat-it Türk Tıpkıbasımı. “Faksimile”, Ankara 1941.

Atalay, Besim (çev.), Dîvânu Lûgat-it Türk: Tercümesi. “Faksimile”. Endeks. C. 1-5. 5. bs., 2006.

el-Kâşgarî Mahmud b. el-Hüseyin Muhammed.  Dîvânü lugāti’t-Türk. İstanbul Millet Kütüphanesi Ali Emîrî Kitaplığı, Arapça Eserler, nu. 4189.

Kaşgarlı, Mahmud, Kitabu Divanı (Divanü) Lûgat-it-Türk Tıpkıbasım, Kültür ve Turizm Bakanlığı Yay., Ankara 2008.

Tayşi, Mehmet Serhan, “Ali Emîrî Efendi”, İslam Ansiklopedisi, C. 2, İstanbul 1989, s. 390-391.

Tevfikoğlu, Muhtar, Ali Emîrî Efendi, Kültür Bakanlığı Yay., Ankara 1989.

Чоротегин, Тынчтыкбек. Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгеги түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак. Турар басмасы. Бишкек 2017.

 



Тектеш кабарлар