Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-40

1994211
Евразия республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-май күндөрү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Литвада расмий иш сапары менен болду. Литванын президенти Гитанас Науседа менен Илхам Алиев кеңири пикир алышты. Жолугушуунун соңунда тараптар ортосунда үч келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин катышуусунда Литва-Азербайжан иш форуму өттү. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Литванын премьер-министри Ингрида Шимоните менен да жолукту.

Сингапурдун президенти Халима Якуб 22-24-май күндөрү биринчи жолу мамлекеттик иш сапары менен Казакстан жана Өзбекстанда болду. Халиме Якуб Казакстанда жана Өзбекстанда расмий азем менен тосуп алынды. Сингапурдун президенти Халима Якуб Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Казакстан менен Сингапурдун ортосунда 4, ал эми Өзбекстан менен Сингапурдун ортосунда 7 келишимге кол коюлду.

Орусия Федерациясынын Премьер-министри Михаил Мишустин 22-24-май күндөрү Кытай Эл Республикасында иш сапары менен болду. Премьер-министр Мишустин иш сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, премьер-министри Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эки өлкөнүн ортосунда беш келишимге кол коюлду. Иш сапарга байланыштуу чыккан кабарларда Кытай менен Орусиянын ортосундагы төлөмдөрдүн 70 пайызынын рубль жана юань менен жүргүзүлгөнү, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн быйыл 40 пайызга өскөндүгү белгиленди.

24-май күнү Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” деп аталган 2-Евразиялык экономикалык форум болуп өттү. Форумга Орусия,Кыргызстан, Беларусь, Армения жана Казакстандын президенттери жана өкмөт башчылары катышты.

25-май күнү Москвада Евразия Экономикалык Биримдигинин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны гибриддик форматта өттү. Жыйынга Азербайжан, Армения, Өзбекстан, Куба, Тажикстан, Орусия, Беларусь, Армения, Казакстан жана Кыргызстандын президенттери жана өкмөт башчылары катышты. Жыйындын соңунда 14 келишимге кол коюлду.

Аты аталган жыйындын алкагында Азербайжан, Армения жана Орусиянын лидерлери чогулуш өткөрүштү. Чогулуштун соңунда Азербайжан менен Армениянын территориялык бүтүндүгүн өз ара тааныгандыгы жана Зангезур коридорунун ачылышы боюнча макулдашууга жетишилгендиги жарыя кылынды. Владимир Путин үч өлкөнүн вице-премьерлери бир апта ичинде жолугуп, тактала элек маселелерди талкуулай турганын билдирди. Москвага бараардын алдында Армениянын премьер-министри өлкөсүнүн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунан чыгуу маселесинин күн тартибинен түшө электигин  билдирген эле.

25-май күнү Минск шаарында Орусия менен Беларустун коргоо министрлери Сергей Шойгу жана Виктор Хренин Беларуста өзөктүк куралды орнотуу жана тейлөө боюнча документтерге кол коюшту.

 Орусия менен Грузиянын ортосундагы аба каттамдарына салынган тыюунун алынып салынышы грузиялык саясатчылардын ортосунда пикир келишпестиктерге себеп болду. Грузин оппозициясы бул чечимге нааразылыгын билдирип митинг өткөрдү. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили бул чечимди колдобой турганын билдирди. Грузия Аба Жолдорунун президенти Тамаз Гаиашвили президент Зурабишвилини “персона нон грата” деп жарыялашканын жана аны учактарына түшүрбөй тургандарын билдирди. Айрым эксперттер Тбилиси аэропорту Европага транзиттик каттамдар боюнча Стамбул эл аралык аэропортуна атаандаш болот деп билдиришүүдө.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Евразия өлкөлөрүнүн башчылары маанилүү cүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Программаны даярдагандар: Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар