Жакындап келе жаткан шайлоо жана террор менен күрөшүү

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1982750
Жакындап келе жаткан шайлоо жана террор менен күрөшүү

 

Түркия шайлоо үчүн даярданып, ПКК террордук уюмунун лидерлеринин шайлоого катара маалыматтарды берүүсү, Эрдоганга атаандаш  талапкер жана союздаштарды колдоолору көңүлдөрдү бурууда. Натыйжада табиятынан саясий процесстер менен эмес, террор жана зомбулук менен жыйынтыкка жетүүнү көздөгөн ПККнын бул жаңы аракетинде уюмдун ичине кирген чыкпас жол жана жетекчилеринин жок болуу  синдрому экени көрүлүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 ПКК/КЖКнын иш алып баруу кеңешинин мүчөсү болгон Дуран Калкан басма сөзгө маалымат берип, Эрдогандын лидерлигиндеги бийликтин  кулатылышы керектигин ортого салды. Негизинен Түркия шайлоо процессине кирген мезгилде ПККнын дээрлик бардык жетекчилери окшош билдирүүлөрдү жасашты. Жемил Байык, Мурат Карайылан, Бесе Хозат сыяктуу ысымдар АК партия  -  Улуттук кыймыл партиясынын союздаштыгындагы бийликтин кулап, ордуна башка альтернативдин түзүлүшү керектигин баса белгилешти. Ал түгүл  ушунун негизинде маалымат берген Бесе Хозат  14 -  майда боло турган шайлоонун эч бир шайлоого окшобогондугун баса белгилеп, HDPтин Кемал Кылычдароглунун пайдасына талапкер чыгарбашын туура деп тапкандыгын жана шайлоо бүткөнгө чейин « аскердик кыймылдарды» токтотушкандарын айтты. Андан кийин HDP жана запастагы партия катары курулган Жашыл сол партиянын  Кемал Кылычдароглу жана Улуттук альянсы менен болгон мамилеси көңүлдөрдү бурду. ПКК/КЖК укуктук талаадагы саясий уландысы болгон HDP/ Жашыл сол партиясынын Кемал Кылычдароглу менен жолугушуп, түрдүү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында талапкер чыгарбоо жана Кылычдароглун колдоо чечимин чыгарды. Бул жерде ПКК/КЖК террордук уюмунун болгон күчү менен шайлоо процессине  асылып, Эрдоганга  каршы турушу эмне деген мааниге келет?

Табияты боюнча мыйзамдуу саясий системадан, шайлоо процесстеринен алыс болушу керек болгон террористтик уюм эмне үчүн саясий өнөктүккө киришти?

Дуран Калкандын акыркы жасаган билдирүүсү ПККнын бул кыймылын түшүндүрүүдө. Калкан жасаган билдирүүсүндө :  «Эрдоган бизди өлтүрүү үчүн Улуттук Чалгындоо Уюмун мобилизациялады. Тизме тизме атыбызды жарыялашты,  күн сайын өлтүрүп жатышат, эч кимден үн чыкпайт. Медиа коргонуу аймактарында, Бакурда туннелдерде, бардык жерлерде кол салуу астындабыз. Кандилде, Шенгалде, Рожовада өлтүрүлүп жатабыз. Тизме түзүшүптүр. Кызыл тизме, жашыл тизме, боз тизме тактап айтканда ар бир тизмеде отуз – кырк киши бар. Сүрөттөрдү коюшуптур. Булар изделгендердин тизмеси эмес. Тез арада өлтүрүлө тургандардын тизмеси»,- деп негизинен ПКК/КЖКнын кысым астында экендигин, лидерлердин кыймыл кылып, башкара албай турган абалга келгендигин ортого салган болду.

Түркиянын ПКК террордук уюмуна каршы активдүү жана толук  кысымы акыркы жылдарда олуттуу жыйынтыктарды берди. Түркияда дээрлик аракетсиз абалга келтирилген террордук уюм Ирак жана Сириядагы чек ара аскердик операциялары менен позициясын жоготууда. Бирок Дуран Калкандын да айтканындай  жана баса белгилеген башка бир күрөш методун Улуттук Чалгындоо Уюму жүргүзүүдө. Улуттук Чалгындоо Уюмунун жаңы коопсуздук доктринасынын негизинде ПКК лидерлик кадрларын жок кылууга карата баштаган баш кесүү процесси 2015 -  жылдан бери 500гө жакын ысымдын ликвидацияланышына шарт түзүп, уюмдун кыймылында да олуттуу бир өзгөрүүгө себеп болгондугу байкалууда. Дуран Калкандын 18 -  апрелде жасаган билдирүүлөрү да тастыктагандай кыймыл-аракети жана байланыш жөндөмдүүлүгү олуттуу   жабыркаган уюмдун жетекчилигин жок болуу  синдрому деп эсептөө туура болот.

 Ушунун негизинде ПКК/КЖК террордук уюмунун лидерлери  шайлоону өздөрү турган туюктан чыгуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк катары көрүшүүдө. Эрдогандын бийликтен кулатылышы менен терроризмге каршы чечкиндүү позициянын алсырай турганын, Түркиянын Ирак жана Сириядагы аскердик операцияларын токтотуп, укуктук түзүмдөрү бар HDP/Жашыл сол пртиясы күч алып, өлкөнүн чыгыш аймактарында өздөрүнө мейкиндик ачарын эсептеп жатышат. Тилекке каршы, негизги оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун, анын штабынын кээ бир билдирүүлөрү жана HDP/Жашыл сол партия менен болгон мамилеси да ушундай мамилеге мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Бирок терроризмге каршы күрөш Түркиянын саясаттан тышкары улуттук коопсуздук маселеси. ПКК жок болуу алдында турганда, учурдагы коопсуздук доктрина чечкиндүү түрдө улантылышы керек.



Тектеш кабарлар