Буларды билесиздерби?

Чанаккале согушу.

1959761
Буларды билесиздерби?

Чанаккале деңиз жеңишинин дүйнө тарыхындагы эң чоң жеңиштердин бири экендигин билесиздерби ?

Биринчи дүйнөлүк согуштун эң маанилүү фронтторунун бири болгон Чанаккаледеги согуш башталышы жана бүтүшү менен дүйнөлүк тарыхта унутулгус жеңиштин биринчи кадамы болду. Союздаш мамлекеттер 1915 -  жылы Чанаккале кысыгынан өтүп, союздаштары Россияга жардам алып баруу максатында  Британиянын ал учурга чейин эч жеңилбеген деңиз флоту менен бирге Осмон мамлекетине кол салууну жана кол салуу менен Осмон мамлекетин согуштун тышында калтырууну пландайт. Бирок бул союздаш мамлекеттер үчүн пландалган эч нерсе ишке ашпайт. Осмон мамлекети союздаш мамлекеттердин деңиз флотуна каршы 1915 -  жыл  18 -  мартта жеңишке жетишет жана бул жеңиш тарыхка «Чанаккале деңиз жеңиши» деп өтөт.

1916 -  жылы 9 -  январга чейин Чанаккале согуштарында көптөгөн кызыктуу окуялар да катталган. Согушта бир чарчы метр жерге орточо 6000 ок келип түшкөн. Бул көрсөткүч дүйнөлүк согуштун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Абада эки котун кагылышуу ыктымалы 600 миллиондо бир болгонуна карбастан согуш аянтында абдун жакын позицияларда согуш болгондуктан абада кагылышуу менен бири бири менен чырмалышкан ок табылган. Чанаккале согушунда  түрк армиясында эркектер менен бирге жөө аскер жана снайпер аялдар да согушкан. Согуш учурунда ефрейтор Сейит 250 килограммдык үч окту кереметүү күч менен аркасында көтөрүп пулеметко алып келген. 

Согуш аянтын абадан изилдеген бир англис учкуч деңиздин жээктен 50 метрдик аралыгына чейин кыпкызыл кан менен боёлгонун көрөт жана мунун өмүрүндө көргөн эң коркунучтуу  нерсе экендигин айткан. Тараптар чоң жоготууга учураган бул согушта жана башка согуштарда болгон кыйынчылыктын болбошун каалап программабызды Мустафа Кемал Ататүрктүн сөзү менен жабалы : «Улуттун өмүрү коркунучта болбосо  -  согуш бир адам өлтүрүү».

 

 

 



Тектеш кабарлар