Буларды билесиздерби?

Жезди иштетүү өнөрү.

1956868
Буларды билесиздерби?

 6 -  февралда чоң жер титирөө апаатын башынан өткөргөн Кахраманмараштын байыркы мезгилден бери эле  жез кол өнөрчүлүгү менен белгилүү шаар экендигин билесиздерби?

Кылымдар бою бир нече цивилизация өкүмдүк кылган Анадолуда көп түрдүү кол өнөрү да өнүккөн. Булардын бири да «жезден идиш жасоо өнөрү» деп аталган «жез өнөрү». Жездин табылышы жана иштетилишине байланыштуу алгачкы табылгаларга 10 миң жыл мурда Анадолуда кездешилген. Чаталхөйүктөгү казуу иштеринин натыйжасында б.з.ч. табигый жезди иштетип көптөгөн буюмдардын жасалганы байкалган. Балка менен жезди калыпка салып, кооздоп түрдүү ашкана буюмдары жана  оймо-чиймелер жасалган бул салттуу кол өнөрчүлүк бүгүнкү күндө да кеңири уланууда.

Өткөн күндө Анадолуда болгондой эле Марашта да  жез идиштер абдан маанилүү орунга ээ болуп, муундан муунга мурас катары өттү. Кахраманмараштын да эң эски кол өнөрлөрүнүн бири болгон жез иштетүү кол өнөрчүлүк жактан Түркияда абдан чоң мааниге ээ. Жезди иштетүүдө бир топ техниканын колдонулгандыгына карабастан Мараш жез иштетүүнү алдыга чыгарган "татуировка" техникасы. Адамдын кол эмгегине таянган  бул техника узун убакыт жана жумуш күчүн керек кылган бир ыкма. Татуировка ыкмасы колдонулган жез өнөрчүлүгү 1950 -  жылдардан тарта Кахраманмарашта дагы да ылдам түрдө өнүгөт жана жез продукциялар Түркиянын төрт тарабына жибериле баштайт. Көптөгөн жез устасы тарабынан аткарылган бул өнөрдүн издерине Кахраманмарашта дээрлик бардык үйлөрдө кездештирүүгө болот. Ваза, гүлдүн идиши, тепши, казан, мангал, чака жана башка түрдүү декоративдик буюмдар  жез усталары тарабынан жасалган продукциялардын арасында.

Өндүрүлгөн продукциялардын көпчүлүгүн туристтик максатта декоративдик буюмдар түзөт. Татуировка ыкмасы  менен жасалган жез идиштер калың жана бекем болот. Кахраманмарашта өндүрүлгөн жез буюмдарга өлкө тышынан талаптын көп болуу себептеринин бири да ушул.



Тектеш кабарлар