Эдирне мис мөмө самыны

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-26

1952699
Эдирне мис мөмө самыны

Эдирне мис мөмө самыны

Катталган күнү: 09.09.2019

ЭДИРНЕ СООДА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫ

Осмон дөөлөтүндө 17-кылымдан тарта миск, амбер жана роза эссенцияларын аралаштыруу менен жасалган «Эдирне мис мөмө самыны» Эдирне соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2019-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. «Эдирне мис мөмө самыны», Осмон сарайынын буйрутмаларына артыкчылык берилгендиктен тарыхый булактарда «сарай самыны» же «падыша самыны» катары да орун алган. Формасы мөмөнүн өлчөмүндөй болгон жана чыныгы мөмө түстөрүнө боёлгон самынды өндүрүүдө колдонула турган камырга миск, амбер жана роза эссенциялары аралаштырылат. Бир суткага кармалып турган самын камыры чыныгы мөмө-жемиштей бөлүктөргө бөлүнүп, өз-өзүнчө кол менен мөмө-жемиштерге окшоштурулат. Декорациялык аксессуарлар катары чыныгы мөмө-жемиштердикиндей уруктары, жалбырактары же сабактары жайгаштырылат. 3-5 күн тыныктырылып кургатууга калтырылган мөмө түрүндөгү самын, оригиналдуу мөмө түстөрүндө тамак-аш боегу менен боёлуп кайра тыныктырылат. Бул күтүү убакытынан кийин самындар сыймалак кылуучу заттар куюлган казандарга салынып чыгарылат. Толугу менен кургагандан кийин самындар, коргоочу кагаздарга бирден оролуп таңгакталат. Эдирне мис мөмө самыны кургак турса биринчи күндөгү көрүнүшүн 10-15 жыл сактайт.



Тектеш кабарлар