Белгилүү тарыхчы Илхан Шахиндин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-12

1950200
Белгилүү тарыхчы Илхан Шахиндин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу угармандар! «Кыргыз таануу» программасынын бул чыгарылышында белгилүү тарыхчы Илхан Шахиндин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Профессор доктор Илхан Шахин Түркиянын Кыршехир облусуна караштуу Каман районунда жарык дүйнөгө келген. Шахин Стамбул университетинде 1974-жылы магистрдик диссертациясын, ал эми 1981-жылы доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Илхан Шахин- Осмон империясынын тарыхы боюнча адис. Ал Түркиядан сырткары АКШда, Японияда жана Кыргызстанда илимий изилдөөлөр жүргүзүп, студенттерге дарс окуган.

Илхан Шахин 2002-2012-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген. Ал 2003-2011-жылдары аты аталган университеттин Адабият факультетинин деканы кызматын аркалаган.

Илхан Шахин 2007-жылдан бери “Эл аралык Алтай калктары симпозиумуну” Евразиянын ар кыл мамлекеттеринде өткөрүп келүүдө. Аты аталган симпозиумдун сегизинчиси 2019-жылы Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлдү. “Эл аралык Алтай калктары симпозиумуна” кыргызстандык илимпоздор жигердүү катышып келишет. Шахиндин талыкпаган эмгегинин натыйжасында аты аталган симпозиумдарда окулган кыргыз таанууга тиешелүү докладдар басылып чыгып, илим дүйнөсүнө жайылууда.

Шахиндин демилгеси менен “20-кылымдагы кыргыздар: кыргыздардын ооз эки тарыхы (1916-1991)”, “Борбордук Азия элдеринин жандуу тарыхы: Кыргызстандын мисалында” аттуу эл аралык долбоорлор жүзөгө ашырылган.

Шахин 2013-жылы “Көчмөндөр жана көчмөнчүлүк: Кыргыз жана Осмон көчмөн таануу илиминдеги жаңы методдор” аттуу эмгегинде кыргыз көчмөнчүлүгү боюнча баалуу маалыматтарды жана өзүнүн пикирлерин бөлүшкөн. Негизи эле Шахин кыргыз көчмөнчүлүгүнүн тарыхы жана азыркы абалы боюнча эл аралык симпозиумдарда ондогон доклад окуп, кыргыз, англис жана түрк тилдеринде макалалар жарыялаган.

Илхан Шахиндин илимий жетекчилиги алдында Бактыбек Исаков тарабынан даярдалган “XX кылымдын башынан бүгүнкү күнгө чейинки Соң-Көлдөгү жайлоо турмушу”, Женгиз Буяр тарабынан даярдалган “Жунгар хандыгынын социалдык жана маданий тарыхы” жана Гүлжанат Курмангалиева Эржиласун тарабынан даярдалган “Саякатнамаларда Жетисуу аймагында жашаган казактардын жана кыргыздардын социалдык абалы (1854-1917)” аттуу доктордук (PhD) эмгектер корголгон. Али Үнал тарабынан даярдалган “Азыркы кыргыз коомундагы төрөлүү жана өлүмгө байланыштуу каада-салттар жана анын тарыхый издери (Нарын облусу мисалында)”, Бактыбек Исаков тарабынан даярдалган “XVIII жана XIX кылымдарда Саяк уруусунун социалдык жана экономикалык тарыхы”, Кайрат Белек тарабынан даярдалган “Кыргыздардын маданиятында жылкы жана жылкынын орду” жана Бактыгүл Батырбекова тарабынан даярдалган “XVIII жана XIX кылымдардагы Багыш уруусунун тарыхы” аттуу магистрдик диссертацияларга Илхан Шахин илимий жетекчи болгон. Бул илимий эмгектердин жарымы китеп болуп басылып чыккан. Маалыматтардан көрүнүп тургандай эле, Шахин көптөгөн кыргыз жаштарынын илим жолуна түшүшүнө салым кошкон.

Илхан Шахиндин эмгектери жогору бааланып, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган.

Кыргыздарга “бир тууганым” деп кайрылган Илхан Шахиндин ала-тоолуктардан жардамын аябагандыгы көпчүлүккө маалым.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Şahin, İlhan, “Clan and Kindship Networks in Kyrgyz Society according to the Oral Sources”, Central Asian Studies: History, Politics and Society. 2007.

Şahin, İlhan, “Cultural Values Extending Along the Silk Road: The Family and Home in Kyrgyz and Ottoman Anatolian Nomads”, Turkic Civilization Studies I. In Commemoration of Professor Karybek Moldobaev, İstanbul 2015, p. 127-134.

Şahin, İlhan, “International Migration in Post-Soviet Kyrgyzstan: The Case of Voronsovko Village”, Демографическое пространство Азии: история, современност, гипотезы будушего. Новосибирск 2014, p. 195-204.

Şahin, İlhan, “Kırgız Ailesi ve Sosyal Yapısı”, Tsukuba Daigaku Chuo Ajia Kenkyukal, The First Memorial Meeting, 2006.

Şahin, İlhan, “Kırgız ve Moğol Göçebeliğinde Çadır”, Altay Toplulukları: Gelenekler-Görenekler-Töreler-Yasalar, TDBB Yay., İstanbul 2022, s. 287-300.

Şahin, İlhan, “Kindship Relations in Kyrgyzstan after the Transition Period”, International Seminar: Eurasia Twenty Years After 1991 in Retrospect. 2011.

Şahin, İlhan, “National Identity in Nomadic People: The Case of Kyrgyz Nomads”, International Conference on Twenty Five Years of Post-Soviet Experience: Perspektive of Nation Building and Democratisation in Eurasia. 2016.

Şahin, İlhan, “Nomads and Identity: the Case of Kyrgyz and Ottoman Nomads”, 21th Symposium of the Committee International pre-Ottomans and Ottomans. 2014.

Şahin, İlhan, “Osmanlı-Kırgız Göçebe Hayatında Sosyo-Kültürel Yapılanmalara Dair”, CIEPO Interim Symposium. The Central Asiatic Roots of the Ottoman Culture. İstanbul 2014, s. 267-274.

Şahin, İlhan, “Religious and Belief Rituals Among the Kyrgyz in the Light of Recollections”, New Horizons in İslamic Area Studies: Asian Perspectives and Global Dynamics. 2015.

Şahin, İlhan, “Religious Life of Kyrgyz People According to Oral Material”, Kazakhstan, Kyrgyzstan, and Uzbekistan Life and Politics during the Soviet Era, 2017, p. 67-80.

Şahin, İlhan, “Sözlü Tarih Kaynaklarına Göre Avrasya Göçebe Gruplarının Oluşum Süreci: Kırgız Göçebeleri Örneği”, International Conference on Central Eurasian Studies: Past, Present and Future. 2009.

Şahin, İlhan, “Transformation of Baatyr: In the Formation of Nation State in Kyrgyzstan”, International Seminar: The State in Eurasia, 2012.

Şahin, İlhan, “Transition and Kyrgyz Pastoralism: Everyday Life in Suusamir Summer Quarters”, International Seminar Communities, Institutions and ‘Transition’ in Post 1991 Eurasia. 2010.

Şahin, İlhan, “Urban-Rural Relations in the Transition Period: The Case of an Animal Bazaar in Kyrgyzstan”, Post-Soviet States: Two Decades of Transition and Transformation. 2011.

Şahin, İlhan, Nomads and Nomadism: New Approaches in Kyrgyz and Ottoman Nomadic Studies, NIHU Program Islamic Area Studies, 2013.

Шахин, Илхан. Байбиче жана бийлик. Курманжан датка-выдающийся политический и общественный деятель кыргызского народа. 2011.

Шахин, Илхан. Түрк мамлекеттериндеги адилеттүүлүк түшүнүгү: Осмон мамлекетинин мисалында. Түрк цивилизациясы жана мамлекеттик салты. Бишкек 2006, 201-209-б.



Тектеш кабарлар