Афродисиас  байыркы шаары

Байыркы Афродисиас шаарын белгилүү фотограф Ара Гүлердин кокусунан тапкандыгын билесиздерби?

1948083
Афродисиас  байыркы шаары

 

  1958 -  жылы журналист болуп иштеген Ара Гүлер бир командировкасында жолунан адашып калат. Эс алган айылда тарыхый колонналарды, скульптураларды көрүп, сүрөткө тартат. Ара Гүлер тарткан бул сүрөттөр дүйнөдөгү эң маанилүү басылмалардын жана ЮНЕСКОнун көңүлүн бурат. Гүлердин эмгеги жана дүйнөлүк басма сөздүн кызыгуусу менен бул тарыхый урандылардын биздин заманга чейинки 5 - кылымда курулган байыркы Афродисиас шаарына таандык экени билинет.

Байыркы Афродисиас шаары Батыш Анадолуда Айдын облусунун Каражасу районунда Гейре айылына жакын жерде жайгашкан. Афродисиас, аты айтып тургандай, сүйүү жана сулуулук кудайы Афродитага арналган жана «Афродитанын жери жана аймагы» дегенди билдирет. Рим доорунда Афродита храмы менен белгилүү болгон жана өнүккөн шаар. Ара Гүлер байыркы шаарды ачкандан кийин археолог профессор доктор Кенан Тевфик Эримдин жеке демилгелери менен Афродисиаста чалгындоо жана казуу программасы башталат. Афродисиас казууларын жүргүзгөн профессор доктор  Кенан Тевфик Эрим 1990 - жылы көз жумганга чейин Нью - Йорк университетинин классикалык доор профессору жана Афродисиас казуу иштеринин жетекчиси катары кызматын улантты.

Байыркы шаардын ибадатканасы, мончо жана агора, стадион, 8000 орундуу театр, Рим - Византия доорунун ортосунда курулган дубалдар, акрополь жана одеон бүгүнкү күнгө чейин сакталган курулуштар. Узундугу 270 метр жана 30 000 көрүүчүгө ылайыкталган, дүйнөнүн эң маанилүү байыркы курулуштарынын арасында көрсөтүлгөн урандылардын эң жакшы сакталган кереметтүү иштеринин бири шаардын түндүгүндө жайгашкан стадион.

Казууларда ортого чыгарылган экспонаттар көргөзмөгө коюлган жана уранды жери менен жанаша турган аз кездешкен музейлердин бири болгон Афродисиас музейинде Рим, Византя жана Эрте ислам доорунун экспонаттары көргөзмөгө коюлган.

2004 -  жылы адистерден турган жюри тарабынан «Мыкты он байыркы шаар» тизмесинде орун алган Афродисиас уранды жери, ЮНЕСКОнун 2017 -  жылы Дүйнөүк мурас тизмесине катталган.

 



Тектеш кабарлар