Борбор Азия республикаларында болгон маанилүү окуялар

Евразия күндеми-23

1941297
Борбор Азия республикаларында болгон маанилүү окуялар
Sadır Caparov-Şevket Mirziyoyev 23.jpg
Sadır Caparov-Şevket Mirziyoyev 21.jpg
Sadır Caparov-Şevket Mirziyoyev 19.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда өткөн аптада Борбор Азия республикаларында болгон маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада Борбор Азия түрк республикаларында маанилүү окуялар болду. Алардын эң негизгиси Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапары десек жаңылышпайбыз.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев үстүбүздөгү жылдын 26-27-январь күндөрү мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанда болду. Президент Мирзиёевди аэропорттон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзү тосуп алды. 27-январда эки өлкөнүн президенттери тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда эки өлкөнүн ортосунда чек араларды тактоо жана көп тармактуу стратегиялык кызматташуу сыяктуу жалпысынан 25 келишимге кол коюлду. Ошентип Тажикстандан башка Борбор Азия республикалары жалпы жонунан чек ара маселелерин өз ара чечип алышты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алдында Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. 24-январда Ташкентте болгон кабыл алууда Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) иши талкууланды.

Түрк Республикаларынын дагы бир маанилүү уюму болгон Түрк инвестиция фондунун төрагасы Багдад Амреев өткөн аптада Венгрияга барды. Багдад Амреев Будапештте Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сиярто, вице-премьер-министр жана каржы министри Михали Варга менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Премьер-министр Орбан Багдад Амреевди «Венгриянын мамлекеттик ордени» менен сыйлады.

24-январда Ташкентте Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 26-жыйыны өттү. Жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери катышты. Ушул эле күнү Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Түркиянын, Азербайжандын, Ирандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

18-январда Казакстан, 25-январда Өзбекстан Газпром менен жаратылыш газы боюнча кызматташуу келишимине кол койду. Батыш өлкөлөрүнө экспорту токтогон Орусия Чыгыштагы өнөктөштөрү менен кызматташууга басым жасоодо.

23-январь күнү Казакстандын парламентинин төрагасы Маулен Ашимбаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бишкекте Маулен Ашымбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушту. Эки өлкөнүн парламенттеринин төрагалары Чыңгыз Айтматов форумуна катышышты. 24-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстандын парламентинин төрагасы Ашимбаевди кабыл алды.

24-январь күнү Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев Саха Республикасынын Президенти Айсен Николаев менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

21-январь күнү Борбор Азиянын бир башка өлкөсү Түркмөнстанда парламенттин эки палатасы бириктирилди. Жаңы түзүлгөн “Халк Маслахатинин” төрагасы болуп Гурбангулы Бердымухамедов шайланды. “Халк Маслахати” ошол эле күнү Гурбангули Бердымухамедовду “Улуттун лидери” деп жарыялады. Мындан ары Гурбангули Бердымухамедов коомчулукка кайрылуу жасаганга, партиянын курултайында сөз сүйлөгөнгө укуктуу болуп калды. “Халк Маслахати” Президент Сердар Бердымухамедовго “Армиянын генералы” наамын ыйгарды.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Борбор Азия республикаларында түрк республикаларынын кызматташтыгын бекемдей турган маанилүү окуялар болду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар