Белгилүү түрколог Фикрет Түркмендин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-11

1939221
Белгилүү түрколог Фикрет Түркмендин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында белгилүү түрколог Фикрет Түркмендин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

 Профессор, доктор Фикрет Түркмен 1945-жылы Түркиянын Йозгат облусунда жарык дүйнөгө келген. Ал 1967-жылы Эрзурум шаарындагы “Ататүрк” университетинин Түрк тили жана адабияты кафедрасын аяктаган. 1968-жылы аты аталган университетте эмгектене баштаган. Ал 1972-жылы Стамбул университетинде доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Түркмөн 1978-2012-жылдары Эгей университетинде эмгектенген. Ал азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Фикрет Түркмен 1992-жылы Түрк дүйнөсүн изилдөө институтун куруп, ал жерде 20 жыл мүдүрлүк кызматты аркалаган. Бул институтта анын жетекчилиги алдында кыргыз фольклору жана адабияты багытында ондогон изилдөөлөр жасалган.

Түркмендин жетекчилиги алдында 1997-2008-жылдар аралыгында “Түрк дүйнөсүнө тиешелүү эпостордун түрк тилине которулуп жарыяланышы долбоору” жүзөгө ашырылган. Бул долбоордун алкагында кыргыздардын эпостору да түрк тилинде жарык көргөн. Мисалга алсак, Шурубу Ураимова которгон “Манас”, Гүлсине Узун жана Баки Бора Ханча которгон “Кожожаш”, Али Өзгүн Өзтүрк которгон “Меңдирман” эпостору Түркияда жарыяланган.

Фикрет Түркмен 1995-жылы “Манас” эпосу боюнча Түркияда түрк тилинде эки китеп жарыялаганга жетишкен. Кеңеш Жусуповдун кара сөз түрүндө жазган “Манас” эпосун Фикрет Түркмен Алимжан Инайет менен бирге түрк тилине которуп жарыялаган. Аты аталган китеп 2017-жылы “Беңгү” басмаканасы тарабынан кайрадан басылып чыккан. Түркмен “Манас” эпосу боюнча жарыялаган экинчи китебинде, Манас таануу багытында дүйнөдө жарыяланган салмактуу макалаларды түрк окурмандардын жана илимпоздордун пайдаланышына шарт түзгөн. Түркмендин “Манас” таанууга кошкон салымы жогору бааланып 1995-жылы “Манас-1000” ордени менен сыйланган.

 Гүлнара Исмаилова тарабынан даярдалган “Кыргыз юмору жана юмор түрлөрү”,  Шурубу Ураимова тарабынан даярдалган “Манас эпосунун тарыхый катмары”, Исмаил Туран Каллимжи тарабынан даярдалган “Эгемендүүлүктөн кийинки азыркы кыргыз поэзиясындагы улут темасы” аттуу доктордук (PhD) эмгекке жана Айгерим Дыйканбаева тарабынан даярдалган “Кожожаш эпосунда шаманизм элементтери”, Белгин Тургут тарабынан даярдалган “Сарынжы-Бөкөй, Кедейкан (Көр уулу менен байланыштуу кыргыз эпостору)”, Уланбек Алимов тарабынан даярдалган “Кыргызстанда акындык өнөрү жана акындык мурасы”, Жейда Өйке тарабынан даярдалган “Кыргыздардын кенже эпосу Бакты Болот”, Жылдыз Алимова тарабынан даярдалган “Жоодарбешим эпосу (тилдик жана стилистикалык анализ)” аттуу магистрдик диссертацияларга Фикрет Түркмен илимий жетекчи болгон. Бул илимий эмгектердин жарымы Түркияда китеп болуп басылып чыккан. Маалыматтардан көрүнүп тургандай эле, Түркмен көптөгөн кыргыз жаштарынын илим жолуна түшүшүнө салым кошкон.

Фикрет Түркмен 1997-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясына мүчө болуп кабыл алынган. 1998-жылы Чүй университетинин ардактуу профессору наамына татыган. Ал ЮНЕСКОнун колдоосу менен 1999-жылы Бишкекте ачылган Эл аралык дүйнө калктары эпостору коомунун мүчөсү болуп шайланган.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Fikret Türkmen Armağanı. Kanyılmaz Matbaası, İzmir 2012.

Prof. Dr. Fikret Türkmen Kitabı. Ege Üniversitesi Basımevi, İzmir 2005.

Türkmen, Fikret, “Divanü Lugati’t-Türk’teki Etnonimler”, Kaşgarlı Mahmud Bilimsel Türkolojinin Kurucusu, 21-22 Şubat, Aşgabat 2008.

Türkmen, Fikret, “Günümüz Halk Şiirinde Kullanılan Şekil ve Türlerin Dîvânü Lûgati’t-Türk’teki İlk Örnekleri”, Dîvânü Lûgati’t-Türk Bilgi Şöleni Bildirileri, 7–8 Mayıs 1999, Türksoy Yay., Ankara 1999, s. 30–35.

Türkmen, Fikret, “İlk Türk Dili Öğreticisi ve Folklor Derleyicisi Olarak Kaşgarlı Mahmut’un Metodu Hakkında”, VI. Uluslararası Türk Dil Kurultayı, 20-25 Ekim, Ankara 2008.

Türkmen, Fikret, “Manas Destanı ve Anadolu’da Yaşayan Bazı Âdet ve İnanmalar ile İlişkileri”, Manas Destanı ve Etkileri Uluslararası Bilgi Şöleni Bildirileri, 21–23 Haziran 1995, Atatürk Kültür Merkezi Başkanlığı Yay., Ankara 1995, s. 259–268.

Türkmen, Fikret, “Er Töştük Destanındaki Stereotype Motiflerin Analizleri”, Türk Dünyası İncelemeleri Dergisi, Ege Üniversitesi Basımevi, C. VI, S. I, İzmir 2005, s. 235-239.

Türkmen, Fikret, “Kırgızistan’da Ata Kültü ve Kutsal Yerler”, Uluslararası Türk Dünyası İnanç Önderleri Kongresi Bildirileri 23-28 Ekim, Ankara 2001, s. 867-872.

Türkmen, Fikret, “Kopuz”, Türk Dili ve Edebiyatı Ansiklopedisi (Devirler/İsimler/Eserler/Terimler), C. 5, Dergâh Yay., İstanbul 1982, s. 394–395.

Türkmen, Fikret, “Manas Destanı ve Anadolu Halk Hikâyeleri”, Uluslararası Manas Destanı Sempozyumu, 27–28 Ağustos Bişkek 1995.

Türkmen, Fikret, İnayet, Alimcan, Manas Destanı, Atatürk Kültür Merkezi Başkanlığı Yay., Ankara 1995.

Türkmen, Fikret, Manas Destanı Üzerine İncelemeler - Çeviriler I, TDK Yay., Ankara 1995.

SÖZCÜK SAYISI: 611

 



Тектеш кабарлар