Белгилүү түрколог Ахмет Бурандын кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-9

1929583
Белгилүү түрколог Ахмет Бурандын кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү уктуруусунда белгилүү түрколог Ахмет Бурандын кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу  кеп салабыз.

Түркиялык белгилүү түрколог Ахмет Буран 1962-жылы Элазыг облусунун Төмөнкү Чакмак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1984-жылы Фырат университетин аяктаган. 1985-жылы өзү аяктаган университетте эмгектене баштаган. Буран 1989-жылы Фырат университетинде доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2001-жылы профессор болгон Ахмет Буран азыркы учурда да аты аталган университетте кыргыз тилинен сабак берет.

Ахмет Буран 2003-2005-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеген. Анын кыргыз таанууга болгон кызыгуусу ошол жылдары ойгонгон. Бишкекте иштеп жүргөн жылдары шаардагы башка университеттерге каттап студенттерге дарс окуган. Буран Кыргыз улуттук илимдер академиясына караштуу Тил илими институтунун жана Айтматов академиясынын мүчөсү болуп саналат. Ахмет агайдын кыргыз тили, кыргыз тилчилери, кыргыз адабияты, кыргыз адабиятчылары, “Манас” эпосу боюнча изилдөөлөрү бар.

Бурандын “Окко тизилген түркология” аттуу китебинде Ишанаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Ажыман Шабданов, Султан Курманов жана Осмонкул Алиев аттуу Совет доорунда репрессияга кабылган илимпоздору жана Үркүн, “Манас” эпосу тууралуу маалыматтар бөлүшүлгөн. Китептин мукабасында Ата-Бейиттеги эстелик колдонулган. Аты аталган китеп Түркияда беш жолу кайра басылган.

Ахмет Буран атайын долбоордун негизинде Түрк дүйнөсүнүн тилчилерин түркиялык окурмандарга таааныткан 4 томдук эмгек жарыялаган. Аты аталган эмгекке белгилүү кыргыз тилчилер тууралуу маалымат киргизилген.

Ахмет Буран Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча бир нече илимий макалалар жазып жарыялаган. Эл аралык илимий конференцияларда Айтматовду ар тараптан тааныткан докладдар окуган.

Ышын Билге Каган Селчук тарабынан даярдалган “Морфо-синтаксисттик жана семантикалык жактан кыргыз тилиндеги мамиле категориясы” аттуу доктордук (PhD) эмгекке жана Гүлзада Нармаматова тарабынан даярдалган “Молдо Нияз: санаты дигар (астар) текст-иликтөө-сөздүк”, Ышын Билге Каган Селчук тарабынан даярдалган “Ош облусу Өзгөн району айылдарында жашаган түрктөрдүн диалекттери: (иликтөө-текст-сөздүк)”, Мехмет Өзерен тарабынан даярдалган “Кыргыз тилинде үнсүздөр жана анын функциясы” аттуу магистрдик диссертацияларга Ахмет Буран илимий жетекчи болгон.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Alkaya, Ercan, “Prof. Dr. Ahmet Buran Hayatı ve Eserleri”, Turkish Studies, 4(8), 2009.

Buran, Ahmet, “Çok Dilli Toplumlarda Dil ve İletişim Sorunları- Kırgızistan Örneği”, I Uluslararası İpek Yolu Tarih ve İletişim Sempozyumu, Bişkek 2004.

Buran, Ahmet, “Kırgız Türkçesinde Ses Uyumlarının Sebep Olduğu Ses Değişmeleri”, Uluslararası Türk Lehçe Araştırmaları Dergisi, S. 1(1), 2017, s. 1-11.

Buran, Ahmet, “Metin-Bağlam İlgisi Bakımından Ak Gemi’de “Babalık” Kavramı ve Baba-Çocuk İlişkisi”, Türk Dünyası Dil ve Edebiyat Dergisi, S. 27, 2009, s. 49-59.

Buran, Ahmet, “Kırgızistan’da Sovyet Rus Katliamı ve Cengiz Aytmatov”, Türk Edebiyatı, 1, 2008.

Buran, Ahmet, “Kırgızistan’daki Dillerin Bugünü ve Geleceği”, Türk Yurdu, S. 216, Ağustos 2005, s. 31-32.

Buran, Ahmet, “Manas Destanı, Törekul Aytmatov ve Çon Taş Katliamı”, Kardeş Kalemler, 2007.

Buran, Ahmet, Kurşunlanan Türkoloji, Akçağ Yay., Ankara 2016.

Narmamatova, Gülzada, Sanat-ı Digerestter (Metin-İnceleme-Dizin), Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, Bişkek 2005.

Özeren, Mehmet, Kırgız Türkçesinde Ünsüzler ve Ünsüz Olayları, Fırat Üniversitesi, Elazığ 2008.

Selçuk, Işın Bilge Kağan, Oş İli Özgön İlçesi Köylerinde Yaşayan Türklerin Ağızları (İnceleme-Metin-Sözlük), Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi, Bişkek 2005.

Türkiye Dışındaki Türk Dünyası Türkologları, Akçağ Yay., Ankara 2019.

SÖZCÜK SAYISI: 463

 



Тектеш кабарлар