2022-жылы Евразия чөлкөмүндө кандай окуялар болду?

Евразия күндеми-19

1928723
2022-жылы Евразия чөлкөмүндө кандай окуялар болду?

 Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда 2022-жылы Евразия чөлкөмүндө кандай окуялар болгону тууралуу кеп салабыз.

Орусия-Украина согушу 2022-жылдын эң маанилүү окуясы болду деп айта алабыз. Орусия Украинага 24-февраль күнү кол салды. Акыркы 10 айда жүз миңден ашуун адам кагылышуулардан жана аскердик чабуулдардан улам каза болду. Миллиондогон адамдар үйлөрүн жана өлкөлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Орус армиясынын чабуулдарынын натыйжасында Украина урандыга айланды. Эл аралык аренадагы жаатташуу ачык-айкын билинип калды. Дүйнө экономикасы согуштан катуу жабыркады. Орусия-Украина согушу же Орусия-Батыш кризиси жакын арада бүтчүдөй эмес.

2022-жылы Казакстанда жана Түркмөнстанда президенттик шайлоолор болду. Түркмөнстанда 12-март күнү өткөн президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңип чыкты. 20-ноябрь күнү Казакстанда өткөн президенттик шайлоодо Касым Жомарт Токаев жети жылдык мөөнөткө кайрадан президент болуп шайланды. 5-июнда Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Казакстанда январь айында болгон окуялар аталган референдумга жана президенттик шайлоого алып келди.

Тажикстандын кол салуусунун натыйжасында 2022-жылдын сентябрь айында тажик-кыргыз чек арасында кагылышуу болду. Натыйжада ондогон адамдар каза болду. Калктын нааразылык митингдери Тажистандын Тоолуу Бадахшан аймагында да болду. Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялашты.

2022-жылдын 22-декабрь күнү Казакстан жана Өзбекстан тарыхый биримдик келишимине кол коюшту. Аталган келишим Түрк Республикаларынын интеграциясы үчүн да чоң мааниге ээ.

2022-жылы Түштүк Кавказда тынчтыкты орнотуу жана Карабахты калыбына келтирүү үчүн маанилүү иштер жасалды. Европа өлкөлөрү Түштүк Кавказ мамлекеттери, өзгөчө Азербайжан менен мамилесин жакшыртуу боюнча келишимдерге кол коюшту. Азербайжан Европа Биримдиги өлкөлөрүнө табигый газ экспорттоону эки эсеге көбөйтөт.

2022-жылы Евразия Экономикалык Биримдиги, Шанхай Кызматташтык Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму сыяктуу аймактагы эл аралык уюмдардын пландалган жыйындары өткөрүлдү. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 24-ноябрда Армениянын борбору Ереванда өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммитинин жыйынтык декларациясына кол койгон жок.

2022-жылдын 16-18-июнь күндөрү Бакуда 9-Глобалдык Баку форуму өткөрүлдү. 29-июнда Ашхабадда Каспий өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын 6-саммити өттү. 21-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия республикаларынын президенттеринин 4-консультациялык жолугушуусу өттү. 13-октябрда Астанада Азиядагы Кызматташтык жана Ишеним Чаралары боюнча 6-саммит болду.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун 9-саммити 2022-жылдын 10-11-ноябрь күндөрүндө Самарканд шаарында өттү. Саммитте Түндүк Кипр Түрк Республикасы уюмга байкоочу катары кабыл алынды.

2022-жылдын 14-декабрында Түркмөнстандын Аваза туризм аймагында Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстан президенттеринин үч тараптуу саммити өттү.

Окуялардан көрүнүп тургандай эле, Евразия чөлкөмү 2022-жылы дүйнөнүн күн тартибин аныктаган аймак болду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар