Белгилүү тарыхчы Решат Генчтин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-8

1925432
Белгилүү тарыхчы Решат Генчтин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында белгилүү түркиялык тарыхчы Решат Генчтин кыргыз таанууга кошкон салымы тууралуу кеп салабыз.

Орто кылымдагы жалпы түрк тарыхы боюнча адис, профессор Решат Генч 1941-жылы Түркиянын Йозгат облусунун Тогуз айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1961-1965-жылдары Анкара университетинин Тил жана тарых, география факултетинде билим алган. Решат Генч 1970-71-жылдары Багдад университетинде араб тилин үйрөнгөн.

Ал 1974-жылы “Дивану лугати-т түрктүн автору Кашкардык Махмуддун көзү менен 11-кылымда түрк аймактарынын саясий, этникалык, социалдык жана маданий абалы” аттуу доктордук диссертациясын жактаган. 1980-жылы Решат Генч “Карахандар мамлекетинин бийлик түзүлүшү” аттуу монографиясын жарыялап доцент даражасына ээ болгон. Бул эмгек кыргыз тилине которулуп, 2004-жылы Бишкекте басылып чыккан.

1986-жылы профессор даражасына ээ болгон Решат Генч, Түркиянын Аскердик академиясы, Анкара, Фырат, Гази, Чүй жана Кыргыз-Түрк “Манас” университеттеринде студенттерге дарс окуган.

Решат Генч 1993-2000-жылдары Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесинин башчылык милдетин аркалаган. Ал башчылык кылган жылдары Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемесине тиешелүү жерлерде кыргыздар боюнча ондогон эмгектер басылып чыккан.

Профессор Решат Генч Карахандар, “Дивани лугати-т түрк”, Махмуд Барскани, Жусуп Баласагын, “Кут алчу билим” сыяктуу орто кылымдагы Кыргызстандын тарыхына тиешелүү темаларда түрк тилинде даярдалган онго жакын магистрдик жана доктордук диссертацияга илимий жетекчи болгон. Ал ар кыл платформаларда Түркиядагы түрктөрдүн тамырынын Теңир тоо аймагы экендигин Карахандар тарыхынан, “Дивани лугати-т түрктөн” жана “Кут алчу билимден” мисалдар берип баяндап келет.

Генч кыргыз тарыхы боюнча өз пикирин билдирип жатып, алардын 10-кылымдан тартып азыркы Кыргызстандын аймагына келип жайгаша баштаганын баса белгилейт. Анын пикирине ылайык, Карахандар дөөлөтүн Йагмалар түптөгөн.

Решат Генч Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенген учурда, тагыраак айтканда 2000-2002-жылдары кыргыз таанууга албан салым кошконго жетишкен. Ал аты аталган университеттин Ректорунун орун басары кызматын аркалаган. Решат Генч кыргыз тарыхын, маданиятын таанытуучу, мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишине салым кошо турган эл аралык илимий конференциялардын ийгиликтүү өткөрүлүшүнө, кыргыз таануу жаатында китеп-журналдардын басылышына түздөн-түз салым кошкон. Университеттин “Жал” кичирайонундагы кампусу Решат Генч Ректордун орун басары кызматын аркалап жүргөн жылдары курула баштаган. “Чыңгыз Айтматов” атындагы кампуста кыргыз таануу жаатында көптөгөн алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылып келет.

Кыргызстан тарабы агайдын жасаган иштерин жогору баалап, 1995-жылы “Манас-1000” ордени менен сыйлаган. Ал Чыңгыз Айтматов Академиясынын анык мүчөсү болуп саналат. Профессор Решат Генч Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ардактуу профессору наамына татыган.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Генч, Решат. Карахандар мамлекетинин бийлик түзүлүшү. Которгондор: Музаффер Урекли, Зиба Мусабаева. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жарыялары. Бишкек 2004.

Генч, Решат. Караханиддер доорундагы медресе// Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коомдук илимдер журналы. 19, Бишкек 2008. 81-84-б.

Генч, Решат. Түрк дүйнөсүнүн кыскача тарыхы. Которгон: Таалай Абдиев. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жарыялары. Бишкек 2002. 148 б.

“Yaşayan Tarih. Prof. Dr. Reşat Genç”, Türk Tarih Kurumu, https://www.youtube.com/watch?v=hRe-Oj85eM4, Erişim tarihi: 01.12.2022.

Cumagulov, Ç. Nadirova, A., “Türk Dünyasının Büyük Âlimi”, Kaşgarlı’nın Tarihçi Torunu. Reşat Genç Armağanı, Editör: Mehmet Şahingöz, Türk Kültürü Araştırma Enstitüsü, Ankara 2015, s. 29-30.

Genç, Reşat, “Evlilik Geleneğinin Divân-ı Lügati’t-Türk’te ve Manas Destanı’nda Yer Alan Ortak Unsurları”, Manas 1000 Bişkek Bildirileri, (Bişkek 26-31 Ağustos 1995), Atatürk Kültür, Dil ve Tarih Yüksek Kurumu Atatürk Kültür Merkezi Yay., Ankara 1997, s. 99-112.

Genç, Reşat, “Karahanlılar Döneminde Kırgızistan”, Manas Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi, 7(14), Bişkek 2005, s. 1-4.

 

 



Тектеш кабарлар