Түрк республикаларындагы маанилүү сапарлар

Евразия күндеми-15

1916565
Түрк республикаларындагы маанилүү сапарлар
Sultan Rayev Özbekistan-4

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларында өткөн аптада болгон маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев өткөн аптада Түркмөнстанда жолугушууларды өткөрдү. Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Президент Сердар Бердымухамедов ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Жолугушууда Түркмөнстан жана ТҮРКСОЙ биргеликте өткөрө турган Махтумкули Фиракинин 300 жылдыгы жана Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары тандалган Анев боюнча жасала турган иш-чаралар талкууланды. Султан Раев бул биргелешкен иш-чаралардын чоо-жайын Түркмөнстандын Маданият министри Атагелди Шамуратов менен талкуулады.

27-ноябрь күнү Түркмөнстан Парламентинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Түштүк Кореяда расмий иш сапар менен болду. Бердымухамедов Сеулда Түштүк Кореянын президенти жана парламенттин төрагасы менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү. Түркмөнстан менен Түштүк Кореянын парламенттеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

28-29-ноябрь күндөрү Татарстандын Президенти Рустам Минниханов жардамчылары жана 45 татар ишкери менен Азербайжанда иш сапары менен болду. Бакуда Азербайжан-Татарстан бизнес форуму өттү. Форумдун алкагында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Президент Рустам Минниханов Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Премьер-министри Али Асадов, Вице-премьер-министри Шахин Мустафаев жана Экономика министри Микаил Жаббаров менен өз-өзүнчө жолугушту.

1-2-декабрь күндөрү Самарканд шаарында Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Орусиянын Премьер-министри Михаил Мишустиндин катышуусунда Өзбекстан-Орусия аймактык форуму өттү. Өзбекстан-Орусия аймактык форумуна Татарстандын президенти Рустам Минниханов да катышты.

Татарстан Орусиянын Түрк республикалары менен карым-катнаштарында маанилүү роль ойнойт. Президент Рустам Минниханов 28-ноябрь күнү Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун акими Тура Боболов баштаган делегацияны кабыл алды. Татарстан Федерациялык Университети Өзбекстандын Жизак шаарында өз филиалын ачты. Түрк республикаларынан жогорку билим алуу үчүн Орусия Федерациясына келген студенттер көбүнчө Татарстанды тандашат. Рустам Минниханов Владимир Путиндин буйругу менен дайындалган Орусия-Ислам дүйнөсү стратегиялык көз караш тобунун төрагасы кызматын аркалап келет.

 Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев 26-ноябрь күнү болгон инагурациядан кийин 27-30-ноябрь күндөрү Орусия Федерациясында жана Францияда иш сапары менен болду. Касым Жомарт Токаев менен Владимир Путиндин жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата декларацияга кол коюлду. 29-ноябрь күнү Парижде Касым Жомарт Токаев-Эмануэль Макрон жолугушуусунун соңунда 16 беренеден турган биргелешкен билдирүү жарыяланды. Тараптардын ортосунда жалпысынан 35 келишимге кол коюлду.

Бул иш сапарлары менен Президент Токаев өз президенттигинин жаңы мөөнөтүндө тең салмактуу тышкы саясатты улантууну көздөгөнүн көрсөттү. Анын Казахстандын эң ири стратегиялык өнөктөшү болгон Орусияга жана өлкөнүн эң ири соода өнөктөштөрүнүн бири болгон Францияга удама-удаа иш сапары менен барганы, Токаевдин Батыш-Орусия чатагына кийлигишпей турганын билдирет.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн жумада түрк республикаларында маанилүү иш сапарлар, жолугушуулар жана бизнес форумдар болду.

Программаны даярдаган; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар