Белгилүү тарыхчы Ахмет Зеки Валидинин кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-6

1913124
Белгилүү тарыхчы Ахмет Зеки Валидинин кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! «Кыргыз таануу» программасынын бүгүнкү чыгарылышында өз эмгектеринде кыргыз тарыхы жана кыргыздар боюнча маанидүү пикирлерин жазып калтырган белгилүү тарыхчы Ахмет Зеки Велиди Тоган тууралуу кеп салабыз.

Түрк калктарынын тарыхы боюнча жалпысынан 400гө жакын эмгек жазган Ахмет Зеки Велиди Тоган, кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы боюнча да маанилүү маалыматтар жазып калтырган.

Башкурттардан чыккан таанымал тарыхчы Ахмет Зеки Велиди Тоган 1890-жылы 10-декабрда туулган. Кат сабатын өз айылында жойгондон кийин, Казань шаарында билим алуусун уланткан. Түркстан аймагына илимий экспедиция жасаган. 1913-жылы Фергана өрөөнүнөн Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” эмгегинин кол жазмасын таап, аны илим дүйнөсүнө тааныткан.

Тоган Түркстандагы бардык түрк калктарын бир улут деп эсептеген. Кыргыздар менен казактарды бири-биринен бөлүп караган эмес. Ошондуктан анын эмгектеринин көп жеринде казактар “кыргыз” термини менен берилген. Негизи эле ал доордо бир гана Тоган эмес көптөгөн илимпоздор жана башка калктар казактарды “кыргыз” дешкен. Бирок Тоган өзүнүн эмгектеринде кыргыздарга “казак” терминин колдонбогонун баса белгилей кетели.

Ахмет Зеки Велиди 1923-жылы Ирандын Мешхед шаарынан Ибн Фадландын эмгегин таап жарыялаган. Баарына белгилүү болгондой эле, Ибн Фадландын эмгегинде кыргыздардын ишеними боюнча маанилүү маалыматтар берилген.

Зеки Велиди Тоган Энесай кыргыздарынын тарыхы боюнча омоктуу ойлорун жазып калтырган. Тогандын пикирине ылайык, кыргыздар менен моңголдор бир убактарда Энесайда чогуу жашашкан.

Башкурт тарыхчысы Тоган байыркы Баласагын шаары боюнча “Ислам” энциклопедиясына алгачкылардан болуп макала жарыялаган. Тоган, кыргыз тарыхынын маанилүү бөлүмүн түзгөн Карахан дөөлөтүнүн тарыхы боюнча да көлөмдүү эмгек жазган.

Зеки Велиди Тоган 80 жылдык өмүрүндө кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрү менен таанышып, алардын айрымдары менен дос болууга жетишкен. Зеки Велиди Тоган кыргыздын Төрөкул Жанузаков, Жусуп Абдырахманов, Фазылбек Касымбеков, Кудрат Таирбаев, Кожомурат Сарыкулаков жана Кудайберген Кожомбердиев (Азамат Алтай) сыяктуу алдыңкы айдыңдары менен байланышта болгон. Зеки Велиди Тогандын эмгектеринде Ишенаалы Арабаев, Калкабай Сартбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Абдылас Малдыбаев, Иса Ахунбаев, Касым Тыныстанов жана Садык Карачев, Бегималы Жамгерчинов жана Калим Рахматуллин сыяктуу кыргыздын мыкты уулдары боюнча кыскача маалыматтар бар.

Булардын арасынан Төрөкул Жанузаков Тогандын жакын досу болгон десек жаңылышпайбыз. Жанузаков менен Тоган саясий ишмердиктен сырткары илимий иштер боюнча да кызматташып турушкан. Мисалы, бул эки инсан “Манас” эпосунун 19-кылымда жазылган вариантын басмадан чыгаруу боюнча макулдашышкан. Тилекке каршы, Жанузаков 1921-жылдын соңунда каза болуп, жогорудагы маанилүү иш жүзөгө ашпай калган.

Кыргыздын алдыңкы уулдарынын бири Кудайберген Кожомбердиев өзүнүн автобиографиясында Тоган боюнча жылуу пикирлерин жазып калтырган. Анын автобиографиясында Тоганды өз агасындай көргөнү, 1970-жылы Тоган каза болгондо катуу кайгырганы, АКШдагы тааныштарын үйүнө чакырып, куран окутканы тууралуу маалыматтар бар.

Жыйынтыктай турган болсок, Ахмет Зеки Велиди Тоган өз кезегинде кыргыз таанууга албан салым кошкон. Анын эмгектери кыргыз таануучулар тарабынан тереңдетилип изилдениши керек.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Togan, Zeki Velidî, “Balasagun”, İslam Ansiklopedisi, c. II, İstanbul 1961, s. 269-272.

Togan, Zeki Velidî, Bugünkü Türkili Türkistan ve Yakın Tarihi, c. 1, 2. Baskı, – İstanbul: Enderun Kitabevi 1981. –  696 s.

Togan, Zeki Velidî, Hâtıralar: Türkistan ve Diğer Müslüman Doğu Türklerinin Millî Varlık ve Kültür Mücadeleleri, – Ankara: Türkiye Diyanet Vakfı Yayınları, 1999. –  XXII+628 s.

Togan, Zeki Velidî, Türklüğün Mukadderatı Üzerine, Yay. Haz. Tuncer Baykara, 2. Baskı, – İstanbul: Yağmur Yayınevi, 1977. –  319 s.

Togan, Zeki Velidî, Umumi Türk Tarihi’ne Giriş, İstanbul: Enderun, 1981.

Валидов А.-З. Восточные рукописи в Ферганской области // Записки Восточного Отделения Императорского Русского Археологического Обшества. Т. 22. 1913-1914. – Пг.: Типография Императорской Академии Наук. 1915. С. 303-320.

 Сагындык кызы Венера ж.б. Азамат Алтай (1920-2006). Азаттык менен демократиянын жарчысы: Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 317 б.

 

 



Тектеш кабарлар