«Чеңгел  -  Кылыч аба операциясы»

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун баа берүүсү.

1911378
«Чеңгел  -  Кылыч аба операциясы»

   Террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГны колдонуу менен Стамбулда жасаган террордук кол салуусунан кийин Түркиянын күтүлгөн жазаландыруучу аракети келди. Улуттук коргоо министрлигинин берген билдирүүсүнө караганда түрк куралдуу күчтөрү «Чеңгел  -  Кылыч аба операциясын» баштап Сирия жана Ирактагы ПКК/ЙПГга таандык буталарды бомбалады. Ушул кезге чейин 500гө жакын бута атылып, уюмдун 250гө жакын мүчөсүнүн да таасирсиз абалга келтирилгендиги билдирилди. Операция 1200 километрдиык чек ара линиясында 150 километр ичкериде кенен аянтты камтып, ПКК/ЙПГнын дүрбөлөңгө түшкөндүгү байкалууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

   Террордук уюм ПКК түрк армиясынын Ирак жана Сирияда жүргүзгөн операциялар жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун түздөн түз башкаруучуларын бутага алган операциялары менен  кысмакка алынып, өзгөчө да Ирактын түндүгүндөгү Зап аймагында абдан оор жоготууга учурап, өзү үчүн стратегиялык аймакты жоготту. Бул абалга чыдабаган террордук уюм өч алуу үчүн  Түркиянын метрополияларында жол издеп жаткан. Бир нече террордук кол салуу алдын алынган болсо да акырында Стамбул шаарында Таксимде бомбалуу террордук кол салууну  ишке ашырып, көп сандаган жарандын өлүмүнө себеп болду.

Түркия бул кол салууга катуу каршылык көрсөтүп, «Чеңгел  -  Кылыч аба операциясы» деп аталган жазаландыруу операциясын баштады. Ирак менен Сирияны бир убакта камтыган бул операциянын негизинде 1200 километр чек ара линиясында 150 километр ичкериге чейин кенен бир аянт абадан атылды. Улуттук коргоо министрлигинин берген маалыматына караганда биринчи 3 күндүн ичинде жалпы 500 бута атылып, 250гө жакын ПКК террористи таасирисз абалга келтирилди. Сирияда Тель - Рыфат, Манбиж, Айн ел Араб, Айн Иса, Камышлы жана Маликийе сыяктуу аймактардан Иракта Хакрук, Кандил жана Асоско чейин бутага алуу диапозону болду. ПКК/ЙПГнын да мынчалык кенен жазаландыруу операциясын күтпөгөндүгү жана оор жоготууларынын алкагында дүрбөлөңгө түшкөндөрү байкалууда.

Ондогон учак жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар,  башкаруу борборлору, аскердик базалар, машыгуу аймактары, ок - дары кампалары жана туннель линиялары бутага алынып, түрк куралдуу күчтөрү биринчи жолу ПКК/ЙПГнын Сириядагы энергетика инфраструктурасы  жана ага тиешелүү объектилерге  сокку ура баштады. Өзгөчө Маликийе  -  Камышлы линиясында нефть кудуктары, рафинериялар менен газ аянттары жардырылды. 75 километр ичкеридеги Дейруз Зор аймагына сокку урулуп, ошол эле учурда АКШ аскерлери тарабынан машыктырылган ПКК/ЙПГ элементтеринин ЙАТ аттуу штабы да куралдуу учкучсуз учуучу аппараты менен бутага алынды.

 Түркия абадан жана кургактыктан ПКК/ЙПГга карата кенен түрдөгү операцияларын улантууда бирок террордук уюм да жарандарды бутага алуу менен жооп берүүгө аракет кылууда. Айн ел Араб аймагынан Каркамыштагы жарандарга карата кол салууларды жасашты, Азез шаарынын бутага алынгандыгын көрдүк. Аскердик жактан түрк куралдуу күчтөрүнүн алдында өзүн көрсөтө албаган уюм жарандарды бутага алуу менен өзүн көрсөтүү аракетинде. Бирок жарандарга карата бул кол салуулар Түркиянын террор менен күрөшүндөгү чечкиндүүлүгүн да күчөтүүдө.

Президент Эрдоган акыркы жолу берген маалыматы менен дагы бир кургактык операциясын белгиледи. Эрдоган бир канча убакыт мурда да курактык операциясына карата маалыматтарды берген бирок Путиндин Асад режими менен сүйлөшүү сунушун кабыл алып операцияны токтоткон. Бул аралыкта режим менен эч кандай жакындашуу болгон жок. Акыркы аба операцияларында ПКК тарабында болгон көп сандаган режим аскери да өлтүрүлдү. Акырында Түркия улуттук коопсуздугун бекемдөө жана кол салууларды толугу менен токтотуу үчүн кенен түрдөгү операциялары менен ПККны чек ара линияларынан толугу менен тазалоосу керек.

Эл аралык конъюнктура Түркия тарапта болгон мындай бир мезгилде түрк куралдуу күчтөрүнүн кургактыктан операцияларды баштоо ыктымалы бар. Бутага  алынган аймактар ​​Тель - Рыфат, Манбиж жана Айн ал Араб.



Тектеш кабарлар