Мараш балмуздагы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-9

1903850
Мараш балмуздагы

МАРАШ БАЛМУЗДАГЫ

Катталган күнү: 18.04.2018

 Боштондук согушундагы даңазалуу күрөшү менен Түркиянын тарыхында өзгөчө мааниге ээ болгон Кахраманмараш шаары, Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагынын чыгыш четинде жайгашкан жана Жер Ортолук деңиз климаты менен континенттик климаттын кесилишкен жерин түзөт. Шаардын бул географиялык өзгөчөлүгү айыл чарбасынын жана өзгөчө кой чарбачылыгы менен сүт азыктарынын тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. «Мараш балмуздагы» деген ат менен дүйнөгө белгилүү болгон шаарга мүнөздүү балмуздак Кахраманмараштын Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен 2018-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Мараш балмуздагы Осмон дөөлөтүнүн доорунда сарайларда «карсамбач» деп аталган муздуу десерттин уландысы катары аныкталган. Балмуздак Кахраманмараш облусунун бийик тоолуу аймактарында өстүрүлгөн тимьян, гиацинт, крокус сыяктуу гүлдөр менен азыктанган эчкинин сүтү жана табигый салептин аралашмасы менен жасалат. «Мараш балмуздагы» аз көлөмгө кеңейиши, өзгөчө даамы, чайнаса боло турган ийкемдүү түзүлүшү, ачык ак түсү жана эрүүгө туруштук бериши менен башка балмуздак түрлөрүнөн айырмаланып турат.



Тектеш кабарлар