Нажийе Ата Йылдыздын Кыргыз таанууга кошкон салымы

Кыргыз таануу-3

1888941
Нажийе Ата Йылдыздын Кыргыз таанууга кошкон салымы

Ардактуу окурмандар! “Кыргыз таануу” программасынын бул чыгарылышында Түркияда алгачкылардан болуп “Манас” эпосу боюнча доктордук диссертация жактаган Проф. Д-р. Нажийе Ата Йылдыз тууралуу кеп салабыз.

 Проф. Д-р. Нажийе Ата Йылдыз 1958-жылы Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1979-жылы “Стамбул” университетин ийгиликтүү аяктап, 1984-жылы “Хажеттепе” университетине илимий кызматкер катары орношкон. 1987-жылы “Гази” университетинде магистрдик диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Ушул эле университетте 1994-жылы “Радловдун «Манас» эпосу тексти. Эпостогу кыргыз маданиятына байланыштуу аныктоолор жана анализдер” аттуу доктордук (PhD) диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

Бул илимий иш 1995-жылы Анкара шаарында китеп болуп басылып чыккан. Аты аталган китептин “Академия Google”да 200дөн ашуун шилтеме алганы – бул китептин илимпоздор тарабынан байма–бай колдонулуп жаткандыгын тастыктап турат.

Түркия делегациясы бул китепти “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде Кыргызстанга ала келип, Кыргыз Президентине жана мааракеге келген башка конокторго белек кылган. Нажийе Йылдыз Түрк делегациясынын курамында мааракеге катышкан жана эпос боюнча жазган эмгеги үчүн эл аралык “Манас-1000” маараке медалы менен сыйланган.

Нажийе Йылдыз 2016-2017-жылдары Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосун толугу менен түрк тилине которуу долбооруна жигердүү катышып, котормону редакциялоону ишке ашырган.

Негизи эле Йылдыздын илимий эмгектеринин басымдуу бѳлүгү “Манас” эпосу боюнча жазылган макалалар жана докладдардан турат.

Проф. Д-р. Нажийе Ата Йылдыздын кыргыздар боюнча жазган экинчи кѳлѳмдүү эмгеги, 2007-жылы басылып чыккан “Кыргыз фольклору” аттуу монографиясы болуп саналат. Йылдыз кыргыз адабияты жана фольклору боюнча жалпы жонунан отузга жакын илимий доклад окуган.

Нажийе Йылдыз Түркияда басылган “Түрктѳр”, “Орток түрк адабияты”, “Түрк дүйнѳсү адабиятчылары” сыяктуу ар кыл энциклопедияларда кыргыздарга байланыштуу 300дөн ашуун темада макала жазган. Йылдыздын кыргыз эпосторунан сырткары боз үй, акындык, эмгек ырлары, кыргыз адабиятчылары боюнча жазган макалалары дагы бар.

Нажийе Ата Йылдыз кыргыздарга тиешелүү Түркияда жакталган жети диссертацияга, тагыраак айтканда эки доктордук, беш магистрдик диссертацияга илимий жетекчи болгон.

Ал кыргыздардын “Бостон” эпосун “Түрк тил коомунун” долбоорунун алкагында түрк тилине которуп жарыялаган.

Жыйынтыктай турган болсок, Проф. Д-р. Нажийе Ата Йылдыз кыргыздарга байланыштуу 350дѳн ашуун илимий эмгек (монография, макала, доклад жана диссертация) жана котормону даярдап чыгарган. Ал кыргыздардын Түркиядагы ыктыярдуу элчиси катары, кыргыздардын эпосун, адабиятын, маданиятын эң мыкты таанытып келе жатат.

Программаны даярдагандар: Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

Колдонулган адабияттар:

Нажийе Ата Йылдыздын кыргыз таанууга кошкон салымы// Түркияда кыргыз таануу, Редактору: Гүлдана Мурзакулова, Анкара: Бенгү, 2019. 195-228-б.

YILDIZ, Naciye, Kırgız Halk Edebiyatı, Ankara: Alp Yay., 2007, 355 s.ISBN: 9789756674581.

YILDIZ, Naciye, Manas Destanı (Wilhelm Radloff) ve Kırgız Kültürü İle İlgili Tespit ve Tahliller, Ankara: TDK Yay., 1995. XI+956 s. ISBN, 9751602343.

Manas (Sagınbay Orozbakov Varyantı), 3 cilt, (Edit. Naciye Yıldız, Çev. Abdrasul İsakov, Güldana Murzakulova, Bakıt Sagınbekov, İbrahim Türkhan, Mirlanbek Nurmatov) İstanbul: TDBB Yay., 2017, 3697 s. İSBN: 9786056586347.

AKMATALİYEV, Abdıldacan, A., KADIRMAMBETOV, Kırgız Destanları 7. Boston, Çev. Naciye Yıldız, Ankara: TDK Yay., 2009, 515 s. İSBN: 9789751621573.



Тектеш кабарлар