Ирактагы жарандык согуш коркунучу жана Садрдын жаңы оюн планы

Апталык анализ программасы-1/22

1875283
Ирактагы жарандык согуш коркунучу жана Садрдын жаңы оюн планы

Ирактагы жарандык согуш коркунучу жана Садрдын жаңы оюн планы

Иракта 2021-жылдын 10-октябрында болгон шайлоодон кийин таштар ордуна келген жок. Шайлоолордо өзгөчө катуу жеңилүүгө учураган Хашди Шааби менен байланышы бар түрдүү кошуундар колдорундагы курал күчүн колдонуу аркылуу саясий натыйжаларга күч менен жетүүгө аракет кыла башташты. Иранга көз каранды болгон бул элементтерге каршы Муктеда эс Садр башында турган күчөп бараткан «Ирак улутчулдугу» ишке киришти. Бир нече ай бою жаңы өкмөт кура албаган иранчыл топтор менен Садрдын жана анын өнөктөштөрүнүн өлкөдө бийлик күрөшү көчөгө да жайылып, кагылышууларга айланып жатканда, Садр күтүүсүз кадам менен саясаттан кеткенин жарыялады. .

 Бул тема боюнча SETAнын / Тышкы саясат изилдөөчүсү Жан Ажундун баамдоосун сунуштайбыз...

Иракта 2021-жылдын 10-октябрында мөөнөтүнөн мурда өткөн жалпы шайлоонун жыйынтыгына ылайык, шийилердин лидери Муктеда эс-Садрга караштуу Садр тобу 73 мандатка ээ болгон. Бул жыйынтык Садр үчүн чоң жеңиш болду. Садр тобунан айырмаланып, иранчыл топтор, тескерисинче, өзгөчө Фатх альянсы чоң жеңилүүгө учурады. Парламенттин мурдагы төрагасы Мухаммед Халбусинин Такадддум партиясы экинчи партия, мурдагы премьер-министр Нури Маликинин «Мыйзам мамлекети» коалициясы үчүнчү партия болду. КДП 34 мандатка ээ болуу менен КЙБ жана Горан сыяктуу каршылаштарына каршы кайрадан чоң ийгиликке жетишти. Бул жыйынтыктардан кийин Садр суннилер жана КДП менен альянс түзүп, жаңы өкмөт кургусу келген, бирок бул аракет өзгөчө Ирандын кийлигишүүсү менен ишке ашкан жок. Андан кийин Садр жаңы кадам жасап, Ассамблеяны таркатып, кайра шайлоо өткөрүү үчүн эл өкүлдөрүн кызматтан кетирди жана ар кандай кадамдарды жасады. Иранга жакын топтор болсо Координациялык алкак деген ат менен топтолуп, Садрдын кыймылдарына каршы кыймылдарды жасашты. Садр бул саясий оюндун артынан көп сандаган элди тез-тез мобилизациялоо менен бирге өзүнө караштуу аскердик согушчан түзүм болгон Серая Эс-Селам тобун да талаага алып чыгып, Багдад жана Басра сыяктуу көптөгөн аймактарда Хашди Шааби уюмдары менен кагылышуулар болду. Акыр-аягы, шииттер арасындагы бийлик талашы да түздөн-түз кагылышууларга айланып кетти. Окуяларда көптөгөн адамдар каза болуп жатканда, Садр дагы таң калычтуу кадам таштап бардык тарапкерлерин капысынан чегинүүгө чакырды. Садр бир күн мурун саясатты таштайм деп билдирүү жасаган болчу. Ирактын популисттик лидери көп колдонгон риторика менен анын аракеттеринин ортосунда ажырым бар окшойт.

Шийилердин диний жана саясий лидери Муктада Эс-Садр социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө: «Саясий иштерди таштаганымды жана саясаттан биротоло алыстаганымды жарыялайм. Атамдын күмбөзү, тарыхый эстелик мекемеси жана Садрдын үй-бүлөлүк музейинен башка бардык мекемелерди жабууну чечтим»,-деп айткан. Садр өз билдирүүсүндө, ошондой эле Иранда жашаган жана кечээ күнү «бийлик милдетин бүтүргөнүн» жарыялаган ирактык шиит диний бийликтеринин бири Аятолла Казим ал-Хаирини сынга алып, Хайринин бийликтен чегинүү чечимин өз каалоосу боюнча кабыл албаганын жактады. Нажафтык шииттер үчүн маанилүү фигура болгон аль-Хаири бийликтен кетип, иранчыл билдирүүлөрдү жасаганы Садрды каршы кадамга түрттү окшойт. Акыр-аягы, ал өзүнүн акыркы кадамдары менен өзүн жаңы бийлик деп жарыялап, Ирандын өз тарапкерлерине таасир этүүсүн алдын алат. Акыр-аягы, Садрдын союздаштары ирактык улутчулдукту өкүлдүк кылып, иранчыл топторго каршы күрөшүн улантууда.

 



Тектеш кабарлар