Россия  -  Украина согушунун Сирияга тийгизген таасири

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор докор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1809775
Россия  -  Украина согушунун Сирияга тийгизген таасири

Россиянын Украинага карата кол сала башташынан кийин Украинанын көрсөткөн каршылыгы жана ушуга байланыштуу орус армиясынын оор жоготуулары Россиянын аскердик аракеттерин талкууга ачты. Муну менен бирге Россиянын басып алышына каршы батыш дүйнөсүнүн санкцияларынын барган сайын оорлошуусу, Россиянын кыймыл аянтын чектөөгө жетеледи. Мындан тышкары, батыштын Россияны ооздуктоодо санкциялардын жана Украинага карата аскердик жардамдар  чегинен чыгабы же  жокпу каралууда.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу, профессор докор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Башта АКШ болуу менен батыш өлкөлөрүнүн Россия менен чыңалууну белгилүү бир деңгээлде кармап туруу аракети  көрүлсө да Россия менен күрөшүүнүн башка  аянттарга да чагылышы мүмкүн экендиги каралууда. Бул аянттардын бирөөсүнүн да Сирия болушу мүмкүн экендиги  күтүлүүдө. Сирия оппозициясы Украина  -  Россия согушун Россияны сындоо жана Сирияда батыштык мамлекеттерди чара көрүүгө мажбурлоо үчүн колдонсо да азырынча батыштыктардын Сирияга карата чыныгы мамилесинин жок экендиги байкалууда. Буга карабастан Украина  -  Россия согушунун Сирияга карата таасирин иликтөө туура болот.

Согуштун аскердик таасирине каралганда орус армиясынын Украина алдында олуттуу чыгымга учурагандыгы байкалууда. Украинанын айтымына караганда 18 миңге жакын орус аскери жок кылынды. Орус медиасында орун алган бирок андан кийин алып салынган бир кабарда 9 861  орус аскеринин каза болгондугу, 16 153 орус аскеринин жаракат алгандыгы билдирилген. Бул сандар Ирак менен Афганистанды АКШ басып алган жылдарды эске алганда бир топ жогору. Мындан тышкары, Россиянын учактан кургактык унааларына чейин миңдеген аскердик техникасын жоготкону көрүнүүдө. Ушунун негизинде Россиянын коргоо өнөр жайы экспорт жагынан таасирленгендей эле, Сирияда режимге карата аскердик жардамдарында да үзгүлтүк болушу мүмкүн.

Кошумча катары ТБ  - 2 Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын согуштук аянттардагы жогорку ийгиликтери, Түркияны Сирия аянтында шарттуу түрдө күчтөндүрүүдө. Акыйкаттан да 2020 -  жылдагы «Жаз калканы»  операциясында да бир жума Түркиянын режим элементтерине алып келген чыгымы абдан кыйратуучу эле.  Бул жактан алганда, Түркиянын ТБ-2 Байрактарлары, ошондой эле TB-3, AKINCI A & B жана Хисар А+ жана Хисар О+ сыяктуу абадан коргонуу системалары инвентаризациясынын негизги бөлүктөрүнүн бири болушу жакынкы келечекте Түркияны конвенциялык согуштарда алдыга чыгарат.

Россиянын Сириядагы Вагнер  элементтерин Украинага тартып жатат деген  сөздөр ырасталса да Асад жактоочусу  куралдуу күчтөрдүн Россия тарабынан Украина согушуна кошулушу, бир гана Россия үчүн эмес, Асад  режими үчүн да чоң жыйынтыктарды жаратышы мүмкүн.

Батыш дүйнөсү Асад менен болгон аскердик күрөштү бир тарапка таштаса да Асад режиминин жана анын бар болушу батыш дүйнөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруусу процессти артка кайтарышы мүмкүн.

Натыйжада Украина согушунун Сирияга тийгизген таасиринин негизинде психологиялык артыкчылыктын Түркияга өткөндүгүн айтууга болот. Мындан тышкары Түркиянын аскердик технологияда өнүккөнүн жана географиялык артыкчылыгынын анын пайдасына экенин айтууга болот. Бул компоненттердин баары чогулганда Түркиянын Россияга каршы соодалашуу күчү артты деп айтууга болот.



Тектеш кабарлар