Буларды билесиздерби?

Профессор доктор Хүсейин Йылмаз.

1795364
Буларды билесиздерби?

Смартфондор менен  турмушубузга кирген, төңкөрүш деп эсептелген үн буйругу технологиясын алып келген кишинин  түрк илимпозу экендигин билесиздерби?

1926 – жылы Денизлинин бир айылында, кедейдин үй -  бүлөсүндө туулган Хүсейин Йылмаз кичинекей жашта ата – энесинен ажырайт. 12 жашка чейин мектепке барбайт. Чабан болуп жүргөн кезде жолуккан мугалимдер анын мектепке барышына жардам беришет. Мектептеги ийгилиги жана зээндүүлүгү менен Стамбул техникалык университетинин электер факультетинен чакыруу алат жана билим алуусун ошол университеттен аяктайт. Анын ийгиликтерин жана  изилдөөлөрүн колдогон мугалимдердин жардамы менен АКШдагы дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин бири Массачусетс технологиялык институтуна чакырылат. Ал жерде профессорлукка чейин жогорулаган Хүсейин Йылмаз эмгектерин жакындан изилдеген Альберт Эйнштейндин «функция теориясында» кемчиликтерди аныктап, белгилүү окумуштууга кат жиберет. Бирок кат барбастан Эйнштейн каза болгон болот. Йылмаз   бул жаңылыштыкты белгилүү бир илимий журналда жарыялайт жана Эйнштейндин теориясына каршы «Йылмаз массалык тартылуу теориясы» да литературага кирет.

Професор Йылмаз менеджер болуп иштеген технология фирмасында үн менен башкарылуучу компьютерди долбоорлоо менен илим тарыхына кирет. Бул эмгек бүгүнкү күндө смартфондордо колдонгон үн буйрук системаларынын түпкү атасы.

2013 - жылы каза болгон профессор доктор  Хүсейин Йылмаз академиялык турмушунда   көптөгөн ийгиликтүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, физика илимине абдан маанилүү салымдарды кошкон.



Тектеш кабарлар