Казакстандын президенти Токаевдин Орусияга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-25

1780669
Казакстандын президенти Токаевдин Орусияга жасаган иш сапары
tokayev.JPG
tokayev-putin.jpg
Kolektif Güvenlik Anlaşması Örgütü-Kazakistan.jpg

Ардактуу угармандар,«Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Орусия Федерациясына жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.      

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев үстүбүздөгү жылдын 10-11-февраль күндөрү расмий иш сапары менен Орусия Федерациясында болду. Токаев 10-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада жолугушту. Эки лидер Казакстанда январь айында болгон окуяларды жана Орусия менен Казакстандын ортосундагы экономика жана соода, билим берүү, энергетика жана космостук изилдөө тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Владимир Путин январь окуясына токтолуп: “Казакстан, өлкөдөгү татаал кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланган айрым эл аралык кылмыштуу топтордун курмандыгы болду”, - деди. Ал Орусия Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) 4-беренесине ылайык, Казакстанга “колдоо көрсөткөнүн” эске салды. Мындан тышкары Путин Токаевге: «Бул окуялар учурунда келтирилген зыянды калыбына келтирүү үчүн көп күч-аракет жумшоо керектигин билем. Бирок сиздин аракетиңиз менен Казакстан бутуна бекем турат жана жетекчилигиңиз менен жигердүү өнүгүп жатат”,- деди.

Казакстандын президенти Токаев январь окуясы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, «Тилекке каршы, көп сандагы адамдын өмүрү кыйылды жана мен да буга кайгырып жатам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айттым. Ар бир окуя тергелип жатат. Күнөөлүүлөр аныкталып, жазаланат”,- деди. Мындан тышкары Токаев ЖККУнун Тынчтык күчтөрү өлкөнүн стратегиялык объектилерин коргоодо жана террористтерди, бандиттерди психологиялык жактан коркутуу жагынан маанилүү роль ойношкондугун баса белгиледи.

Жолугушууда орус лидери Путин, Орусиянын Казакстандын эң ири экономикалык өнөктөшү болгонуна ыраазы экенин айтты. Ошондой эле ал 2021-жылы эки тараптуу сооданын көлөмү 34 пайызга өсүп, 25,6 миллиард долларга жеткенин, бул абдан жакшы көрсөткүч экенин баса белгиледи.

Жолугушуудан кийин эки лидер билим берүүгө, атомдук энергетика жаатында адистерди даярдоого, санариптештирүүгө жана космостук изилдөөгө байланыштуу 10 өз ара түшүнүшүү боюнча  меморандумга жана темир жол транспорту жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен өткөргөн басма сөз жыйынында, Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университети сыяктуу Орусиянын алдыңкы университеттеринин филиалдары Казакстанда ачыла турганын билдирди.

Казакстандын президенти Токаев Орусия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында 11-февраль күнү Татарстанга барды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Казань эл аралык аэропортунан Татарстандын президенти Рустам Минниханов тосуп алды. Токаев менен Минниханов атактуу Казань Кремли тарыхый комплексиндеги Кул Шариф мечитин жана Благовещенский соборун зыярат кылган соң, расмий жолугушуу өткөрүштү. Эки лидер Казакстан менен Татарстандын ортосундагы маданий, соода жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Татарстандын президенти Минниханов Казакстандын президенти Токаевге татар-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун чыңдоого кошкон салымы үчүн «Дуслык» орденин тапшырды.

Мындан тышкары Токаев Татарстанда “Татнефть” компаниясын зыярат кылды. Орусия Федерациясынын эң ири мунай жана жаратылыш газ өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон “Татнефть” менен “КазМунайГаз” компаниясынын ортосунда мунай кендерин чалгындоо жана эксплуатациялоо жаатында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча келишимдерге жана жол карталарына кол коюлду.

Жыйынтыктай турган болсок, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Орусия Федерациясына жасаган иш сапары жемиштүү өттү.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар