Көздүн кургашы

Шыпаа булагы-20

1771375
Көздүн кургашы

Бүгүнкү темабыз: Көздүн кургашы

Көздүн кургашына пайдалуу болгон азыктарды жана табигый ыкмаларды төмөндөгүдөй тизмектей алабыз.

1. Көздүн кургашына алып келиши мүмкүн болгон шамалдуу чөйрөдө же сууда сүзүүдө коргоочу көз айнек колдонулушу керек.

2. Күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичүү зарыл.

3. Омега 3кө бай балык майы менен тамактануу керек.

4. Убагында укташ керек.

5. Кыш айларында аба кургак болгондуктан көз кургашы мүмкүн. Бул үчүн айлана-чөйрөнүн абасын нымдаштыруу керек.

6. Көздү экрандын алдында эс алдыруу зарыл.

7. Көздү бат-баттан ушалап туруудан да алыс болуу керек.

 • Витаминдер жана пайдалуу азыктар

Кургак көз синдромунда D, B12 жана А витаминдерине бай азыктарды тамактанууга кошуу өтө маанилүү. Жумуртканын сарысы, жарма, апельсин ширеси, сабиз, шпинат, брокколи жана сары май сыяктуу азыктар D жана А витаминдеринин бай булагы болуп саналат.

Сиз ошондой эле сардин, лосось, скумбрия, шпинат, соя буурчагы жана чиа даны сыяктуу омега-3 май кислоталарына бай тамактарды колдонууну көбөйтсөңүз болот.

• Бадыраң

Бадыраң - кургак көздөрдү дарылоо үчүн эң оңой жана мыкты өсүмдүктөрдүн бири.

Муздатылган бадыраңды тегерек тилкелерге кесиңиз. Аларды жабык көзүңүздүн үстүнө коюңуз. Көзүңүздү эс алдыруу үчүн күнүнө 2-3 жолу кайталасаңыз болот.

• Роза суусу

Роза суусу кургаган көзгө эң таасирдүү заттардын бири болуп саналат. Кебезди роза суусу менен нымдап, 10 мүнөткө көзүңүздүн үстүнө коюңуз. Күнүнө 2-3 жолу кайталаңыз.

• Ромашка чайы

Ромашка көздөрдөгү жоголгон нымдуулуктун ордун толтурат жана кытышууну азайтат.

Бир стакан ысык сууга бир чай кашык кургатылган ромашка чөбүн кошуп, 10 мүнөт демдеп коюңуз. Андан соң муздатыңыз. Ромашка чайына эки кебезди чылап, көзүңүздүн үстүнө коюңуз. 10-15 мүнөткө күтүңүз. Жеңилдегенге чейин күнүнө 3-4 жолу жасасаңыз болот.

 • Фенхель уругу

Фенхель уруктары сезгенүүнү азайтууга жардам берет жана жеңилдетүүчү касиеттери көздүн нымдуулугун сактайт.

Бир чай кашык фенхель уругун кайнак сууга 10-15 мүнөт чылап коюңуз. Бир аз муздаганча күтө туруңуз. Кебезди фенхельге малып, аны жабык көзүңүздүн үстүнө коюңуз. Жок дегенде 10 мүнөт күтө туруңуз. Муну күнүнө 2-3 жолу жасаңыз.

 • Алоэ вера

Алоэ вера көзүңүздү коргой турган табигый антиоксидант.

Алоэ вера гелин алып, көздүн үстүнө сүйкөңүз.

Муну күнүнө жок дегенде эки жолу жасаңыз.

• Лаванда майы

Лаванда майы тынчтандыруучу жана эс алдыруучу таасирге ээ болот. Бир стакан сууга бир нече тамчы лаванда эфир майын кошуңуз.  Аралаштырып таза чүпүрөктү малып коюңуз. Ашыкча сууну сыгып алып, көзүңүздүн үстүнө коюңуз. 15-20 мүнөт күтүп, бул ыкманы кайталаңыз.

Муну күнүнө жок дегенде үч жолу жасасаңыз болот.

 • Ромашка майы

Ромашка эфир майы көздүн сезгенүүсүн азайтууга жардам берет.

Бир стакан жылуу сууга бир нече тамчы ромашка майын тамызыңыз. Аралаштырып таза чүпүрөктү малып коюңуз. Көзүңүздүн үстүнө коюңуз жана 10 мүнөткө калтырыңыз. Муну бир күндө бир нече жолу кылсаңыз болот.

 • Зайтун майы

Зайтун майы көздүн кытышуусун жана сезгенүүсүн азайтууга жардам берет.

Манжаңыздын учуна бир нече тамчы зайтун майын тамызыңыз. Жабык көзүңүздү акырын укалап, бир нече мүнөткө колуңуз менен жаап туруңуз. Майды жуубаңыз. Ал териңизге табигый түрдө сиңип кетсин. Бул процедураны күнүнө 2-3 жолу кайталасаңыз болот.

Балык майы

Балык майын колдонуңуз.

Көк чайдын экстракты

Көк чайдын экстракты көзүңүздүн кытышуусун алдын алат.

Көк чай баштыктарын бир стакан ысык сууга салып, 10-15 мүнөткө калтырыңыз. Ал бир аз муздаганча күтө туруңуз. Көк чайдын ичине эки кебезди малып аны жабык көздөрүңүздүн үстүнө коюңуз. 10-15 мүнөт күтүңүз жана кайталаңыз. Муну күн сайын бир нече жолу кайталасаңыз болот.

Ысык компресс

Ысык компресстердин нымдуулугу жана жылуулугу көздүн кургагынан арылтат. Таза чүпүрөктү алып, ысык суу куюлган идишке малыңыз. Ашыкча сууну сыгып алып, малынган чүпүрөктөрдү 5-10 мүнөткө жабык көзүңүздүн үстүнө коюңуз.

Күнүнө бир нече жолу кайталаңыз.

Доктор Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасын окудуңуздар.



Тектеш кабарлар