Тарамыш нервинин оорушу

Шыпаа булагы-13

1742147
Тарамыш нервинин оорушу

Бүгүнкү темабыз: Тарамыш нервинин оорушу

Тарамыш нерви- денедеги узун нерв болуп саналат. Нервдин таасирлениши өзгөчө белдин арткы бөлүгүнүн жана буттардын оорушуна себеп болот, ошондой эле дененин ылдый жагына да жайылат.

Оору башталганда анда-санда пайда болгон белгилер байкалат, бирок андан кийин симптомдор бат-баттан сезилиши мүмкүн.

Тарамыш нервине сунуштарыбызды төмөнкүдөй тизмектей алабыз:

Сүт, бал жана сарымсак аралашмасы

Тарамыш нервинин оорусун табигый жолдор менен дарылоону каалагандар ушул аралашманы колдонгондо оору басаңдашы мүмкүн.

Сүт, бал жана сарымсакты аралаштырып, суусундук даярдаңыз.

Даярдалган бул аралашма тарамыш нервинин оорусун басаңдатат.

Ушул дарт менен көптөн бери ооруп жүргөндөргө үзгүлтүксүз колдонушун сунуштайбыз.

Жалбыз майы (Мента Пиперита)

Жалбыз майы, тарамыш нервинин оорусун табигый жолдор менен дарылоо ыкмаларынын бири болуп саналат. Антиоксиданттык касиетке ээ жалбыз майы тарамыш нервинин оорусу үчүн сунушталат.

Жалбыз майынын таасирин көрүү үчүн,  жумасына 2 жолу мойундан буттарга чейин массаж аркылуу сүйкөлүшү зарыл.

Ооруну сезгенде, органикалык жалбыз майын буттарыңызга сыйпаңыз. Кан айланууну жөнгө салган бул пайдалуу май тарамыш нервининин оорусун басышы мүмкүн.

Сары гиперикум майы

Ириңди тазалоочу касиетке ээ сары гиперикум майы, ооруган күндөрү колдонсоңуз болот.

Эгерде буттарыңызда чарчоону жана ооруну сезсеңиз, сары гиперикумду сүйкөөнү сунуштайбыз.

Үзгүлтүксүз сары гиперикум майын колдонуу  тарамыш нервининин оорусуна натыйжалуу.

Пияз

Орто пиязды экиге бөлүп, тизеден буттун томугуна чейин массаж кылып сыйпаңыз.

Пияз- ооруну басуучу жана сезгенүүгө каршы таасиринин негизинде буттардагы ооруга пайдалуу.

Пияздын жыты түйшөлткөндүктөн, колдонгондон 1 саат өткөндөн кийин жууп салсаңыз болот.

Капуста жалбырактары

Капустанын жалбырактары тарамыш нервининин оорусу үчүн сунушталган ыкмалардын бири болуп саналат.

Капустанын жалбырактарын бир-бирден бөлүп алып ысык сууга кайнатыңыз.

Капуста жалбырактары жылымык болуп муздаганда буттарыңызга ороп, бираз күтүп туруңуз.

Бул ыкманын жардамы менен кан айлануу тездеп, оору басаңдайт.  

Күнжүт майы жана Имбирдин күкүмү

Имбирь, ушул ооруну табигый жолдор менен дарылоо ыкмаларынын бири болуп саналат.

Бир аш кашык имбирди 2 аш кашык күнжүт майы менен аралаштырыңыз жана бул аралашманы тизеден ылдый сыйпаңыз.

Вискум (омела)

Ооруну басуучу таасири менен вискум өсүмдүгү, тарамыш нервининин оорусуна пайдалуу.

1 чыны ысык сууга омела өсүмдүгүн салып демдеңиз.

Ал суу жылымык болгондо ооруп жаткан жерге сүлгүнүн жардамы менен сыйпаңыз.

Жумасына бир нече жолу колдонулса болот.

Кургатылган чие сабагы:

Болжол менен 35 даана чие сабагын бир стакан сууга салып, 4-5 мүнөт кайнатыңыз. Бешинчи мүнөттөн кийин бир чымчым (беш-он гр) чалкан кошулат. Алар 5 мүнөт чогуу кайнатылат. Муздаган соң эртең менен жана кечинде бир жума бою ичилет.

Көнүгүү:

Көпкө олтуруп иш кылуу жана TV көрүү тилекке каршы бел ооруларына себеп болот. Тарамыш нервинин оорусун дарылоодо көбүнчө көнүгүүлөр колдонулат. Мунун негизинде буттардагы жана омурткалардагы оорулар да азаят.

Отуруунун ордуна күн сайын кыска аралыкка сейилдеп, тепкич менен өйдө-ылдый басып, басуу аралыгыңызды күн сайын көбөйтсөңүз болот. Ошондой эле маал-маалы менен отурган позицияңызды өзгөртүү да пайдалуу.

Программаны даярдаган доктор Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар