Армениянын кошуна мамлекеттер менен мамилеси

Евразия күндеми-34

1699049
Армениянын кошуна мамлекеттер менен мамилеси
paşinyan.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасынын бул чыгарылышында Армениянын кошуна мамлекеттер менен болгон мамилеси тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 18-август күнү Армениянын Өкмөт башчысы Никол Пашинян жаӊы өкмөттүн 5 жылдык планын жарыялап жатып, тышкы саясатта кошуналар менен жакын мамиледе боло тургандыктарын билдирди. Ошол эле күнү Пашинян ТВ каналдарынын бириндеги өз сөзүндө эч кандай шарт койбостон Түркия менен мамилени нормалдаштырууга даяр экендигин айтты. Пашиняндын пикири боюнча Армения менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык мамиленин жоктугу жана эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жабык болгондугу региондун ынтымагы жана стабилдүүлүгүнө терс таасирин тийгизип жатат.

Армениянын Өкмөт башчысы Никол Пашиняндын мындай билдирүү жасаганы күтүлбөгөн окуя эмес. Баарыбызга маалым болгондой эле, Пашинян бийликке Батыш менен жакын мамиле түзөмүн деп келген. Армениянын Батыш менен жакын мамиле түзүшү Грузия жана Түркия менен өз мамилесин бекемдеши аркылуу жүзөгө ашат. Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы кошуналары менен жакшы мамиле түзүү ниетин мурдатан эле билдирип келген. Парламенттик шайлоо өнөктүгүндө Пашиняндын командасындагы кишилер Түркия менен мамилелерди кайрадан карап чыгыша тургандыгын шардана кылышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнь күнү болуп өткөн парламенттик шайлоодо жеӊишке жетишкен “Жарандык келишим” партиясы өкмөттүн курамын түзүү үчүн коалицияга муктаж эмес. Бул нерсе Пашиняндын кошуна мамлекеттер менен мамилени нормалдаштыруу максатын ишке ашырышына мүмкүнчүлүк берет. Армян калкы Карабахта жеӊилүүгө дуушар болгонуна карабастан Пашинянды кайрадан бийликке алып келүү менен анын “кошуналар менен мамилени оӊдойм” деген сөзүн колдошоорун көргөзүштү десек болот.

2-август күнү Пашинян кайрадан өкмөт башчы болуп шайланды. Жаӊы министрлер кабинети дайындалып жаткан күндөрдө Тышкы иштер министри эӊ акырында белгилүү болду. Никол Пашинянга жакын саясатчы катары белгилүү болгон Арарат Мирзоян Тышкы иштер министри болуп дайындалганда кээ бир чөйрөдөгү адамдар “ал дипломатия тармагынан эмес” деп сынга алышты. Пашинян тышкы саясатта көнүмүш болбогон кадамдарды таштап, олуттуу өзгөртүүлөр жасоо үчүн жакын санаалашы болгон Мирзоянды бул кызматка дайындаган болушу мүмкүн. Арарат Мирзояндын Түркияны жакшы билгендиги белгилүү жана ал батышчыл бири катары таанымал.

44 күнгө созулган Карабах согушунан кийин Россия, Армения жана Азербайжан тарабынан түзүлгөн үч тараптуу комиссия айрым келишпестиктерден улам бир канча ай пассивдүү калгандан кийин кайрадан иштей баштады. Бул абал Пашинян өкмөтүнүн кошуналары, өзгөчө Түркия менен мамилелерди нормалдаштырууга кызыкдар экендигинен кабар берет. Үч тараптуу комиссия көптөгөн маселелерди талкуулап жатат. Бирок Зенгезур коридору долбоору бул маселелердин эӊ маанилүүлөрүнөн бири болуп саналат.

Урматтуу окурмандар, Армения саясатында өзүнүн позициясын жогото баштаган “Карабах кланы”, өлкөдөгү бул жаӊы процессти бузуу үчүн бардык күчүн жумшаары анык. Бирок Армениянын ички саясатында акыл-эстүүлүк жеӊип чыгат деп ишенебиз.

Түркия жана Азербайжан тарабынан сунушталган “Алты тараптуу платформа” бардык тараптар үчүн пайдалуу болуп саналат. Армениянын өнүгүшү кошуналары менен мамилесин бекемдеши менен түздөн-түз байланыштуу. Түркиянын Россия менен болгон азыркы учурдагы мамилеси Түштүк Кавказда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ыӊдайлуу шартты түзүп жатат. Ушундай себептер Пашиняндын өкмөтүн тышкы саясатта олуттуу кадамдар таштоого белсенткен болушу мүмкүн.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар