Хулуси Акардын Кыргызстанга жана Тажикстанга жасаган иш сапары

Евразия күндеми-28

1673269
Хулуси Акардын Кыргызстанга жана Тажикстанга жасаган иш сапары

Ардактуу угармандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Түркия Республикасынын Коргоо министринин Орто Азия Республикаларына жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 28-июнь- 2-июль күндөрүнүн аралыгында Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстан жана Тажикстанда иш сапары менен болду. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри 28-июнь күнү Кыргызстанга келди. Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Хулуси Акарды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бишкек шаарында Хулуси Акар Кыргызстандын коргоо министри менен тар форматта жана делегация өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрдү. Акар андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болду. Бул жолугушууларда эки тараптуу жана регионалдык маселелер талкууланды. Эскерте кетчү жагдай, Түркия менен Кыргызстан ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтык 1990-жылдардын башынан бери уланууда. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Бишкекте Ата-Бейитке жана Чыңгыз Айтматовдун үй музейине барды. Музейдеги эскерүү дептерине кол койду.

30-июнь күнү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Тажикстанга барды. Душанбе шаарында Акарды кесиптеши Шерали Мирза салтанаттуу азем менен тосуп алды. Эки министр тар форматта жана делегация өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрдү. Иш сапарынын аягында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахман Хулуси Акарды кабыл алды.

Урматтуу окурмандар, Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар сапар боюнча журналисттерге берген маалыматында, кыргыз жана тажик кесиптешин Түркияда боло турган Коргонуу өнөр-жай форумуна чакырганын жана алар бул чакырууну кабыл алганын билдирди. Түркиянын коргонуу өнөр-жайынын товарларына кыргыз жана тажик армиясынын кызыгуусу күч. Өзгөчө Түркия өндүрүп жаткан зениттик-ракеталык комплекстерди, учкучсуз учуучу аппараттарды жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга аты аталган Орто Азия мамлекеттери муктаж.

Хулуси Акар мындан сырткары билим берүү, тажрыйба алмашуу, орток аскердик машыгууларды өткөрүү боюнча макулдашышканын билдирди. Аскердик билим берүү, жалпы жана купуя маалыматтарды бөлүшүү, коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап курал-жарактарга ээ болуу, кибер коопсуздук сыяктуу тармактарда кызматташтык аябай маанилүү болуп саналат. Ошондуктан бул тармактагы жакын кызматташтыктын улантылышы бардык тараптар үчүн пайдалуу десек жаңылышпайбыз.

Түркиянын Орто Азия мамлекеттери менен аскердик-техникалык кызматташтыгы жакшы деңгээлде болуп саналат. Бул кызматташтыкты стратегиялык деңгээлге чыгара турган мезгил келип жетти.

Ооганстандын Орто Азия мамлекеттери менен чек арасында болгон акыркы окуялар, Ооганстандын коопсуздугунун жакшы абалда эместигинен кабар берип турат. Ооганстанда стабилдүүлүк орногондо гана Орто Азия мамлекеттери өнүгө алат. Аймактын коопсуздугун камсыз кылууда Түркия Орто Азия мамлекеттеринин негизги союздашы боло алат. Ооганстандын коопсуздугун камсыз кылуу маселесинде Түркиянын коопсуздукту камсыз кылууну улантуу ниети Орто Азия мамлекеттери үчүн да маанилүү болуп саналат.

Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар өткөн жылы Казахстанда жана Өзбекстанда иш сапары менен болгон. Акардын бул иш сапары Түркиянын Орто Азия мамлекеттери менен коргонуу тармагында кызматташтыкты жаңы бир баскычка чыгарууну көздөп жаткандыгын айгинелейт. Бул абал Түркиянын региондогу аброюн арттырып, союздаштары менен мамилесин өнүктүрүп, боордошторуна кол кабыш кылышына шарт түзө тургандыгы менен маанилүү болуп саналат. Түрк Кеңешинин астында Коргонуу кеңешинин түзүлүшү бардык тараптарга пайдалуу болуп саналат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар