Анадолунун алгачкылары – 18. 2021

Эвлия Челеби.

1674170
Анадолунун алгачкылары – 18. 2021

         

Башка дүйнөнү, башка адамдарды көрүп, билип таанууну каалаган адамдар окуган китебинен, көргөн кинодон же маектешип отуруп уккан сөздөрүнөн таасирленип башка жерлерге барууга чечим чыгара алышат. Жаңы жерлерди көрүү, жаңы адамдар менен таанышуу жана өмүрүн жолдо өткөрүү пикири көпчүлүк адамга ылайыктуу болсо да, кээ бирлер үчүн үрүкүтүүчү болушу мүмкүн. Негизинен саякаттоо башка тентип кетүү башка нерсе... «Мен эми саякатчы болууга чечим чыгардым»,- деп эле саякатчы болуу мүмкүн эмес.  Анткени бул жашоо образы. Негизинен бул бир кумар.

Андай болсо бул кумарлануу азыркы күндүн адамдарынын эле кумарыбы? Мурунку доорлордо саякатка чыккандар, ошол түрткү менен жолго чыккандар, саякатчылар жок беле? Албетте болгон. Айрымдары өздөрү жашаган жер менен эле чектелип калган болсо, айрымдары алыстарга, түрдүү географияларга баруу мүмкүнчүлүгүн тапты. Алардын бирөөсү, балким да эң негизгиси, бул жерлерде жашады бирок бардык адамзатка таанымал болду. Ал  -  Эвлия Челеби...

Азыркы күндө  кыдыруу, саякаттоо өткөн мезгилдерге караганда абдан оңой. Барууну каалаган жериңиз тууралуу жазылган китептерди окуп же интернеттен маалыматтарды алууга болот. Кантип барарыңызды, кай жерде токтоп эс алуу керектигин, ал түгүл эмне жей тургандыгыңызды да биле аласыз. Бирок жүздөгөн жыл мурда транспорт жок кезде, көпчүлүк учурда кербендер менен жолго чыгылчу жана бир саякатчы да ошентип жолго чыгат. Сарайда бир иши бар, бирок  кызмат орундугуна кызыкпайт ал адам. Бир жерде кала албай тургандыгын билген, жаңы жерлерди көрүүнү жана башка нерселерди үйрөнүүнү баарыдан жогору көргөн адам. Бир түш көрүп жолго чыккан, көптөгөн жылдар кенен аймактарды кыдырган, бир дүйнө классикасына айланган жана ал унутулгус чыгамасы «Саякат  - нааманы» жазган, кылымдарга тамгасын баскан бир саякатчы... Жашаган мезгилинен алда канча алдыга кеткен, бизден бири Эвлия Челеби.

Эвлия Челеби «сеййах -  ы алем» дейт өзү тууралуу башкача айтканда «дүйнө саякатчысы»... Колунда бар үй  бүлөнүн баласы, атасы сарайда зергер башчысы. Мыкты билим алган. Арапча, фарсча, румча,  латынча жана грекче үйрөнгөн. Ал тууралуу бардык маалыматтарды «Саякат  -  наамасынан» алууга болот.  Эвлия челебинин дүйнөнү кыдырып, көрүү каалоосу бар эле. 19 жашында бир түш көрөт. Бул түшү аны 51 жылдык саякатынын башталышы болот. Түшүндө Азырети Мухаммедди көрөт.  Анын колун өөп жатып «Шефаат йа Ресулаллах» дегендин ордуна адашып «Сеяхат йа Ресулаллах» дейт. (Пайгамбардан багыштоону суранар жерде адашып саякат тилейт). Эвлия Челебинин дүйнөнүн белгилүү саякатчысы болушунун жолу мына ушул түштөн кийин ачылат. Түшүндө алган жолдомо менен саякаттоону туулган жери Стамбулдан баштайт.  20 жашында Стамбулдун ар бир карышын кыдыра баштайт. Андан кийин үйдөгүлөргө кабар бербестен жашыруун түрдө Бурсаны көздөй жолго чыгат. Атасы аны саякатоодон баш тарттыра албай тургандыгын түшүнөт жана аны колдоп баштайт. Кыдырып көргөн жерлери жана билгендерин жазышын, саякат  - наама деген аттын алдында чогултушун керээз кылып айтат.

Айрым иликтөөчүлөр Эвлия челебинин негизинен мындай түш көрбөгөндүгүн, саякаты үчүн руханий колдоо алуу жана каршы чыгууларды четтетүү үчүн бул жолду тандагандыгын айтышат. Эвлия Челеби бул түштү чындыгында эле көрдүбү же бул саякаттар тууралуу колдоо алуу үчүн айттыбы аны биле албайбыз. Түшү кыдырып дүйнөнү көрүү, билүү, буларды да башкаларга айтуу үчүн жазуу негизинен. Биз болсо Эвлия Челебинин түшүнүн чындык болгондугун билебиз!

Эвлия Челеби «Саякат  - наамасын» жазуу менен баштайт. Жети климат, 18 падышачылык, 25 миллион километр квадратка жакын аймакты кыдырат. Көргөн  - билгендерин 10 томдук «Саякат  - наама» чыгармасында чогултуп, дүйнө маданиятына, мурасына белек кылат.

«Саякат  - нааманын» биринчи томунда Стамбул орун алган. Стамбул атынын кайдан келип чыкканынан баштап, тарыхый курулуштары, чептери,  мечиттери, мончолорунан сөз кылат Эвлия Челеби.  Ишкана ээлерин, райондорунан, бакчаларынан ал түгүл тамак  - ашынан да сөз кылууну унутпайт. Башка томдорунда дагы кенен географияга жайылган саякаттары орун алат. Анадолудан Балкандарга,  Кавказиядан Иранга, Азияга, Европага, Африкага чейин кыдырып барат. Айткандары кээ бир учурда абдан апыртылган болсо, айрымдары чындык. Сатиралык жагы күчтүү жана өзүнчө оригиналдуу мүнөзү болгон Эвлия Челеби бул жагын да «Саякат  - наамада» чагылдырат. Көрүнбөгөн, белгисиз дүйнө, арбактар, бүбү-бакшылар жана табияттан тышкаркы жандыктар жөнүндө сөз кылгандыгы үчүн сындалат Эвлия Челеби. Бирок, ал кайталангыс стилди жаратып, кыялдануусун өзүнүн чыгармачылыгына кошту, балким саякатчы болуунун негизги элементи болсо керек. Түрк адабиятынын күчтүү калемгери Ахмет Хамди Танпынар : «Мен Эвлия Челебини сындоо үчүн эмес, ага ишенүү үчүн окуймун жана ошондуктан да дайыма кирешелүү чыгамын»,- дейт «Беш шаар» аттуу чыгармасында. Адаттан тыш жана сюрреалисттик окуялардан тышкары, эпидемиялык чума жана пес оорусу, музыкалык терапия жана көптөгөн айыгуу булактары сыяктуу эпидемиялык оорулар жөнүндө кеңири маалымат берет. Анын суктануу жараткан байкоо чеберчилиги да болгон.

«Саякат -  наама» жөн гана саякат тууралуу эле жазылган  китеп эмес. Эвлия Челеби бул эмгегинде 17-кылымда, өзү жашаган Анадолунун эле эмес, көптөгөн ар башка улуттардын маданий жашоосун иликтейт жана жазат. Ал барган жерлеринин тарыхын, географиясын, архитектуралык чыгармаларын, тилин жана элдик маданиятын кеңири түшүндүрүп берет. Ал барган өлкөлөрдөгү адамдардын күнүмдүк жашоосун, каада-салтын, ишенимдерин, кийимдерин, тойлорун жана көңүл ачууларын, тамактарын, макал-лакаптарын жана фразеологизмдерин, кыскасы, маданиятты маданиятка айландырган бардык элементтерди эң ​​майда-баратына чейин чеберчилик менен чагылдырат. Ушул себептен, бул эмгек тарыхта жок болуп кеткен Венгриянын айылдары жана шаарлары жөнүндө маалымдалган эң маанилүү булак болуп саналат.

«Саякат  - наама»  Эвлия Челебинин өлүмүнөн 130 жылдан кийин белгилүү тарыхчы, саякатчы Жозеф фон Хаммер-Пургсталл тарабынан табылганга чейин, китепканаларда катылып келген. Илим дүйнөсүнө киргенден кийин ал жөнүндө көптөгөн китептер жазылып, ал көптөгөн изилдөөлөрдүн темасына айланат.   Ал ар кандай тилдерге, айрыкча англис, серб, венгр, грек, румын тилдерине которулат.

Дүйнөнүн эң белгилүү саякатчысы Эвлия Челеби Европа Кеңешинин 'Адамзат тарыхында маданияттардын ортосунда көпүрө курган' 101 адамдан турган тизмесинин башында турат. Өлүмүнүн  400 жылдыгына карата 2011-жылы  ЮНЕСКО тарабынан "Эвлия Челеби жылы" деп жарыяланган.

Ал 51 жыл бою дүйнө жүзүн кыдырып, көргөн-билгендерин акыркы аялдамасы Египетте өзүнүн таасирдүү ыкмасында жазат. Эвлия Челеби «Саякат  - наамасында»   бизге белгисиз ааламдардын каалгасын ачат ... Ошол каалгалардын ичине көз чаптырсак, архитектордун көзү менен тарыхый экспонаттар, бир лингивисттин кызыгуусу менен диалектилер, ар башка тилдерден келген сөздөр, фольклористтин көз карашы боюнча ар кандай коомдордун жашоо образы жана тарыхчынын көз карашы менен тарыхый окуялар көз алдына келет. «Саякат  - наама»   дүйнөдөгү эң кеңири, эң кызыктуу, биринчи жана жалгыз саякат китеп болуп саналат. Аны китеп деп атоо адилетсиз болушу мүмкүн, бул бир маалымат булагы, бир антология!

Дүйнөгө таанымал тарых профессору Халил Иналчык : «Биздин эң улуу тарыхчыбыз»,- дейт Эвлия Челеби тууралуу.  Ал өмүрүн үйүнөн алыста өткөрөт, анын үйү бүт дүйнө болгон. Бул бизди шыктандырат, биз үчүн кеңири жолдорду ачат, кыялга ишенүүгө жана кыялга жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтөт. Көптөгөн жылдардан кийин отуздан ашуун мамлекет курулат ал кыдырган жерлерде. Так же так болбогон маданий мурас элементтеринин көпчүлүгү азыркы күнгө чейин келген эмес бирок ал маданий байлыгы тууралуу Эвлия Челебиден үйрөнсөк болот.

Программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар