Буларды билесиздерби?

Диярбакырдагы чептердин 7 000 жылдык тарыхы бар экендигин билесиздерби?

1673863
Буларды билесиздерби?

Диярбакыр Түркиянын Түштүк - Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан, заманбап жүзү менен да  тарыхтын күбөсү болгон  чептери менен белгилүү  шаар. Биздин заманга чейин 3000 - 4000 - жылдар аралыгында курулган жана дүйнөдөгү эң байыркы цивилизацияларга күбө болгон Диярбакыр чептери дүйнөдөгү эң бекем чептердин катарына кирет. Диярбакыр чептеринин айланасы болжол менен 5200 метрди түзөт. Коргонуу үчүн курулган бастиондордун жана чеп дубалдарынын бийиктиги кереметтүү элести жаратат. Бастиондордун жана чептердин бийиктиги 8 метрден 22 метрге чейин. Чептердин дубалдарындагы жана бастиондордогу рельефтер абдан таасирдүү жана эбегейсиз көрүнүшкө ээ.

Диярбакыр чептеринин  4 негизги кирүү дарбазасы бар. Тарыхый булактарга караганда, бул төрт дарбаза Месопотамиянын эң маанилүү соода жолу катары кабыл алынган Диярбакырдагы көзөмөл жана кирүү-чыгууну камсыз кылуу максатында курулган. 19-кылымга чейин дубалдардын дарбазалары күндүн чыгышы менен ачылып, күндүн батышы менен жабылып турган, андан кийин шаарга кирүү жана чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жок болчу.



Тектеш кабарлар