Ден-соолуктун башаты-12

Эрзурум шаарындагы "Ататүрк" университетинин медицина факультетинин изилдөөчү кызматкери, уролог дарыгери Бакытбек Козубаев менен маектешүү.

1658737
Ден-соолуктун башаты-12

            Урматтуу интернет колдонуучулары, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында жаңы технологиялар менен дарылоо ыкмасы тууралуу маек болмокчу.            

           Бул программабызда  Эрзурум шаарында "Ататүрк" университетине караштуу “Ататүрк билим берүү жана изилдөө” ооруканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Бакытбек мырзанын маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

           Суроо: Саламатсызбы, Бакытбек мырза. Алгач убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Канча жылдан бери Түркияда эмгектенип келе жатасыз?

          Жооп: Саламатсызбы, Назгүл айым. Саламатсыңарбы, мекендештер. Мен Козубаев Бакытбек 2011-жылы Кыргыз Медициналык академиясын бүтүргөм. 2012-2013-жылдары Кыргызстандагы Улуттук Госпиталда урология бөлүмүндө ординатураны аяктагам. 2015-жылы досум сунуштаган программа менен Түркиянын Эрзурум шаарына келгем. Ататүрк университетинин алдындагы ооруканада эки жылдай стажировкадан өттүм. Көптөгөн нерселерди үйрөндүм. Операцияларды үйрөнүп жасап баштадым. Анан бул жактагы өзүбүздүн мекендештерден сураштырып, ТУС деген экзамен бар экенин билип кайрадан экзаменге даярдандым. Бул экзаменге эки-үч жылдай даярдандык. Ошентип кайра башынан тапшырып буюрса эми ординатурамдын үчүнчү жылынан өтүп атам. Буюрса эки жылдын ичинде бүтүрүп калабыз.

         Суроо: Сиз урология бөлүмүндө бир канча жылдан бери эмгектенип келе жатыптырсыз. Ушул бөлүмдү тандап алышыңыздын себеби жана башка бөлүмдөргө караганда артыкчылыгы тууралуу кеп кылсак. Анан бөлүмүңүздө Кыргызстан менен Түркияда жасалган операциялардын айырмачылыгын бизге айта кетсеңиз.

         Жооп:  Урологияны тандаганымдын бир себеби, бул - бизде урологияда медикаменттик жана оперативдик түрлөр менен даарылоо экөө бир деңгээлде жүрөт. Жана андан тышкары  өзүмүн эндоскопиялык операцияларга кызыгуумдан тандадым десем болот. Эми башка бөлүмдөр айырмачылыгы бул – урологияда, бизде операциялардын дээрлик 90 пайызы эндоскопиялык операция менен жасалат. Бул да болсо бейтаптын эртерээк бутуна турушуна жана өз калыбына келишине себеп болот. Кыргызстан менен Түркиянын урологиядагы операциясынын айырмачылыгы, Түркиядагы ооруканаларда акыркы замамбап жабдыктар менен камсыздандырылуусу менен артык деп айта алам. Бизде дагы ошондой эндоскопиялык операциянын жаңыдан жасалып келе жатат. Бирок башка перифериядагы жерлерибиздин дагы да болсо көп операциялар ачык жасалып келет.

            Суроо: Сиз азыр Ататүрк университетинин медицина жаатында эмгектенип келе жатасыз. Бул университетти кандайча тандап алдыңыз? Иштөө тартиптериңиз кандай? Негизи эле факультетиңиз тууралуу кыскача маалымат бере кетсеңиз.

            Жооп: Ататүрк университети негизи эле Түркиядагы эң чоң университеттердин катарына кирет. Өзүнүн ооруканасы бар. “Ататүрк билим берүү жана изилдөө ооруканасы” деп айтылат. Чыгыш Анадолунун эң чоң ооруканаларынан бири. Он үч- он төрт областка карайт. Андан тышкары Азербайжандан, Ирандан, Сириядан келген бейтаптар менен бирге жылына төрт-төрт жарым миллион бейтапка кызмат көргөзөт. Күнүнө жүз элүү-эки жүздөй операция болуп турат. Андан тышкары күндө беш миңге жакын жаңы бейтап кабыл алып турат. Биздин иш тартибибиз саат 07.30-да башталат. Эки бөлүм бар. 07.30-дан 08.00-го чейин обход болот. 08.00-дон 16.00-го чейин операцияда болобуз. 16.00-дон кийин жаңы жаткан бейтаптарды карайбыз, анализдерин алабыз, УЗИ кылабыз. Ошентип отуруп 17.30-18.00-до жумуштан чыгабыз.

            Суроо: Бакытбек мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, ден соолукта болуңуз. Саламатта калыңыз.

            Жооп: Рахмат, Назгүл айым. Сиздердин дагы ишиңиздерге ийгилик. Ар дайым ишиңиздер илгерилей берсин. Жана ошондой эле бүткүл кыргыз элим ар дайым аман болсун, биримдикте болсун, тынчтыкта болсун. Өсүп келе жаткан жаштардын келечеги кең болсун. Биз дагы бул жактан тажрыйба топтоп Кыргызстанга барып, Кыргызстандын медицинасына чоң-чоң салым кошобуз деген ниеттебиз.

            Урматтуу окурман, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.

 



Тектеш кабарлар