Суу менен башталган маданият - 23. 2021

Анадолунун арашандары.

1578569
Суу менен башталган маданият  - 23. 2021

Кылымдар боюу адамдар сууну айыгуу жана айыктыруу үчүн колдонушкан. Булардын ичинде ысык суулары менен арашандар өзгөчө орунда турат. Көптөгөн цивилизация бул жерлерди ыйык жер катары көрүшөт анткени жараларды, ооруларды айыктырган. Арашандар адамдын турмушунда дайыма бар болгон. Медицинадагы  өнүгүүлөргө байланыштуу бир убак арткы планда калса да эч качан толугу менен баш тартылган эмес.

Табигый чөйрөдөн алыстоо, шаар турмушунун стресси жана кошо ала келген ден соолукка байланыштуу маселелер азыркы күндөгү адамдарды башка бир изденүүлөргө багыттоодо. Колдоочу жана алдына алуучу дарылоо тууралуу арашандарга болгон кызыгуу күн өткөн сайын артууда.

Бүгүн бул  пайдалуу минералдык суулар заманбап медицинада “курортология» билим тармагынын дарылоо элементи катары колдонулууда. Эми болсо арашандарга суунун айыктыруучу күчүнөн пайдалануу, шыпаа табуу же балким да суудан тынчтык таап, эс алуу үчүн барабыз. Анадолу ревматизмден дем алуу жолдорундагы ооруларга, нерв системасындагы ооруларга чейин көп сандаган ооруну айыктырган бир «термалдык бейиш». 

Урматтуу угармандар бул жумада да   Анадолудагы арашандардан сөз кылууну улантабыз.

Үстүдөн кар жаап жатканда ысык суулардан шыпаа табууга болобу? Же бул жөн гана айтылган сөзбү? Анадолу географиясы  бардык темаларда болгондой бул тууралуу да көптөгөн күтүлбөгөн нерселерге бай. Түркияда кыш мезгили катуу болгон Чыгыш Анадолу аймагында биз сөз кылган арашан бар. Памуккаледеги травертиндерге окшогон апапак арашандар  Арарат тоосунун Диядин районунда. Арашандардын суусу бир гана термалдык эмес, ошол эле учурда термоминералдык суу деп бөлүнөт. Жер астынан чыккан суунун термалдык суу катары кабыл алынышы үчүн 20 сантиграт градуста жана андан жогору болушу керек. Диядин арашандары бул өзгөчөлүккө ээ тактап айтканда бир литр суунун курамында бир граммдан ашык бикорбанат, хлорид, сульфат жана кальций сыяктуу минералдар бар. 300 метр тереңдиктен чыккан шыпаалуу суунун ысыктыгы 80 градуска жакын. Муздатуучу бассейндерден өткөрүлүп 45 градуска түшүрүлгөн суу бассейндерге жиберилүүдө. Арашандын суулары ревматизм, тери, сөөк ооруларына пайдалуу.

Анадолунун эң эски отурукташуу жерлеринин бири болгон Диядин сууга жакын болуу үчүн дарыя жээгине курулган. Арашандар болгон аймактын ортосунан Мурат дарыясы өтөт. Мурат дарыясынын чыккан жери бир вулкандык тоо болгон Тендүрек. Жайы кышы үстүнөн буу кетпеген ысык суунун чогулган жери. Тендүрек тоосунун чындыгында өчкөн бир жанар тоо болуп же болбогондугу ойлондурат.  Диядинде «Цивилизациялар бешиги» деп аталган бир байыркы шаар бар. Мея байыркы шаары. Мея байыркы шаары аскалар оюлуу менен пайда болгон жана Кападокиядагы пери моруларына окшошот. Бул байыркы шаарда бөлмө, ашкана жана ыбадаткана  катары колдонулган көп сандаган үңкүр бар. Үңкүрлөрдө түрдүү ишеничтердин издери бар бирок урап калгандыктан бул байыркы шаардан азыркы күнгө бир гана аскаларга оюлган оюктар, крест түрүндө казылган таштар менен мазарлар калган.

Эми Анадолунун чыгышынан акырындап жүрүп Ич Анадолу аймагындагы арашандарга келели. Анадолу географиясында хеттылар мезгилинен баштап азыркы күнгө чейин келген арашандар бар. Селчуктуктар менен Анадолу княздыктары мезгилинде Рим жана Византия арашандары оңдолуп, түрк мончосу формасына келтирилет. Түрктөр Рим мезгилиндеги бассейндердин айланасына өзүнчө жуунуучу жерлерди кошушат. Осмондуктар да сечуктуктардан калган арашандарды жаңылап колдонушат. Борбор шаар Анкарадагы Хаймана, Кызылжахамам жана Аяш арашандары бул сөз болгон арашандардын арасында.

Түркияда арашандары менен белгилүү шаарлардын бири да Афьонкарахисар. Бул шаарда жетимишке жакын термалдык булак жана арашан бар. Арашандардын фригиялыктар мезгилинен бери колдонулгандыгы болжолдолууда. Бул арашандардын эң белгилүүсү Сандыклы арашаны. Бул Сандыклы арашаны  камтыган жогорку катнаштагы күкүрт менен шыпаа берип, дүйнөгө белгилүү баткак мончолору менен да алдыга чыгат. Өзгөчө ортопедиялык операция жана спорттук жаралануулардан кийинки айыгууда  абдан чоң пайдасы бар. Гежек, Газлыгөл, Хейбели жана Өмер арашандары да Афьонкарахисардын алдыңкы арашандарынын арасында орун алат.

 Эзелтеден бери арашандарга болгон кызыгуулардын азайбагандыгы белгилүү. Медицина жетерсиз болгон ортоңку кылымда да шыпаалуу сууларга кызыгуулар болгон. Айыгууну каалаган адамдар бул өзгөчө жерлерде көптөгөн күндөр болуп айыгышкан. 19 -  кылымга келгенде бүткүл дүйнөдө арашандардын мааниси барган сайын артат. Ал мезгилде Яловадагы термалдык арашандар көп сандаган чет элдик мамлекеттик кызматкерлерди тосуп алат. Бир жер титирөөдөн улам пайда болгон Ялова термалдык арашандары миңдеген жыл, түрдүү цивилизациялардын шыпаа борбору болот. Булактарга караганда эски доорлордо аймак калкы жердин астынан чыккан ысык суу жана буудун бир ажыдаардын чыгарып жаткандыгына ишенет. Буунун келечектен кабар бергендигин ойлошот. Ал мезгилде Ялова арашанынын  сыйынуу жери катары функциясы да болгон.

Биринчи дүйнөлүк согушунан улам арашандар кароосуз калат. Түркия республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн Ялова сапарынан кийин термалдын тагдыры өзгөрөт. Анткени  арашандарга суктанган Ататүрк : «Бул жер келечектин суу шаары болот»,- деген жана бүгүн Ялованын бир району болгон Термалда  калыбына келтирүү иштери ылдамдатылат. Термал дүйнөгө белгилүү борборго айланат.

Кылымдардан бери Рим, Византия, Селчуктук жана осмондук мезгилдеринин шыпаа борбору болгон Термал азыркы учурда да бир топ ооруну дарылоодо колдонулууда. Арашан сууларынын ысыктыгы 54 – 64 -  сантиграт градустун арасында өзгөрөт жана натрий, кальций, сульфат камтыган шыпаалуу сууларга кирет. Бул шыпаалуу суулардан ревматизм, метоболизм, сиңирүү жана дем алуу системасындагы оорулардан, психикалык ооруларда өзгөчө ортопедиялык операциялардан кийин колдонулууда. Бүгүн теңдеши жок өсүмдүк жабуусу, тарыхы жана археологиялык баасынан улам коргоо астына алынган Ялова Термал арашандары дүйнөнүн саналуу саламаттык жана эс алуу борборлорунун арасында орун алууда.

Батыш Анадолу аймагы термалдык суу булактары жактан Анадолунун эң бай географиясы... Эллендик цивилизациянын алгачкы шаарларынын Батыш Анадолуда курулушунан улам байыркы мезгилден калган көп сандаган арашан бар жана көпчүлүгү да ачыкка чыгарылууну күтүп жатат.

Термалдык  булак санына караганда Измир Түркиянын эң бай шаары. Атын Троя согуштарынын командири жана Микен королунан алган Агамемнон -  бүгүнкү Балчова арашандары менен алдыга чыкса да Измирде отуздан ашуун термалдык булак бар. Измир эң башта арашан салты башталган байыркы доорлордун эң белгилүү арашан жана дарылоо борбору катары билинген Бергама, Сеферихисар, Чешме жана Дикилидеги арашандары менен дүйнөнүн төрт тарабынан келген адамдарды айыткырууда.

Дүйнөнүн  «минералы көп суусу» деп тастыкталган Балыкесирдин Гөнен арашаны, өлө турган бейтаптарды да айыктыргандыгына ишенилген Бурса Инегөлдөгү Ойлат арашаны кичинекей кызыл травертиндери менен Денизлидеги Памуккаледе курамындагы темир катнашы жогору болгон Хайытлы арашаны, Анадолу осмондук арашан архитектурасын белгилеген Бурса арашандары Эскишехир, Күтахия жана башка жүздөгөнү.

Бүгүн шыпаа берген Анадолу аймагындагы миңдеген жылдардан бери келе жаткан арашандардан сөз кылууга аракет кылдык.



Тектеш кабарлар