Ирандын тышкы иштер министринин Кавказ жана аны менен чектеш аймактагы мамлекеттерге иш сапары

Евразия күндеми-5

1577541
Ирандын тышкы иштер министринин Кавказ жана аны менен чектеш аймактагы мамлекеттерге иш сапары
Zarif.1.jpg
aliyev zarif.jpg
çavuşoğlu-zarif.jpg
Zarif.jpg

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасында Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтин Кавказ жана аны менен чектеш аймактагы мамлекеттерге жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үcтүбүздөгү жылдын 24-январынан 29-январына чейин Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф аты аталган аймактагы мамлекеттерде иш сапары менен болду. Ирандын тышкы иштер министри кезеги менен Азербайжан, Россия, Армения, Грузия жана Түркияга барды. Жевад Зариф аты аталган мамлекеттердин лидерлери тарабынан кабыл алынды жана тышкы иштер министрлери менен эки тараптуу жана регионалдык маселелерди талкуулады.

Ирандын Тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф алгач Азербайжанга барды. Баку шаарында Жевад Зариф Карабахтын оккупациядан бошотулушу менен Азербайжан элин куттуктады. Ирандын Тышкы иштер министри оккупациядан бошотулган аймакты кайрадан курууга ирандык ишкерлердин даяр экендигин билдирди. Зариф, Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуу учурунда Арас дарыясынын эки жээгинде ар дайым достук жана боордоштук болуп келгенин белгилеп өттү.

Мухаммед Жевад Зариф Азербайжандан кийин Россияга барды. 26-январь күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Жолугушууда Карабахтын коопсуздугу жана экономикалык өнүгүүсү, Ирандын өзөктүк программасы боюнча биргелешкен ар тараптуу аракеттер планын сактап калуу, “Спутник V” вакцинасынын Иранда колдонулушу сыяктуу маселелер талкууланды. Жолугушуунун соңунда Россия менен Ирандын ортосунда маалымат коопсуздугу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.

Ирандын Тышкы иштер министри Россиядан кийин Арменияга барды. Ереванда Мухаммед Зариф, “Армениянын территориялык бүтүндүгүнүн корголушу Иран үчүн абдан маанилүү” экенин баса белгиледи. Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян болсо Зарифке Карабах маселеси боюнча арыз-муңун билдирди.

Мухаммед Зариф андан соң Грузияга барды. Ирандын тышкы иштер министри Тбилисиде Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили, премьер-министри Георгий Гахария менен жолугушту.

Грузиянын жетекчилери менен жолугушкандан кийин Зариф Түркияга сапар тартты. Зариф Стамбул шаарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда Азербайжан, Иран жана Түркиянын президенттеринин жакынкы күндөрдө үч тараптуу жолугушуу уюштура тургандыгы жарыяланды. Андан соң Ирандын Тышкы иштер министри президент Режеп Таййип Эрдогандын кабыл алуусунда болду.

Урматтуу окурмандар,  Азербайжан менен Түркиянын президенттери Баку шаарында Аймактык кызматташтык платформасын түзүүнү сунуш кылышкан болчу. Ирандын тышкы иштер министри аталган платформага кириши ыктымал болгон мамлекеттерге иш сапарын жасады. Тегерандагы жетекчилер Азербайжан менен Түркиянын Армения менен, ал эми Россиянын Грузия менен көйгөйү болгондуктан эң ыңгайлуу позициядагы мамлекеттин Иран экенин ойлонуп жатышат. Балким ушундан улам Ирандын Грузиядагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Касем алгач 1+3 (Иран, Азербайжан, Армения, Грузия) форматында ишти баштап, кийинчерээк калган мамлекеттерди кошууну сунуштагандыр. Бул платформа батыштын санкцияларынын таасирин минимумга түшүрүү жагынан да Иранга пайдалуу болуп саналат. Бирок эгер Түркия бул платформанын ичинде орун албаса, платформанын ийгиликке жетпей тургандыгы анык.

Регионалдык маселелердин, ошол региондогу мамлекеттер тарабынан чечилишинин туура кадам боло тургандыгы Карабах маселесинде белгилүү болду. Кавказ аймагынын өнүктүрүлүшү да аймактагы мамлекеттердин кызматташуусу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн. Азербайжандын жана Түркиянын президенттери тарабынан Баку шаарында сунушталган платформа ишке ашырылса, Кавказ өнүккөн аймакка айланат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар