Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-126

Түрк элдеринин адабиятынан – Түрк тектүү элдердин адабиятынын Түркияда изилдениши

1554950
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-126

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү элдердин тили жана адабиятынын Түркияда изилдениши тууралуу кеп кылабыз.

Түркия мамлекетинин куруучулары, убагында уламалап келген согуштардан кийин улуттук эркин мамлекет курууну самашкан. Мустафа Кемал Ататүрк жана анын достору мамлекеттин пайдубалын улуттук аң-сезим менен модернизациялоонун негизинде кура башташкан. Ошол учурда “Түркчүлүк” агымы пайда болгон. Бул агымдын баштоочусу айтылуу түрколог, окумуштуу Зия Гөкалп “Түрктөрдүн үрп-адаты”, “Түрк маданиятынын тарыхы жана түркчүлүктүн негиздери” аттуу китептерин жазып чыгуу менен коомчулукта түркчүлүк аң-сезими ойгоно баштаган. Бирок Зия Гөкалп мамлекеттин курулушунун биринчи жылында, башкача айтканда, 1924-жылы жаш кезинен кайтыш болот. Анын ордуна окуучусу Фуат Көпрүлү Түркчүлүк агымын уланкан. 1931-жылы түзүлгөн Түрк тарых курумунун башчысы болуп шайланган дагы бир Түркчүлүк агымынын негизги мүчөлөрүнүн бири - улуту татар Жусуп Акчура болгон. Акчура түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрүнүн башатын түзгөн десек да болот. 1932-жылы курулган Түрк тил курумунун негизги максаттарынын бири - Түркчүлүк агымын колдоо эле. Бул курумда алагчкылардан болуп Пекарскийдин “Якут тининин сөздүгү” которулган.      

Түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрү Ататүрк өлгөндөн кийин соолгундаганы байкалат. Башкача айтканда, ошол маалда түрк окумуштуулары түрк тил жана адабиятынын тарыхы менен алектенишкен. Ал эми 1960-жылдары кайрадан түрк дүйнөсүнүн изилдөөлөрү улана баштаганын көрүүгө болот. Юдахиндин “Кыргызча сөздүгү”, Паасонендин “Чуваш сөздүгү”, Саадат Чагатайдын “Казакча тексттери” аттуу котормолору мына ушул жылдарга туш келет. 1961-жылы курулган “Түрк маданиятын изилдөө институтунун” изилдөөлөрүнүн басымдуу бөлүгү түрк дүйнөсүнө арналган. Анын 1964-жылы чыга баштаган “Түрк маданияты” журналында ушул темада бир топ макалаларды жолуктурууга болот. Бул институттун “Түрк дүйнөсүнүн китеби” аттуу эң негизги эмгегинде түрк элдеринин тили, адабияты, тарыхы, географиясы жана искусствосу чагылдырылган. Бир жагынан мына ушундай иш-чаралар жүргүзүлүп жатканда, бир тарабынан Түркияда сырттан келген түрк элдери тарабынан ачыла баштаган ар кандай бирикме жана коомдордун чыгарган китепче жана журналдары ошол өз эли тууралуу маалыматтар менен байыта баштаган. 1980-90-жылдарга чейин Түрк тил куруму тарабынан жарыяланган Таймастын “Казань түркчөсүндө макалдар”, Ахундовдун “Азербайжан элдик чыгармаларынын үлгүлөрү”, Чагатайдын “Түрк тилдеринен мисалдар, тирүү диалекттер жана говорлор” аттуу чыгармалар Түркология бөлүмүндө окутулуп келген. Ал эми адабият жаатында болсо 1990-жылга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары гана которулганын көрүүгө болот. Муну менен бирге Крым-татар жазуучусу Чыңгыз Дагжыны да айта кетиш керек. Ал чыгармаларын түрк тилинде жазган жана чыгармаларында советтер бийлигинин коркунучтуу жылдарын чагылдырган.

1990-жылдардан кийинки Түркиядагы изилдөөлөргө көз чаптырганыбызда, түрк дүйнөсүнүн бир канча багытта системалуу түрдө изилдене баштаганын көрүүгө болот. Мунун негизги себебинин бири -Советтер союзунун кулашына таянат. Эркин мамлекетке ээ болгон түрк тектүү элдердин чыгармалары мындан кийин байма-бай которулуп жана изилдене баштаган. Түрк тил куруму түрк дүйнөсүнө таандык сөздүктөр, адабий котормолор, грамматика жаатында терең изилдөөлөрдү жүргүзүп китеп чыгара башташкан. Түркмөн акыны “Ата Атажановдун ырлар жыйнагы”, кыргыздардын “Манас эпосу жана кыргыз маданияты тууралуу” котормосу, “Македония жана Косова түрк элдеринде колдонулган макал-лакаптап”, “Азербайжан элдик ырлары”, “Уйгур жана өзбек тилдеринде этиш” сыяктуу түркология илимин азыктандырган бир топ чыгармалардын жарыяланышы менен бул илим жаатынын да өнүгүшүн көрүүгө болот. Бул курумдан сырткары Түрк маданиятын изилдөө институту, Түрк дүйнөсүн изилдөө фонду, Түрк дүйнөсүнүн достугу, бир туугандыгы жана кызматташтыгы фонду (ТҮДЕВ), Түрк маданиятын жана искусствосун биргелешип башкаруу, кыскартып айтканда, ТҮРКСОЙ уюму, Түрк кызматташтык жана өнүгүү агенттиги же ТИКА сыяктуу чоң уюм жана мекемелер түрк дүйнөсүн изилдөө тууралуу өтө олуттуу кадам таштап, бир топ котормо жана изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана азыр да улантып келет. Ал эми улуттук ТРТ Аваз каналынын эфирлери жана ТРТ Радио уктуруулары дагы атайын түрк дүйнөсүнө арналып курулуп, азыркы учурда бул боюнча эфирлерин жана уктурууларын жарыялап келет. Мындан сырткары университеттерде ачылган Түрк тилдери жана адабияттары бөлүмдөрүндө түрк дүйнөсү тууралуу бир топ магистранттык жана докторанттык илимий жактоолорду көрүүгө болот. Албетте түрк дүйнөсү боюнча иш-чараларды, түрк элдери менен болгон ымалаларды жүргүзгөн министирликтердин эмгектери эң алдыда келет. Билим берүү жана маданият министирлиги ушул күнгө дейре активдүү иш-чараларды жүргүзүп, орток проекттердин үстүндө иштеп келет. Мындан сырткары, менчик басмаканалардын түрк дүйнөсү боюнча бир топ чыгармалардын Түркияда окулушуна чоң салым кошконун да айта кетели.  Айрыкча, түрк дүйнөсүнөн келген студенттер жана мугалимдик кадрлар учурда университеттерде жана ар түрдүү курумдарда окуп, иштеп атканы түрк элдеринин ымалаларынын өнүккөнүнөн кабар берет.

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү программабызда түрк дүйнөсүнүн Түркияда изилденизинин тарыхы тууралуу кыскача кеп болду. Бул боюнча өтө көп макала, китеп, журнал жана илимий изилдөөлөрдү жолуктурууга болот. Түрк дүйнөсү тыгыз байланышта болуп, мындан ары да активдүү изилдөөлөрдүн уланышына ишеничибиз чоң.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар