Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1536374
1964-жылдын 1-декабрында Түркияны Европа экономикалык шериктештигине орток мүчө кылган Анкара келишими күчүнө кирди. Бул келишим Бажы Биримдиги жана Түркиянын толук мүчө катары Европа экономикалык шериктештигине кошулушун көздөгөн.
1990-жылдын 1-декабрында Ла Манш туннелинин Британия жана Францияда башталган бөлүктөрү деңиздин 40 метр түбүндө бирикти.
2019-жылдын 1-декабрында дүйнөлүк пандемияга айланган Ковид-19 оорусунун биринчи учуру Кытайдын Ухань шаарында катталды. Өлкөдө ноябрь айында башталган оору Кытайдын администрациясы тарабынан расмий түрдө эпидемия деп жарыяланды. Ковид-19 оорусу кыска убакыттын ичинде Азиянын берки өлкөлөрүнө жана Европа менен Америка континенттерине жайылды.