Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1514244
Тарыхта бүгүн

1147-жылдын 25-октябрында Султан Месуд Iнин буйругу менен Селжук армиясы, Эскишехирдин жанындагы Дорилеон согушунда Германиянын падышасы Конрад III командалык кылган Крестүүлөр армиясын жеңди.

1924-жылдын 25-октябрында түрк улутчулдугунун көрүнүктүү ысымдарынын бири жазуучу, акын жана саясатчы Зия Гөкалп Стамбулда дүйнөдөн кайтты.

1947-жылдын 25-октябрында Советтер Союзу Түркияга дипломатиялык ноталарды берип, Босфор жана Чанаккале кысыктарындагы аскердик база менен Карс жана Ардахан шаарларынын өздөрүнө берилишин талап кылды. Түркия бул талаптарды четке какты. АКШ менен Англиянын да Түркияны колдогону боюнча СССР бийлиги 1953-жылы Сталиндин көзү өткөндөн кийин бул талаптан расмий түрдө баш тартканын жарыялады.



Тектеш кабарлар