Азербайжан-Түркия аскердик машыгуулары

Евразия күндеми-32

1468420
Азербайжан-Түркия аскердик машыгуулары
Türkiye azerbaycan tatbikat.jpg
Türkiye-azerbaycan tatbikat.jpg

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Азербайжан жана Түркия тарабынан биргелешип өткөрүлүп жаткан аскердик машыгуулар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 29-июль күнү Азербайжандын жана Түркиянын жөө аскер жана аскердик аба күчтөрүнүн катышуусу менен Азербайжанда орток аскердик машыгуулар башталды. Аталган машыгуулар 10-август күнүнө чейин уланат. Баку, Нахчыван, Генже, Күрдемир жана Йевлахта өткөрүлүп жаткан аскердик машыгуулар акыркы жылдардагы эң масштабдуу аскердик машыгуу катары көңүлдөрдү өзүнө бурду. Азербайжандын Товуз аймагындагы Армениянын чек ара провокациясынан кийин өткөрүлүп жаткан бул аскердик машыгуулар бир канча себептен улам маанилүү болуп саналат.

Коргонуу тармагындагы Түркия-Азербайжан мамилелери Азербайжан эгемендүүлүккө жеткен убакта эле башталган. Бул тармактагы кызматташтык 2010-жылдан бери эң жогорку деңгээлде улантылып жатат. Коргонуу кызматташтыгы алкагында жыл сайын өткөрүлүп жаткан аскердик машыгуулар, эки өлкө жоокерлеринин чогуу иш алып баруусу, тажрыйба алмашуусу, Азербайжан армиясынын ар кыл сценарийлерге даяр болуусу үчүн керектүү болуп саналат.

Россия, Товуз провокациясынан кийин Түндүк Кавказ жана Армениядагы аскердик базасында “алдын ала пландалган” аскердик машыгуу өткөрдү. Армениядагы орус аскердик базасында негизинен армян жоокерлердин кызмат кылаары сыр деле эмес. Ушундан улам Түркия-Азербайжан аскердик машыгууларынын туура убакта өткөрүлүп жатканын белгилей кеткенибиз оң. Бул машыгуулар Түркиянын Азербайжанга сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө, реалдуу түрдө колдоо көрсөтүп жатканын дос-душман болгон бардык өлкөлөргө далилдеп, сездирип турганы менен маанилүү болуп саналат.

Түштүк Кавказдын коопсуздугу аябай маанилүү болуп эсептелет. Түркиянын экономикалык, энергетикалык негизги артерияларынын бири Грузия жана Азербайжан аркылуу өтүп, Каспий жана чыгыш мамлекеттери менен байланыштырган маршрут болуп саналат. Транзиттик автомобиль жолу, темир жолу, мындан сырткары нефть жана табигый газ түтүктөрүнүн коопсуздугу Армениянын провокацияларына эч жол берилбешин талап кылат.

Аймактагы маселенин негизги айыпкери болгон Армениянын Россия менен Иранды “Улуу Туран курулуп жатат” деп коркуткандан башка эч кандай аргументи калбай калды. Иран болсо Тоолуу Карабах армян экспансиясына учураган мезгилде жана андан кийинки жылдарда сөз жүзүндө Азербайжанды, иш жүзүндө болсо Арменияны колдоп келди. Бирок азыркы учурда Ирандагы түрк калктарынын улуттук аң сезими ойгонгондуктан, эгер Тегеран бийлиги Арменияга көмөк көрсөтүүнү уланта турган болсо ички саясатта мунун кесепетинин боло тургандыгын унутпоосу керек. Мындан сырткары Иранга эл аралык коомчулук тарабынан санкциялар киргизилгенде Түркия менен Азербайжан Тегеран менен мамилелерин үзбөй, эл аралык санкцияларга каршы экендигин билдирген жакын кошуналары болуп саналат. Эгер Түштүк Кавказда аскердик кагылышуу чыгып кете турган болсо Иран Арменияга колдоо көрсөтүүдөн мурда жакшылап ойлонушу керек болот.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Президент Режеп Таййип Эрдоган Президент Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Кавказдагы абал талкууга алынды.

Эгер Түркия жана Россия Карабах маселесин чечүү боюнча жоопкерчилик алышса, бул маселе тынчтык жолу менен чечилиши мүмкүн. Бул маселени чечүүнү тездетүү үчүн Түркия Нахчыванда аскердик база ачышы керек. Эгер муктаждык жаралса Анкара Каспий деңизинин түндүк жээгинде да аскердик база ачса болот.

Тоолуу Карабахты армениялык баскынчылардан тазалаш үчүн Азербайжан союздаштары менен бардык тармакта иш-аракеттерин улантат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар