Буларды билесиздерби?

Түркиянын алгачкы жана бир гана шахмат музейинин Анкарада экенин билесиздерби?

1443478
Буларды билесиздерби?

 

  Дүйнөдө «оюндардын королу» же «королдордун оюну» деп аталган шахмат Анкарада атайын бир музейде таанытылууда. Түркиянын да алгачкы шахмат музейи өзгөчөлүгүнө ээ болгон жерде шахмат топтомдору 4 негизги темада көргөзмөгө коюлду.

Коллекционер Акын Гөкяй курган шахмат музейи Анкара чебиндеги рестоврацияланган  мурунку Анкара үйү. Музейде  1975 -  жылы Гөкяй чогулта баштаган шахмат топтомдорунда  түрдүү цивилизациялар, согуш жана тынчтык, маданий түрдүүлүк темаларын көрүүгө болот.

2012 – жылы Гиннес рекорддор китебине кирген коллекциядагы шахмат топтомдору Мадагаскардан Боливияга, Франциядан Казакстанга жана АКШдан Россияга чейин жүздөн ашуун өлкөдөн алып келинген. Бүгүн 710 шахмат топомуна жеткен коллекцияда балдар үчүн Гарри Поттер, Астерикс жана гномиктер сыяктуу тематикалуу комплектер да орун алган.

Музейде андан башка музыка уктуруу сыяктуу түрдүү көркөм өнөр иш чаралары да өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар