Корона жана эл аралык кызматташуу

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

1391102
Корона жана эл аралык кызматташуу

Коронавирус дүйнөгө таасрин тийгизүүнү улантууда. Эпидемиянын качан жана кайсы баскычта акырына чыгары тууралуу жаман – жакшы болжолдор бар. Жакшы сценарий  эпидемиянын май айынын акырында текшерүүгө алына алары тууралуу. Жаман сценарий түрдүү багыттарда каралышы керек. Ушуга караганда эпидемиянын көзөмөлгө алынышы бир жылга созулушу мүмкүн жана бул бир жылдын ичинде экинчи цикл башталышы мүмкүн. Бир тараптан жаман сценарийдин  көп тараптуу жыйынтыктарынын болуу ыктымалы да күчтүү. Корона глобалдык коомчулуктун саламаттыгында ортого чыгара турган кыйратуу менен бирге глобалдык экономика да катуу рецессия менен беттешүүсүнө себеп болушу мүмкүн.

Эпидемиянын борборуна айланган АКШ абалдын канчалык маанилүү экендигин көрсөтүүдө. Трамптын сөздөрүнө көңү бурула турган болсо АКШ көргөн чараларынын саясында 2 миллион кишинин каза болушуна тоскоол болду. Бирок Трамп айткан сандар да канааттандыраарлык эмес. АКШ эпидемияда 100 000 – 200 000 АКШ жаранынын каза болушу мүмкүн экендигин ойлоп жатат. Эпидемия чыккан Кытай борбор болуудан чыгып өзүнө келүү процессинде экендигин жарыяласа да бул процессте  канчалык так экендиги талаш  - тартыштуу. Бир топ киши жана адис Кытайдын сандарды жашыргандыгын айтышууда. Ар бир өлкө өз улуттук күрөшүн көрсөтүп жатканы менен күрөш эл аралык күрөш болууга мажбур. Муну өлкөлөр эми түшүндү болуш  керек. Анда эмесе бул кандайча ишке ашат? Ойлонуу керек болгон негизги маселе ушул болушу керек.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент Мурат Йешилташтын пикири.

Эл аралык кызматташуу эпидемиянын өзгөчө февраль жана март айларындагы жайылышына көңүл бурулганда канааттандыраарлык эмес. Ар бир өлкө оболу өз маселесин чечүүгө кадам таштоону тандады. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму сыяктуу эпидемия тууралуу жооптуу болушу керек болгон мекеме да керектүү чараларды көрүүдө ылдам кыймылдаган жок. Бул абал уюмдун сынга алынышына себеп болду.

Эл аралык кызматташуу тууралуу азырынча алдыга чыккан Кытай эпидемияны көзөмөлгө алганын айткандан кийин бир топ өлкөгө жардам жеткирди. Кытай Италия жана башка бир топ Европа өлкөсүнө жардам берди. Европа Биримдиги бир мекеме катары чечим чыгарып, турмушка ашырууда күчсүз болду. Италия, Испания жана Франциянын кээ бир шаарларынын мамлекеттик мекемелеринде Европа Биримдиги байрактары түшүрүлдү жана өлкө байрактары илинди. Европага жардам берген  өлкө бир гана Кытай менен эле чектелип калган жок. Орусия да  жардам жиберген өлкөлөрдүн арасында орун алды. Өз абалы тууралуу ишенимдүү маалыматтар болбосо да орус аскердик унаалар медициналык жардам берүү үчүн Рим көчөлөрүндө көрүндү. Европа тарыхы үчүн күтүлбөгөн абал. Түркия да бир топ өлкөгө жардам жиберген өлкөлөрдүн арасында. Кытайда эпидемия күч алган мезгилде биринчи жардамды Түркия жиберди. Анкара, АКШ жана башка Европа жана Ортоңку Чыгыш өлкөсүнө медициналык жардам жиберди.

Эл аралык кызматташуунун балким да эң негизгиси эпидемия менен күрөшүүдө болду. Корона менен күрөшүү тууралуу вакцинанын табылышында кээ бир жакшы кабарлар болсо да азырынча канааттандыра турган чечүүчү жол табыла элек.

Медицина орток маалымат эң көп чыгарылган тармактардын башында турат. Бирок өлкөлөр азырынча пандемия менен күрөшүүдө вакцинаны өздөрү табууга аракет кылышууда. Корона тестинин ылдам жана ишенимдүү жыйынтыкты көрсөтүшү үчүн бири бири менен жарышка киришти. Бир тараптан бул тармак глобалдык дары базары жактан да абдан маанилүү. Жашыруундук процесстин узун болушуна себеп болуп жана тармактагы кызматташуунун алдына өтүп жатат.

Эл аралык кызматташуунун коронадан кийин эң көп муктаж боло турган тармакты болсо экономика түзүүдө. АКШ 2 триллион доллардан дагы көп акча бөлүп эпидемиянын экономикалык таасирин азайтууну каалап жатат. Глобалдык өлчөмдө эпидемия менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн акча көлөмү 5 триллион долларга жетти. Бирок эпидемиянын глобалдык экономикага канчалык зыян алып келери алигиче белгисиз. Ошондуктан улуттук экономикалар жана глобалдык экономика өлчөмүндө чыгымдардын аныкталышынан кийин глобалдык экономикалык системанын калыбына келиши бир жылдан дагы көп убакытты алат. Бул мезгилде эң көп муктаждык болгон нерсе эл аралык кызматташуу. Бул үчүн Кытай  - АКШ соода согушун эртерээк акырына чыгарып жана эки супер күчтүн экономикалык тартиптин функциясы тууралуу кагылышууну эмес кызматташууну тандашы керек. Бир тараптан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнө Банкы жана башка экономикалык мекемелер биргелеше күрөшүү методун белгилеши керек.

Эл аралык кызматташуу муктаждык болгон башка бир тармак азыркы учурда улантылып жаткан кагылышуу аймактарына карата болушу керек. Ливиядан Йеменге, Жакынкы Чыгыштан Түндүк Африка аймагында кагылышуулардын акырына чыгарылышы үчүн коронадан кийинки мезгилде канааттандыруучу кадамдар ташталышы керек. Глобалдык качкындар кризисинин эң чоң себеби азыркы учурда жарандык согуш. Корона сыяктуу жайылуу ылдамдыгы жогору болгон бир глобалдык эпидемиянын качкындар кризиси сыяктуу бир кризис менен биригиши дүйнө саясатын кайра кайтпай   турган мезгилге киргизиши мүмкүн.

Корона эпидемиясынын таасирлери дагы узун убакыт сөз болот. Коронадан кийин жашаган дүйнөбүздү кайрадан ойлонууга мажбур болобуз. Сабак алып адам баласынын кылган жаңылыштыктарынын оңолушу үчүн азыр да мүмкүнчүлүк бар.



Тектеш кабарлар