«Жаз калканы» операциясы

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1373652
«Жаз калканы» операциясы

Акыркы жумаларда Идлибде болгон абалдар Сирия кагылышуусунун жаңы бир баскычка киргендигин көрсөтүүдө. Орусия колдогон Асад өкмөтүнө караштуу кургактык жана аба күчтөрүнүн Идлибде стратегиялык абалдагы М 4 жана М 5 кургактык жолдорун колго алууга карата аракетине Түркиянын катуу каршылык көрсөтүшү, Идлибди күн тртибинде дүйнөдө биринчи орунга алып келди. Акыркы жолу 27 -  февраль күнү Асад өкмөтүнүн абадан кол салууларында түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу аскерлерди бутага алышы менен Түркиянын 33 аскеринин шейит болушу Идлиб кризисин дагы да тереңдетти жана Түркия Асад өкмөтүнө дагы катуу жооп берди. Абадан кол салуусунун Орусия тарабынан жасагандыгы билингенине карабастан Анкара кол салуудан Асад өкмөтүн жооптуу деп карап жатат жана Идлиб жакындарында өкмөттү чоң жоготууга учуратты. Бул абал Сирия согушунда эки мамлекетти биринчи жолу ушундай масштабда бетме – бет келиши деген маанини билдирүү менен бирге Түркиянын оперциясы Сирия кризиси менен алектенген бардык оюнчулардын позицияларын карап чыгышына себеп болду.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу доцент доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Түркия «Жаз калканы» деп атаган операция чыныгы масштабын көз алдына алып келди. Сириядагы жарандык согушунда мынчалык масштабда  Түркия менен Сирия бетме  - бет келген эмес. Түркия аба мейкиндигинин түрк аскердик учактарына жабык болгонуна карабастан куралдуу учкучсуз унаа аппараттарын колдонуу менен Сирия аба мейкиндигине кирди жана Сирия өкмөтүнө таандык Идлиб жакындарындагы бардык кыймылдуу элементтерди жок кылды. Операциянын экинчи күнүндө Сирия өкмөтү өздөрү үчүн согушкан 2500дөн ашуун аскери менен куралдуу күчүн жоготту. Муну менен бирге 100гө жакын танкасын түрк аба кол салуусунда жоготуп, эки СУ  - 24 жана Л – 36 моделиндеги аскердик учагы да Түркия тарабынан атып түшүрүлдү. Сирия өкмөтүнүн жоготуулары муну менен эле калбастан абадан коргонуу системалары, артиллериялык батареялары жана бир топ ок өткөрбөс унаа да Сирия өкмөтүнүн жоготууларынын арасында орун алууда. Ошондуктан Түркия бир гана аскерине карата кол салууга жооп кайтаруунун ордуна өкмөттүн оор жоготууга учурашына жол ача турган бир аскердик тактика жана стратегияны жүргүздү. Анкара өзгөчө куралдуу учкучсуз унаа аппаратынын кол салуусу менен согуш тарыхында жаңы бир баскычка өтүлүшүнө мүмкүнчүлүк түздү.

Стратегиянын акыркы максаты абдан ачык ; Сирия өкмөтүн оригинал Сочи жолуна тартылууга мажбурлоо. Бирок аянттан келген кабарлар Сирия өкмөтүнүн оор жоготууга учурагандыгына карабастан турган позициясынан кайра тартпай тургандыгын көрсөтүүдө. Акыйкаттан да М – 4 жана М  - 5 кургактык жолун бир эле учурда көзөмөлгө алуу ишине жараган стратегиялык  маанидеги Серакип аймагынын башкаруучулуранын алмашуусу буга далил катары көрсөтө алат. Анан калса Москва операциянын биринчи күнүндө Сирия өкмөтүнүн оор жоготууга учурагандыгына үн катпаса да андан кийин так бир позицияны ортого койгондой көрүнүүдө. Серакип аймагына Орусия аскердик полициясын киргизген Москва Түркиянын операциясын кеңейтүү ыктымалына карата өзүн алдыңкы планга чыгарды. Бул абал Түркияны дагы этияттык менен мамиле кылууга алып келүүдө. Акыйкаттан да эки өлкө түздөн түз бетме – бет келе турган кагылышуу чөйрөсүн каалабайт.

Түркия оригинал Сочи келишиминин чектери тууралуу катуу турса, Москванын ниетинин башка экендиги көрүнүүдө. Эки актердун кагылышууну күчөтүүнү каалабагандыгы белгилүү.



Тектеш кабарлар