Президент Эрдогандын Азербайжанга иш-сапары

Евразия күндеми-10

1372063
Президент Эрдогандын Азербайжанга иш-сапары

Ардактуу окурмандар!  «Евразия күндеми» аттуу программабыздын бүгүнкү бөлүмүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжанга иш-сапары тууралуу сөз кылабыз.

 Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Түркия-Азербайжан Стратегиялык кызматташтыгы боюнча жогорку даражадагы кеңештин 8-жыйынына катышуу үчүн 2020-жылдын 25-февраль күнү Бакуга бир күндүк расмий иш-сапарын жасады. Бакуда Эрдоганды президент Илхам Алиев расмий салтанат менен тосуп алды. Андан соң президенттер тар форматта сүйлѳшүү жүргүзүштү. Түркия-Азербайжан стратегиялык кызматташтыгы боюнча жогорку даражадагы кеңештин жыйынынан кийин эки мамлекеттин ортосунда 14 келишимге кол коюлду.

Эки мамлекет буга чейин Транс-Анадолу жаратылыш газ линиясы, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу сыяктуу ири долбоорлорду жүзѳгѳ ашырды. Бакудагы жыйында Түркиядан Нахчыванга темир жолу жана жаратылыш газы түтүк багыттарын куруу боюнча келишимдерге кол коюлду. Анкара-Баку темир жолу сапарларынын ачылышы күтүлүүдѳ. Каспий деңизин бойлой темир жолу салынгандан кийин чыгыш менен батышты Евразиянын ортосунан үзгүлтүксүз темир жолу менен байланыштыруу мүмкүн болмокчу. Ошентип чыгыш менен батыш бири-бирине дагы да жакындап калат. Түркия Азербайжан аркылуу чыгышка, Түрк дүйнѳсүнѳ, Азербайжан Түркия аркылуу батышка, океанга чыга алат. Транспорт, энергетика тармактары эки ѳлкѳ мамилелеринин приоритеттүү тармактары болуп саналат.

Түркия менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн кѳлѳмү 2019-жылы 4.5 миллиард долларды түздү. Эки ѳлкѳ лидерлери 2023-жылы соода жүгүртүү кѳлѳмүн 15 миллиард долларга чыгарууну пландашууда. Азербайжанда иш алып барган түрк ишканаларынын саны 4 миңге чукулдап калды. 15 түрдөгү товардан бажы салыгын алып салган келишимге кол коюлушу, эки мамлекеттин ортосундагы визалардын жоюлушу, кызматташтык тармактарынын кѳбѳйүшү сыяктуу себептер соода жүгүртүүнүн көлөмүн 15 миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзмѳкчү.

Бакуда лидерлер Хожалы геноцидинде курман болгондорду эскерип, Карабахтын Азербайжанга тиешелүү экендигин баса белгилешти. ЕККУнун “Минск группасынын” жоюлушу жана Түркия менен Казакстан сыяктуу аймактагы күчтүү жана маселеге тиешеси болгон мамлекеттерден турган жаңы уюмдун түзүлүшү, маселени чечүү үчүн пайдалуу кадамдардан болмок.

Коопсуздук тармагында орток аскердик машыгуулар ѳткѳрүлүүдѳ. Эки ѳлкѳнүн президенттери 2020-жылы орток аскердик машыгуулардын саны кѳбѳйтүлѳ тургандыгын, коргоо өнөр жайы тармагында орток ѳндүрүш жасоо боюнча сүйлѳшүүлѳрдүн жүрүп жаткандыгын жарыялашты. Карабахтын кайтарылып алынышы жана аймакта тынчтыктын сакталышы үчүн Түркия менен Азербайжандын коопсуздук тармагындагы кызматташтыгы шарт.

Бакуда кол коюлган келишимге ылайык, эки ѳлкѳнүн ортосундагы визасыз кирип-чыгуулар 90 күнгѳ чыгарылды. Мурда 30 күн болчу. Бул келишим айрыкча экономика, туризм тармактарындагы, жалпысынан эки тараптуу кызматташтыктын бардык тармактарындагы мамилелердин ѳнүгүшүнѳ салым кошот.

Түркия менен Азербайжан жакшылыкта жана жамандыкта  бири-биринин жанында болуу менен үлгүлүү кызматташтык жүргүзүп келишүүдѳ. Эки ѳлкѳнүн лидерлери, тиешелүү мекемелери, Азербайжандын жана Түркиянын калкы бири-биринен биринчилерден болуп кабар алып, бири-бирине биринчилерден болуп жардам кѳрсѳтүп келе жатышат. Түркия Азербайжандын санариптештирилишине жардам берүүдѳ. Азербайжан болсо ѳлкѳ сыртындагы эң чоң инвестициясын Түркияга салып жатат. Азербайжанда чет өлкөлүк ишканалардын көпчүлүгүн түрк ишканалары түзүүдө. Түркия менен Азербайжандын ортосунда болуп жаткан кызматташтык гармониясы башка түрк тектүү республикаларга үлгү болуп, алар да ушундай жогорку кызматташтык мамилени ишке ашырышы керек деп ойлойбуз.

Программаны эфирге даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар