Атайын жалданма аскерлер : Вагнер

Саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөр фондунун изилдөөчү жазуучусу Жан Ажунжун пикири.

1342801
Атайын жалданма аскерлер : Вагнер

 

Акыркы жылдарда  Жакынкы Чыгыш жана башка аймактарда мамлекеттер түздөн тз бетме  - бет келгендин ордуна өкүлдөрүн колдонушкандары кээ кээде болсо жалданма атайын аскерлерди колдонгондугу көрүлүүдө. АКШнын BlackWater фирмасы эске келген биринчи ысым болуу менен бирге Орусиянын Вагнер фирмасынын да бир топ кагылышуу аймагында көрүнө башташы көңүлдөрдү бурууда.

Орусия Вагнер фирмасы аркылуу Сирия, Ливия, Борбордук Африка ал түгүл Венесуэла сыяктуу өлкөлөрдө аянттагы союздаш элементтерин колдоодо жана өз аянтын кеңейтүүгө аракет кылууда.

Саясат, экономика жана коомдук иликтөөлөр фондунун изилдөөчү - жазуучусу Жан Ажунжун бул тууралуу пикири.

Азыркы күндө согуштардын жана кагылышуулардын табиятынын өзгөрүү менен гибриддешүүсү жана ушунун негизинде коопсуздук менен коргонуунун  биригиши жана базар менен жанаша болушу жаңы стилдеги согушту калыптандырууда. Менчик аскердик фирма фактысынын ортого чыгыш жана азыркы күндө өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан бир топ өлкө тарабынан колдонулушу да бул процесстин жыйынтыгы мүнөзүндө. Өлкөлөрдүн менчик сектор менен бирдикте кыймыл кыла башташы менен атайын  менчик аскердик фирмалар согуштарда орун алып коопсуздук жана коргонуу саясаттарында колдонула баштады.

АКШ менен бирге орус атайын аскердик жана коопсуздук фирмаларынын колдонулушунун акыркы жылдарда кенен жайылышы, бул фирмалардын өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы жана Түндүк Африкада аткарган иштери эл аралык аянтта көңүлдөрдү бурууда. Бул фирмалардан эң көп көрүнө баштаганы Вагнер тобу. Фирманын мамлекет тышы куралдуу уюм катары Сирия жана Ливиядагы жарандык согуштарга кийлигишүүсү менен согуштун активдүү бир бөлүгү болду.

Вагнер тобунун ээсинин Кремль менен жакын карым  - катнашта экендиги жана ал түгүл ага таандык Concord Food Cateringдин Кремлди тамак  - аш менен камсыз кылууда деген негиз менен «Путиндин ашчысы» деп билинген белгилүү ишкер Евгений Пригожин экендиги болжолдолууда.

Топтун аскердик профилин эң көп Орто Азия, Балкандар менен Кавказия өлкөлөрүнөн болгон 35- 50 жаш арасындагы мурунку аскерлерден тургандыгын айта алабыз.

Иликтөө аскерлердин көпчүлүгүнүн Чеченстан, Грузия жана башка өлкөлөрдө согушкан, кагылышуу боюнча тажрыйбасы бар жана материалдык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, жарандык турмушка көнө аблаган кишилер экендигин көрсөтүүдө. Вагнер тобунун белгилүү бир тартипте кадры жок болуу менен бирге мүчөсү болгон аскерлердин жалпы саны 5000ге жакын экендиги айтылууда.

Орусиянын 2015 -  жылы сентябрь айында Сирияга аскердик кийлигишүүсүнөн кийин аянтта роль ала баштагандыгы ойлонулган Вагнер тобунун Сирия аянтында түрдүү иштерди аткаргандыгы белгилүү. Стратегиялык комплекстер; газ жана нефть аянттарын коргоо менен бирге Сириянын бир топ жеринде согушкандары да басма сөзгө чагылган. Орусия, Сирия аянтындагы жетишкендиктерин Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Африка континентинде да улантууну каалады жана ушунун негизинде Хафтер фронтундагы боштукту мыкты колдонуу менен Ливияда улантылып жаткан согуштун негизги актерлорунун бири болду. Акыйкаттан да 2020 -  жылга келгенде Улуттук ынтымактык өкмөтү менен Хафтер күчтөрүнүн ортосундагы ок атышпоонун жол башчысы катары алдыбызга чыкты. Жыйынтык катары согуштардын жана кагылышуу динамикаларынын табияты өзгөргөн бир мезгилде Орусия жаңы процесске адаптация катары Вагнер сыяктуу фирмалар аркылуу бир жерге ээ болууга аракет кылууда.



Тектеш кабарлар