Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-63

Уйгур адабиятынан Зия Самадийдин чыгармачылыгы

1282136
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-63

Урматтуу китеп күйөрмандары, программабыздын бүгүнкү уктуруусун азыркы уйгур адабиятынын өкүлү, белгилүү жазуучу Зия Самадийдин чыгармачылыгы тууралуу кеп салабыз.
Кадырлуу окурмандар, соңку уйгур адабиятын барактасак 30-40-жылдарды өнүгө баштаганын көрүүгө болот. Ошол учурдагы адабиятта элдин сабатсыздыгын жоюу жана эркиндик үчүн күрөшүү тууралуу темаларды камтыганын учуратабыз. Элге шык берген, ата мекенди сүйүү жөнүндө бир топ ийгиликтүү чыгармалар жазылган. Мына ошол учурдун адабий өкүлү Зия Самадийдин наамы элге кеңири таралган. Жазуучу 1914-жылы Талдыкоргон аймагындагы Хонихай айылында жарык дүйнөгө келген. “Яркент” аттуу алгачкы уйгур мектебин бүтүргөндөн кийин “Луначарский” аттуу орус мектебине кирет. 1929-жылы “Зерватов” деп аталган уйгур орто мектебинде билимин улантат. Ал 1934-жылы Кулжа шаарында мугалим болуп кызматка орношот. Ошол эле жылы “Или” аттуу гезитке ырларын жазат. Андан кийин “Рушен” жана “Кандуу тоо” аттуу драмаларын жазган. 1935-1936-жылдары Кулжада мектептин директору болуп, ошол эле учурда Уйгур Маданий Коомунуна караштуу Маданият-Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы катары кызматка алынган. 1936-жылы 22 жашындагы Самадий “Гарип жана Сенем” аттуу музыкалык драмасын, “Мээримдүү эне” жана “Сыр ачылды” сыяктуу комедиялык чыгармаларын жараткан. 1937-жылы “эл душманы” катары караланып жолдоштору менен Шенг Шишей түрмөсүнө жети жыл камалган. Самадий 1944-жылы Үрүмчүдөн Кулжага келип “Ыңкылаптын таңы” деген гезитте башкы редактор болуп иштейт. 1945-1946-жылдары “Сүрдүү мүнөттөр” жана “Кытай зынданында” деген драмаларын жазган. Самадий жалгыз гана белгилүү жазуучу болбостон, ошондой эле тажырыйбалуу мамлекеттик кызматкер катары да таанымал. Ал чыгыш Түркстандын маданиятына өтө чоң салымын кошкон ишмер. 1950-жылы чыгыш Түркстан маданият бөлүмүнүн башчысы жана түндүк-батыш
адабиятчылар-санатчылар биримдигинин секретары, Маданият министри, Жазуучулар союзунун башчысы, Шинжан адабият журналынын редактору сыяктуу маанилүү кызматтарда иштеген. 1956-жылы Индиянын борбору Делиде Евразия Жазуучулар конференциясына катышкан. 1951-1952-жылдары “Зулумга жол жок”, 1953-жылы “Дарыянын боюнда” аттуу белгилүү чыгармаларын жараткан. Жазган чыгармалары Пекинде кытайчага которулуп жана уйгурча жарыяланган. Жаштыгынын жана чыгармачылык жылдарынын көбүн чыгыш Түркстанда өткөргөн жазуучу Зия Самадий, 1961-жылы азыркы Казакстан чек арасына өткөн. Уйгурлар ал жерде “Уйгур биримдиги” институту астында маданий иш-чараларын жүргүзүп келишкен. Чыгыш Түркстан уйгур адабиятынын башоочусу Самадий, келген жеринде - Алматыда уйгур адабиятынын башатын түптөгөн. Анын “Майимхан”, “Жылдардын сыры”, “Кылымдан кылымга”, “Өрүк гүлдөгөндө”, “Гени баатыр”, “Ахмет мырза” сыяктуу белгилүү чыгармалары Казакстанда басылып чыккан. Мындан сырткары ийгиликтүү жаралган
“Лашман” аттуу пьесасы сахнага коюлуп келген. Жазуучунун романдары орусча,
өзбекче, түркчө жана казакча которулуп эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Зия Самадий чыгармаларынын темасы жана каармандары менен жана өзгөчө тил
байлыгынын кенендиги менен уйгур совет адабиятына жаңылык алып келген.
Жазуучунун уйгур тили жана маданиятына ээ болуп, доорундагы саясий турмушту
жакшы өздөштүрүп, элинин жан дүйнөсүнө кулак салып жана тарыхый
чындыктарды так, бурмалабай билгени үчүн анын наамы алыска тараган.
“Майимхан” аттуу романында уйгур элинин баатыр кызы Майымхандын образы
менен 1930-жылдарда биринчи жолу Кумул шаарында башталып андан кийин
бардык чыгыш Түркстанга тараган эркиндик кыймылы тууралуу баяндайт. Жазуучу
чыгармасында тарыхый окуяларга кайрылып абдан мыкты сүрөттөгөн. Бул романда
эл толкунунун жеңилиши жана Майымхандын өлүм жазасына тартылганы менен
аяктаса да ар бир уйгур эли үчүн күч берген бир чыгарма болуп келген.
Жазуучунун айылдык жаштарга карата жазган “Өрүк гүл ачканда” аттуу
аңгемесинде советтер союзунда жашаган жаштардын колхоз экономикасы жана
маданиятына тийгизген таасирин сүрөттөгөн. Чыгармадагы Адил жана Хатижанын
образы менен совет жаштарынын эмгек кылганы, жоопкечиликтери жана ошол
учурдун жаштарынын психологиясын мыкты сүрөттөп берген. Жазуучунун “Майимхан”, “Жылдардын сыры”, “Ахмет мырза” романдары жана “Бир тал папирус”, “Өрүк гүл ачканда”, “Гени баатыр” сыяктуу аңгеме-повесттери эл арасына кеңири тарап, көп окулган китептердин арасына кошулган. Анын талыкпаган чыгармачылыгы үчүн Кызыл Эмгек ордени жана бир топ СССР медалдары менен сыйланган. Ал 2000-жылы жарык дүйнөдөн кайткан.
Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда азыркы уйгур адабиятынын баштоочусу Зия Самадий тууралуу уктуңуздар. Эгер жазуучунун чыгармаларына кызыгуу жаралган болсо, анда орус, өзбек, казак жана түрк тилдеринде басылып чыккан китептеринен окуй аласыздар.
Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар