Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон негизги окуялар.
*** 1821 - жылы 23 - сентябрда Осмон империясына каршы башталган Мора көтөрүлүшүндө Гөрдүш (Триполиче) шаарын колго алган куралдуу гректер 10 миңден ашуун түрктү өлтүрдү.
*** 1846 - жылы 23 - сентябрда немис астороном Иоганн Готфрид нептунду ачты.
*** 1939 - жылы 23 - сентябрь күнү психоаналитик Зигмунд Фрейд каза болду.
*** 1942 - жылы 23 - сентябрда фашисттер Освенц чогултуучу лагеринде газ менен өлтүрүү кыргынын баштады.
*** 1961 - жылы 23 - сентябрь күнү түрк аба жолдорунун Кипр - Адана - Анкара каттамдарын аткарган учак Этимесгут аэропортуна жакын жерде кырсыкка учурады. Кырсыкта 28 киши набыт болду.
*** 1973 – жылы 23 - сентябрда дүйнөгө белгилүү чилилик акын Пабло Неруда каза болду.
*** 1973 - жылы 23 - сентябрда 18 жыл мурда бийликтен сокку менен түшүрүлгөн Хуан Перон кайрадан Аргентинанын мамлекет башчысы болуп шайланды.
*** 1997 - жылы 23 - сентябрда болсо Алжирде болгон кол салууда 200 киши өлтүрүлдү.