Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 622 - жылы 20 - сентябрда Азырети Мухаммед менен Азырети Эбу Бекир Меккеден Мадинага көчтү.
*** 1942 - жылы 20 - сентябрда Украинанын Литичив шаарында немис бөлүктөрү эки күндүн ичинде 3 миңге жакын еврейди өлтүрдү.
*** 1951 - жылы 20 - сентябрь күнү Түркия НАТОго кошулду.
*** 1981 - жылы 20 - сентябрда Иранда 149 солчул куралдуу кишинин өлүм жазасы аткарылды.
*** 1984 - жылы 20 - сентябрда Бейруттагы Америка элчилигине жасалган бомбалуу жан кечтилик кол салууда 23 киши каза болду. Алардын ичинен экөөсү америкалык болгон. Жараланган 60 кишинин арасында АКШ менен Британия элчилери да болгон.
*** 1988 – жылы 20 - сентябрда болсо Наим Сүлейманоглу Сеул олимпиада оюндарында штангада 6 дүйнөлүк рекордго жетти.
*** 2012 - жылы 20 - сентябрь күнү ПКК террористтеринин кол салуусуна учураган Тунжелинин Оважык районунун башкы прокурору Мурат Узун каза болду.
*** 2014 – жылы 20 - сентябрда ИШИД тарабынан барымтага алынган Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугунун кызматкерлери жана үй - бүлөлөрү эркин коё берилди.
*** 2017 - жылы 20 - сентябрда Мексикада болгон 7, 1 баллдык жер термелүүдө 224 киши каза болду.