Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон окуялар.
*** 1815 - жылы 18 - июнь күнү Наполеон Бонапарт Ватерлуда Британия жана Австрия армияларына жеңилди. Бул жеңилүү Франция менен Европа мамлекеттеринин ортосунда 23 жылга созулган согушту акырына чыгарды.
*** 1928 - жылы 18 - июнда Амелия Эрхарт бир учак менен Атлантика океанынан өткөн биринчи аял учкуч болду. Амелия Эрхарт бул учууну 20 саат 40 минутада аткарды.
*** 1988 - жылы 18 - июнда Түркиянын премьер - министри Тургут Өзалга кол салуу жасалды. Партиясынын конгрессинде сүйлөп жатып кол салууга учураган Өзал колунан жараланды.
*** 2005 - жылы 18 - июнда Анадолу аялдарын тарткан протреттери менен таанылган түрк сүрөтчү Нури Иймен дүйнөдөн кайтты.
*** 2010 - жылы 18 - июнда «Көрлүк, көрүү, Исанын оюу боюнча Инжил, үңкүр» сыяктуу дүйнөгө белгилүү чыгармалардын ээси Нобель адабият сыйлыгынын ээси португалиялык жазуучу Жосе Сарамаго каза болду.