Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон окуялар.

1126254
Тарыхта бүгүн

*** Осмон империясынын 12 -  падышасы 3 -  Мурат Стамбулда шал болуп 1595 -  жылы 1 6 -  январда каза болду. Атасы 2 -  Селимдин каза болушунан кийин 1574 -  жылы тактыга отуруп 21 жыл өкүмдүк кылган 3 -  Мурат заманында Осмон империясы эң кенен чектерге жетип, эгемендиги 20 миллион метр квадратка чейин жайылган императорлук болду.

*** Джозеф Луи Гей-Люссак ; француз  физик жана химик...

Атмосфераны изилдеген, ар башка бийиктиктеги абанын нымын жана ысыктыгына кызыккан Джозеф Луи Гей-Люссак 1804 -  жылы 16 – январда бир суутек шарынын ичинде 7 километрдик бийиктикке чыгып өлчөмдөрдү алды. Джозеф Луи Гей-Люссактын жогорулоо рекордуна кийинки 50 жылдын ичинде эч ким жеткен жок.

*** 1923 -  жылы республиканын жарыяланышы менен Түркияда заманбап өлкөлөрдүн деңгээлине жетүү үчүн бардык тармакта заманбапташууга карата иштер башталды. Мына ушул тармактардын бирөөсү да музыка болду. Батыш  музыкасын үйрөтүү, жайылтуу, көп үндүү музыкага өтүү максаттардын бири болгон. Ал мезгилдин негизги композиторлорунун бирөөсү болгон Жемал Решит Рейдин : «12 Анадолу түркүсү» аттуу чыгармасы биринчи жолу 1928 -  жылы 16 -  январь күнү аткарылды.

*** 1952 -  жылы 16 -  январда осмондук адабиятынын белгилүү ысымы Режаизаде Махмут Экремдин уулу журналист жана жазуучу Эржүмент Экрем Талуга француз "Légion d'honneur" медалы берилди. Жазуучу бул сыйлыкка түрк  - француз маданий карым  - катнаштарына кошкон салымынан улам ылайык көрүлдү.

*** Өлкөдөгү узун убакыттан бери болуп келе жаткан тынчсыздануу төңкөрүшкө айланган Иранда Шах Мухаммед Рыза Пехлеви 1979 -  жылы 16 -  январда Ирандан чыгууга мажбур болду. Монархия акырына чыгып Хумейнинин жол башчылыгында республика жарыяланган Иранда өлүм жазасы чыгарылган Шах Рыза Пехлеви саясий баш калкалоочу катары кабыл алынган Египетте 1980 – жылы каза тапты.



Тектеш кабарлар