Коргонууда улуттук долбоорлор - 11

Коргонуу өнөр жайында маанилүү кадамдар.

1094963
Коргонууда улуттук долбоорлор  - 11

Түркия коргонуу өнөр жайында бири биринин артынан маанилүү кадамдарды таштоодо. Ар айда абдан маанилүү долбоорлордун кээ бирлери ийгиликке жетишип, кээ бир коргонуу боюнча продукциялардын тесттеринин ийгиликтүү өткөндүгүн, кээ бир маанилүү долбоорлорго  кол коюу аземдеринин өткөрүлгөндүгүн көрүүдөбүз. Ноябрь айынын биринчи 10 күнүндө да көп сандаган коргонуу долбооруна күбө болдук. 2018 -  жылдын 1 -  ноябрында президент Р. Т. Эрдогандын жол башчылыгында TÜBİTAK SAGE аскердик дүрмөттөрүнүн (HABRAS), темир жол системасынын тести, PULAT жок кылуу системасынын тести жана IŞIN  долбоору тестинде ийгиликтүү болду. Gрезидент Р. Т. Эрдоган бул тесттер өткөрүлгөн Улуттук технологияны өнүктүрүү базисинин ачылуу аземинде коргонуу өнөр жайы тууралуу маанилүү сүйүнчүнү берди. 2018 -  жылдын 4 -  ноябрында MİLGEM долбоорунун негизинде чыгарылган арал тобу корветтеринен үчүнчүсү болгон TCG Бургазада Ф  -513 деңиз күчтөрүнө тапшырылды. 2018 -  жылдын  8 -  ноябрь күнү коргонуу өнөр жай төрагалыгы өлкөнүн өзүнө таандык болгон улуттук аскердик учагы үчүн баштапкы кыймылдаткычты өнүктүрүү программасынын алкактык келишимине кол коюп оригиналдуу  бир турбофан раективдүү аскердик учак моторун чыгаруу процессин баштатты. 9 -  ноябрда болсо биринчисин 18 айдан кийин тапшыра турган 250 даана «Алтай» негизги аскердик танкынын массалык өндүрүү келишимине кол коюлду. Кыска убакыт ичинде аткарылган бул иштер Түркиянын коргоо өнөр жайындагы перформансынын кай жерге келгендигин көрсөтүүдө.

Түрк харб  - иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тууралуу берген маалыматы.

HABRAS, PULAT, IŞIN долбоору жана SİPER

Президент Р. Т. Эрдоган улуттук технологияны өнүктүрүү базистин ачылуу аземине катышуу менен бир топ тесттин ийгилигине күбө болуу менен бирге бул жерде маанилүү маалыматтарды берди. Президент Эрдоган сүйлөгөн сөзүндө : «Бүгүн бул жерде бири биринен маанилүү улуттук технологияны өнүктүрүү базистерин жана өнөр жай долбоорлорун тесттен өткөрүү үчүн жолугушуп жатабыз. Орчундуу  дизайндардын, тажрыйбалардын жана төлөнгөн жогорку нарктын өлкө ичинде калышына мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз. HABRASтын  ишке кириши менен бирге коргонуу өнөр жайыбыз чектүү санда өлкө ээ болгон бир өзгөчөлүккө ээ болот. Бул улуттук структура ортого чыгарган продукциялардын бирөөсү да PULAT активдүү коргоо системасы. Бул технология менен куралдуу күчтөрүбүз танк бөлүктөрүбүз үчүн турмуштук мааниге ээ болууда. Коргонуу өнөр жайыбыз жана жергиликтүү технологияларыбыз башка оригиналдуу продукциясы болсо жогорку күчтүү лазер системасы  кыскача аты  Işın системасын чыгарды. Алгачкы сыноолордо жогорку ийгиликти көрсөткөн система алдыбыздагы мезгилдерде аба унааларында жана кемелерде колдонула алат». Президент Эрдоган сөзүндө улуттук узун аралыктуу аймактык абадан коргонуу системасынын түзүлүшүнө байланыштуу иштердин баштатылгандыгын билдирди. Атын SİPER деп билдирип, биринчи тапшыруунун 2021 -  жылдын акырында ишке ашарын айтты.


Жаңы модель суу түбүндөгү «Айдынреистин» алгычкы монтажы жасалды

MİLGEM долбоорунун негизинде Түркиянын алгачкы жергиликтүү аскердик кемелери коомдук иш жери болгон Стамбул кеме жасоо командирлигинде жасалган. Бул кемелерден үчүнчүсү болгон TCG Бургазада Ф  - 513, Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоган да катышкан азем менен 2018 -  жылы 4 -  ноябрь күнү деңиз күчтөрүнө тапшырылды. 99, 5 метрдик узундукта жана 14, 4 метрдик кенендикте болгон кеменин салмагы 2 миң 400 тонна.

Өткөөл мезгилдеги ылдамдыгы менен күйүүчү май жардамысыз 6 миң 485 километр аралыкка ээ кеме 10 күн деңизде калуу өзгөчөлүгүнө ээ. Бургазада кровети суу үстүндөгү согуш, чалгындоону байкоо, текшерүү жана ассиметриялык коргонууну аткара алат. Бургазада кемесин тапшыруу аземи өткөрүлүп жатканда президент Эрдоган бул жерде өткөрүлө турган жаңы моделдеги суу түбүндөгү Аydınreisтин биринчи монтажын да аткарды. Жаңы моделдеги суу түбүндөгү кеме Аydınreisтин күйүүчү майга муктаж болбостон океанды ашып, Америкага барып кайтып келе ала турган өзөчөлүккө ээ болот. Өзгөчө үнсүз кыймылдуу жөндөмдүүлүгү менен түрк деңиз күчтөрүнүн аскердик иш чараларына маанилүү салым кошору белгиленди. Суу түбүндөгү кеменин узундугу 68 метр, 13 метрдик бийиктикте жана 1850 тонналык салмакта болору маалымат берилди.

Улуттук аскердик оригиналдуу учак моторун өнүктүрүү программасы

Билингендей жергиликтүү өнөр жай продукциялары колдонулган өлкөдө оригиналдуу бир дизайн менен Улуттук аскердик учак долбоору улантылууда. Долбоор менен аба күчтөрү командирлигинин 2030 -  жылдардан кийинки аскердик учак муктаждыгынын өлкө ичинде оригиналдуу дизайн модели менен камсыз кылынышы үчүн иштелип жатат. Азыр болсо бул учакка таандык бир мотор чыгаруу үчүн коргоо өнөр жай башкармалыгында өткөрүлгөн кол коюу аземинде улуттук аскердик учак моторун өнүктүрүү программасынын алкактык келишимине  8 -  ноябрда кол коюлду.

Түзүлгөн алкактык келишим менен оригиналдуу бир турбофен реактив учагынын моторун чыгаруу процесси башталган болду. Улуттук аскердик учагынын моторунун жергиликтүү болушу жана толугу менен оригиналдуу бир мотордун чыгарылышы максат кылынууда.

Долбоордун акыркы максаты оригиналдуу мотордун эч бир чет өлкөнүн чектөөсүнө кирген эмес. Мотордун улуттук катары өнүктүрүлүшү жана интеллектуалдык менчик укуктары жактан да толугу менен Түркияга таандык болушу максат кылынууда.

Алтай танкынын массалык өндүрүшү

Түрк кургактык күчтөрүнүн азыркы күндүн муктаждыктарына жооп берген заманбап улуттук танкка ээ болушу үчүн узун убакыттан бери иштер жүргүзүлүп жаткан. Коргонуу өнөр жай башкармалыгы 2018 – жылы 9 -  ноябрда Алтай танкынын массалык өндүрүшү үчүн келишимге кол койду. Келишимдин негизинде массалык өндүрүш жолунун курулушу жана 250 дана  Алтай танкынын өндүрүлүшүнө чечим чыгарылды. Биринчи танктын кургак жер күчтөрүнө 18 айдан кийин тапшырылышы  максат кылынууда.

«Алтай» танкы тууралуу берилген маалыматтарда кээ бир өзгөчөлүктөрү төмөнкүчө тизмеленген : «Түркиянын  биринчи жергиликтүү негизги аскердик танкы болуу өзгөчөлүгүнө  бар «Алтай»  ээ боло турган күчтүү атуу күчү жана мээлөө катнашы, жогорку кыймыл жөндөмдүүлүгү менен түрк куралдуу күчтөрүнүн аянттагы негизги унааларынын бирөөсү болот. Алтайда түрдүү коркутууларга каршы танкты коргоо үчүн долбоорлонгон ок өткөрбөс жана экипаждын химиялык, биологиялык, радиокатив жана атомдук коркутуулар болгон чөйрөлөрдө кызматын аткарышына мүмкүнчүлүк түзгөн жардамчы системалар болот.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар