Израиль - Иран кагылышуусу

Апталык анализ - 16.2024

2130174
Израиль  -  Иран кагылышуусу

Ирандын Израилге карата акыркы кол салуусу аймакты жана дүйнөнү кайрадан чыңалуу борборуна алып келди. Бирок бул кагылышууга бир гана аскердик бир алкакта  кароо жетишсиз болот. Иран жана Израилдин ортосундагы чыңалуу глобалдык күч динамикаларын аймактык туруксуздукту жана эл аралык дипломатияны калыптандырган терең жана баш  - аламан бир түзүлүшкө ээ.

СЕТАнын коопсуздук  изилдөөлөр директору, жазуучу, профессор Мурат Йешилташтын бул тема тууралуу баа берүүсү.

Ирандын Израиль  консулдугуна   карата кол салуусу жана андан кийин келген жооп кайтаруулар, бир гана эки мамлекеттин ортосундагы түздөн түз кагылышуудан башка чоң күчтөр да кирген кенен бир сахнанын бир бөлүгү. АКШнын Израилге берген колдоосу, Иран менен чыңалуу карым  - катнаштары жана Россия менен Кытайдын аймактык саясаттары, бул кагылышуунун көп тараптуу табиятын ортого салууда.  

Өзгөчө Ирандын Израилге каршы колдонгон аскердик тактикалары менен стратегиялары өлкөнүн  аймактагы күч теңдемесиндеги  ордун бекемдөөнү максат кылууда. Кол салуулардын координациялуу жана эсептелген түрдө ишке ашырылышы, Ирандын бир гана аскердик  күч катары эмес, ошол эле учурда стратегиялык бир актер катары да  маанисин баса белгилөөдө.

Ирандын жооп кайтаруусу катары жүргүзүлгөн "Чыныгы убада" операциясы Израилдин абадан коргонуу системалары үчүн чоң каршы чыгуу катары кабыл алынды. Израилдин Темир Купол сыяктуу коргонуу системалары Ирандын ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттарынын кол салууларына каршы салыштырмалуу ийгиликтүү коргонууну ишке ашырса да  бул абал Израиль дайыма үстөмдүк кылат деген маанини билдирбейт. Кол салуунун арзан, коргонуусунун да экономикалык жактан жогору чыгымдуу болушу узун мөөнөттө  согушту улантууга боло тургандыгы да Израиль үчүн турмуштук бир маселе абалына айландырды. Ушул себептен Ирандын кол салуу көлөмү Израиль жана союздаштары үчүн дайыма бир коркунуч элементи болууну улантууда. Бир тараптан Иран Төңкөрүш Гвардиясынын командири  Хүсейин Селами жасаган билдирүүсүндө Израиль  -  Иран аскердик кагылышуусундагы салттуу шаблону да өзгөрбөй тургандай көрүнүүдө. Селами Ирандын Израилге каршы жооп кайтаруу операциясы менен жаңы теңдеме түзгөнүн баса белгиледи. Селами сөз болгон теңдеменин алкагында мындан ары Израилдин Ирандын кызыкчылыктарына, мүлкүнө, кызматкерлерине жана жарандарына кол салууларына түздөн-түз Иран аймагынан жооп берилерин белгиледи.

Израилдин каршы чыгуусу  эл аралык аренада жалгыз кыймыл кыла албай тургандыгын көрсөтүүдө. АКШнын аймакта болушу жана колдоосу Израилдин чечим чыгаруу процесстеринде белгилөөчү роль ойноп жатат. Бул абал Израилдин аймактык коопсуздук саясатарын калыптандырып, эл аралык дипломатияга болгон көз карандылыгын да көрсөтүүдө. Бул конфликт Израилдин ичиндеги ар кандай саясий динамикага да түрткү болду. Нетаньяху өкмөтүнүн коопсуздук саясаты өлкөдө да, өлкө тышында да сынга кабылып, туруктуулуктан алыс экенин далилдеди. Израиль коомдук пикири өкмөттүн бул кризисти кандай башкаргандыгы тууралуу бөлүнгөн абалда; айрымдары Иранга дагы катуу жооптун берилиши керектигин ойлоп жаткан болсо, айрымдары да ыктымалдуу чоң масштабдуу согуштун коркунучуна көңүлдөрдү бурууда.

Иран үчүн бул кагылышуу бир гана күч көрсөтүү эмес, ошол эле учурда стратегиялык бир эсептөө катары да каралышы керек. Иран бул кол салуулар менен бир гана Израилге эле эмес,  аймактагы жана глобалдык деңгээлдеги атаандаштарына да билдирүүлөрдү жиберди. Ирандын өз улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо жана аймактык бөгөт коюну  күчөтүү максатында экендиги айдан ачык. Иран жасаган кол салуулар өзгөчө да Израилдин аскердик жана жарандык инфраструктураларына карата Ирандын аскердик көлөмүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн бир көрсөткүчү катары карала алат. Бул кыймылдар менен Иран аймактагы жана глобалдык актерлор аркылуу бөгөт коюу таасирин арттырууну жана ошол эле учурда ички саясаттагы позициясын бекемдөөнү максат кылууда. Анткени Иран өкмөтү улуттук ар-намысын жана көз карандысыздыгын коргоо дискурсу менен ички коомчулуктан да, аймактык деңгээлде да колдоо издейт.

Иран менен Израилдин ортосундагы бул акыркы кагылышуу Израилдин араб дүйнөсү менен болгон мамилесине да таасирин тийгизүүдө. Израиль Ирандын чабуулдарына жооп берип жатып,  араб өлкөлөрү менен союздаштыктарын коргоо  зарылдыгын сезүүдө. Бул  аймактагы узун мөөнөттүү стратегиялык максаттар жана союздаштыктар жагынан Израиль үчүн маанилүү тең салмактуулук актысы абылана келди.

Бул кагылышуунун башка бир маанилүү жагы Ирандын ички саясаты жана коомдук пикири. Иран өкмөтү улуттук сыймык жана коопсуздук түшүнүгүн бекемдөө үчүн тышкы саясат жана аскердик кыймылдарды колдонууда. Бул ички саясаттагы абалын бекемдеп жана эл аралык тармакта бөгөт коючу жана эгемендүүлүк билдирүүлөрүн берүүдө.

Бул кырдаал регионалдык жана глобалдык державалардын ортосундагы мамилелерге, дипломатияга жана коопсуздук саясаттарына терең таасирин тийгизген динамикалык жана көп өлчөмдүү чыр-чатак бойдон кала берет.

Мындай кагылышуулар ​​аймактык гана эмес, глобалдык тынчтык жана коопсуздукка да олуттуу таасирин тийгизерин моюнга алуу менен эл аралык коомчулук  жоопкерчиликти өзүнө алып, чечимге багытталган мамилени иштеп чыгышы керек. Иран менен Израилдин ортосунда уланып жаткан бул кагылышуу башка аймактык актерлорду жана ири державаларды жалпы жана бөлүнгөн кызыкчылыктардын айланасында жаңы альянстарды түзүү үчүн бириктирүүдө. Бул союздаштыктар  конфликттин жүрүшүн жана анын эл аралык саясаттагы кесепеттерин чечкиндүү түрдө калыптандыра алат.



Тектеш кабарлар