Газадагы согушта жеңилгендер

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

2071748
Газадагы согушта жеңилгендер

             Израиль Газа согушунда  аскердик жеңиш менен чыкса да согушта жеңилген тарап болот. Израиль 7 -  октябрдан кийин Газага каршы жүргүзгөн оор согуш кампаниясынынан улам курулгандан бери жетишкен эң чоң тарыхый мүмкүнчүлүктү колдонгон жок же  колдонууну тандаган жок. Бүгүн  1948 -  жылдан кийин эч болбогон онтологиялык  бир коопсуздук кризиси жана терең бир статус тынчсыздануусу менен бетме  - бет келип турат.

 СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

7 -  октябрдан кийин Израиль бир топ фронтто жоготкон өлкө жана алдыбыздагы жылдарда муну менен жашаганга мажбур болот.  7 -  октябрдын биринчи стратегиялык жыйынтыктарынын бири коопсуздук менен байланыштуу. Аскердик перспективадан каралганда Израилдин коопсуздук доктринасынын төрт түркүгү бар. Булардын эң маанилүүсү аскердик бөгөт коюу. Бөгөт коюу бир өлкөнүн  коргонуудан мурдагы негизги куралы. Башка бир элемент - эрте эскертүү. Алдын ала эскертүү, өлкөнүн бардык чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында душмандын аракеттерин алдын ала билүүнүн артыкчылыгына негизделет. 7 -  октябрь кудум  1973 -  жылы болгондой Израилдин эрте эскертүүчү жөндөмдүүлүгүнүн кемчиликисз эмес экендигин көрсөтүүдө. Израиль коопсуздук доктринасынын башка бир элементи да коргонуу. Коргонуу бөгөт коюу ишке жарабаган жана аргессия болгон учурда армиянын биринчи күч катары коргонууну ишке ашыруусу ишине жараган жалпы жөндөмдүүлүктөрдөн турат. Израиль армиясы 7 -  октябрда коргонуу милдетин орундата алган жок жана чыныгы бир армия сыяктуу Газада согушууда кыйынчылык тартты. Коопсуздук доктринасынын төртүнчү түркүгү жеңишти түзүүдө. Жеңиш душмандын кайрадан өзүнө келишин жана кайрадан кол салуусун мүмкүн эмес абалга алып келген талашсыз бир аскердик жеңишти билдирет. Израилдин Газадагы согушунун стратегиялык максаты Хамасты жок кылуу деп билдирилсе да мунун ишке ашпай тургандыгы түшүнүктүү. Ушул себептен Нетаньяху башкаруусу «жок кылууну» токтотуу стратегиясын өзгөртүп, аны алсыратууну максат кылууда.

Кадимки согуштун жана согуш чөйрөсүнүн өзгөрүшү, ошондой эле согуштун актерлорундагы жана табиятындагы өзгөрүү себеп болгон  жаңы динамикалар келечектеги  Жакынкы Чыгышта Израилдин бөгөт коюсунун чындыгында ишке жарап же жарабагандыгына байланыштуу суроолорду жаратууда.

 Израилдин жоготуулары бир гана аскердик эле жоготуулар эмес. Бир өлкөнүн кызыкчылыктарын жана коркууларын азыктандырган негизги элементтер рационал жана дүнүйөлүк эмес, диний болсо, эл аралык мамилелердин нормалдуу мүчөсү катары өзүн алып жүрүшү мүмкүн эмес.  ДЕАШ буга мисал. Кызыкчылыктарын жана коркууларын азыктандырган негиз дүйнөлүк эмес, диний. Ушул себептен өзүнүн  бир эрежеге баш ийгендигин сезбейт. Израилдин Газага карата согуштук укугуна баш ийбеген кол салуулары Израилди эл аралык мыйзамдын тышында  мамиле кылган  мамлекетке айландырды.  7 -  октябрдан кийин ишке ашырылган  «Газа кыргыны» ачык түрдө Израилдин кыргын кылган өлкөгө айлануусуна себеп болгон. Бул абал тархый бир трагедия болгондой эле келечекте да Израилдин эл аралык репутациясынын бөлүнгүс бир бөлүгү болот. Согуштун Нетаньяху өкмөтү жана согуш жактоочулары тарабынан көптөгөн жолу диний шилтемелер менен айтылышы дагы да терең бир маселени ортого салууда. Израилдин секулярдык саясий режиминин бош бир риторикадан тургандыгын ; андан да жаманы бул Израилдин мессияндык өлкө экенин далилдейт. Натыйжада Газа согушу Израилдин эл аралык укуктун эрежелерине баш ийе албаган жана согушту динге айландырган радикал өлкө катары коддолушуна себеп болду. Акыйкаттан да глобадык өлчөмдө Палестинаны колдогон Израилге каршы митингдер Израилдин глобалдык өлчөмдө жалгыздашуусуна себеп болууда.

Эрежелерге баш ийбеген жана аракеттерине ыйыктык ыйгарган радикал мамлекет катары Израилдин дагы бир жоготуусу – бул өз коомун жоготуусу. 7 -  октябрь бир гана Израилдин мамлекет катары эле эмес, коом катары да коопсуздук сезимин түп тамырынан солкулдаткандай эле кол салуулардын тарыхый жактан да «Еврей кыргыны» аркылуу алкакка алынышы коопсуздуктун жана социалдык тынчсыздануунун тереңдешине кызмат кылды. Израилдин кол салууларга берген аскердик жооптун күчү  глобалдык Израилге карата каршылыкты дагы да кеңейтүүсү жана күчөтүүсү болсо еврей коомунун глобалдык өлчөмдө кайгы коомчулугуна айлануусуна себеп болду. Бул абалдын жооптуусу  Израиль өкмөтүнүн өзү. Натыйжада өз коомунун санааларын жок кылган өлкө эмес, тереңдеткен өлкөгө айланды.

Бул жерде башка бир маанилүү жоготуу болсо Израилдин акырындык менен демократиялык практикалардан алыстап, экстремизм огунда авторитардык абалга келген өлкөгө айланышы. Саясаттын негизги динамикасы дайыма башкалардан жогору болуп, жашап жаткан өлкөдө саясатты жана коомду нормалдаштыруу мүмкүн эмес. Израилдин 7 -  октябрдан кийин башынан өткөрө турган процесс да ушуга окшош болот. Ушунун негизинде Израилде саясий турмуш дагы көп радикалдашат, саясий дискурстар катаал болуп, коомдук чөйрө улутчул еврей иденттүүлүгүнүн айланасында кайрадан күчтөнөт. Бул абал Израилди Палестина маселеси боюнча дагы катаал лагерге түртөт жана эки мамлекеттүү чечим мүмкүн болбой калат.

Аскердик, саясий жана социалдык жоготуулардан тышкары Израилдин эң маанилүү жоготуусу анын аймактык геосаясий абалында болууда. 7 - октябрга чейин аймактык нормалдашуу Израилге тарыхый изоляциядан чыгуу үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк түздү. Бирок Израилдин Палестина маселесин өзү гана жеңүүчү нөлдүк оюн катары кароосу жана аймактык актерлорго карата душмандык мамилеси анын изоляциясына алып келет. Араб- Израиль нормалдашуусу айматык экономикалык долбоорлор жана энергетика өнөктөштүктөрү  башта болуу менен бир топ стратегиялык мүмкүнчүлүк Газадан улам мүмкүнчүлүк болуудан чыкты. Бул мүмкүнчүлүктүн кайрадан болушу оңой болбойт. Бул процесс Израилди дагы да катуулаштырат же Израилди компромисске барышы керек болгон аймактык теңдеменин тузагына түшүрөт.

 Натыйжада, Израилдин Газа чабуулдары жана пропорционалдуу эмес зордук-зомбулук; саясатын, коомун жана ансыз да начар болгон аймактык жана глобалдык имиджин жоготту. Израиль Жакынкы Чыгышта мурункуга караганда обочолонгон жана кооптуу бир өлкө.



Тектеш кабарлар