Түркиянын ыктыярдуу элчилери болуп эсептелебиз (видео маек)

“Эгемендик” коомдук бирикмесинин төрагасы Эркинбек Жороев менен маектешүү.

449892
Түркиянын ыктыярдуу элчилери болуп эсептелебиз (видео маек)

Урматтуу окурмандар жана көрүүчүлөр, “Эгемендик” коомдук бирикмесинин төрагасы Эркинбек Жороев менен маектешүүдөбүз.

  • -Эркин мырза, “Эгемендик” коому жөнүндө айтып берсеңиз?
  • -Бул бирикме Түркиянын ар түрдүү университеттерин аяктап келген бүтүрүүчүлөрдүн жарандык коому болуп эсептелет. 2009-жылы 7 кишинин демилгеси менен негизделген. Азыркы күндө “Эгемендик” коомдук бирикмесинин 400дөн ашык мүчөсү бар. Башкы максат болуп Түркия бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда биримдикти, ынтымакты күчөтүү, экинчиден биз Түркияда окуп жашап кеткендиктен Түркиянын ыктыярдуу элчилери болуп эсептелебиз. Ошондуктан Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштарды ар түрдүү деңгээлдеги мамилелердин өнүгүшүнө салым кошуу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өнүгүү жолунда ар кандай изилдөөлөр, отчеттор аркылуу билген тажрыйбабызды бөлүшүп мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу. Мындан сырткары, улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү. Эне тил, Ата Мекен, өз өлкөбүздү өнүктүрүүдө иш-чараларды өткөрүп, жакшы демилгелерге колдоо көрсөтүү.
  • -Ушул убакытка чейин кандай чоң иш-чараларды өткөрдүңүздөр?
  • -6 жылдан бери бизге адат болуп калган иш-чаралар бар. Жыл сайын ар кандай темаларды белгилеп алып ошого жараша даярданабыз. Негизги долбоорлордун бири “Пикир көлмөсү” долбоору. 1 айда 2 жолу ар кандай темаларда эксперттерди, адистерди, жоопту кызматкерлерди чакырып аңгеме сыяктуу семинар өткөрүп турабыз. Бул эмне үчүн? Биринчиден, өзүбүздүн мүчөлөрүбүздүн арасындагы биримдикти сактап туруу, экинчиден ар кандай темаларды алмашып туруу. Азыр маалымат заманында жашап жатабыз, ошондуктан маалыматыбызды дайыма жаңылап, ошол темадан баарыбыз кабардар болуп туралы деген максатта...
  • Ар дайым болуп турган долбоорлордон, жыл сайын Рамазан айында замандаштарга ооз ачырабыз. 400гө жакын кишилерди коноктойбуз. Жаңы жылда жолугушуу кечелерин өткөрүп турабыз. Чоң масштабдагы жолугушуулар дагы болуп турат. Жакында 22-январда 400гө жакын мүчөбүз чоң курултай уюштурду, Түркиядан, Казакстандан коноктор келишти. Жакшы маанайда өттү. Туркиядан жыл сайын жүздөгөн студенттер окууларын бүтүрүп келишет. Алардын Кыргызстанда иштешине, адаптация алуусуна жол көрсөтүп берүү үчүн өткөргөнбүз. Андан сырткары, Кыргызстанда жашап жаткан Түркиянын бүтүрүүчүлөрүнүн ынтымагын чыңдоо максаты болгон. Былтыр, 2 жыл болуп калды Түркия бүтүрүүчүлөрүнүн маалымат базасын чыңдоо долбоорун баштаганбыз. Долбоор бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Биз эмнени көздөдүк? 1992-жылдан бери миңдеген окуучулар окуп, билим алып айрымдары мамлекетке кайтып келип жатат, кээ бирлери Түркияда калып калууда. Ал эми айрымдары биздин маалыматтарга караганда, Америка, Африка өлкөлөрүндө жана башка жерлерде жакшы ири компанияларда иштеп жатат. Алардын маалымат базасы такталган. Канча киши окуган, канчасы кайра келди, канчасы окууну бүтүрө албай калган, кайсынысы магистратура программасында окуп жатат бүгүнкү күнгө чейин эч кандай такталбаптыр. Эч кимде жок. Булардын өтө маанилүү экендигин баамдап бул тармак боюнча жигердүү иштерди кылып жатабыз. Биздин жыйынтыктарга караганда, жалпысынан 1992-жылдан бери 6000ден ашуун кыргыз жараны Түркияда билим алган, ошонун жарымы гана Кыргызстанда жашап, иштеп жатат. Калгандары же Түркияда, Россияда же дагы башка мамлекеттерде. Бул жерде орчундуу бир маселе, башка мамлекеттер сыяктуу чет жерде билим алган жарандарыбызга программа жүргүзүп, атайын иш ордулары боюнча шарт түзүү керек деп ойлойм. Башка мамлекеттер ушундай өнүгүу жолуна киришкен. Японияда болобу, Түркияда болобу, азыр мына Казакстанда “Болачак” деген программа бар сырттан мамлекеттин эсебинен окуп келген жаштар мажбур түрдө өлкөсүнө келип мамлекетке иштеп беришет. Ошолордун ичинен тажрыйбасы мол болгон жаштар мамлекеттикк жооптуу кызматтарга келет. Бул жарандар мамлекеттин иштерин өнүктүрүүгө салым кошушат. Бизде ушул система дагы эле иштеп чыга элек, студенттерди жиберебиз, жыл сайын 120 киши стипендия алып кетип жатат. Келгендер боюнча эч кимдин кабары жок. Ошондуктан бул жерде баса белгилегим келет, эгер мамлекетибиз өнүксүн, мамлекеттик чиновниктер өз ишин сүйгөн жаштардан болсун десек анда чет өлкөдө окуган жаштарды өз кучагыбызга тосуп алып, аларга иш берип шарт түзүү керек.


Тектеш кабарлар