Өлкөдө 23 - Апрель майрамдалууда

23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынын  104  жылдыгынан улам борбор шаар Анкарада парламенттеги Ататүрк эстелигинин алдында азем өткөрүлдү.

2131003
Өлкөдө  23 -  Апрель майрамдалууда
numan kurtulmus 23 nisan anitkabir.jpg
kapadokya 23 nisan.jpg
kapadokya 23 nisan.jpg
23 nisan anitkabir.jpg

 Өлкөнүн төрт тарабында  23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы майрамдалууда.

23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынын  104  жылдыгынан улам борбор шаар Анкарада парламенттеги Ататүрк эстелигинин алдында азем өткөрүлдү.

Аземде Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Ататүрктүн эстелигине кызыл жана ак гвоздикалардан турган гүл чамбар койду.

Нуман Куртулмуштун жетекчилигиндеги мамлекеттик кызматкерлер да Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү коюлган Аныткбрда өткөрүлгөн аземге катышты.

Аныткабрдын аатйын дептерине кол жазмасын калтырган Куртулмуш : «Республикабыздын экинчи кылымынын Түркия кылымы болушу үчүн болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз»,- деди.

Билим берүү министри Юсуф Текин да мугалимдер жана окуучулар менен Аныткабрды зыярат кылды.

Текин атайын дептерге «Улуу Ататүрк, сизден алган илхам жана элибиздин күчү менен бул бейишибиз болгон мекенди дагы да өнүктүрүүдө чечкиндүүбүз»,- деп жазды.

Невшехирдин туристтик борбору Кападокияда эрте менен учкан ысык аба шарлары  23 -  Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы үяүн түрк желектери менен учту.

Ошондой эле өлкөнүн бардык облустарында майрам кубанычтуу майрамдалууда.



Тектеш кабарлар